Нарын шаарынын мэри Р.Адиев шаар кире беришине орнотула турган арканын долбоорун тез арада иштеп чыгуу жагын тапшырды

2015-жыл ичинде Нарын шаарынын кире беришине жаӊы үлгүдɵгү арка орнотулаары күтүлүүдɵ. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Учурда шаардын кире бериши аталган «Кара бүк» аймагындагы 2 илбирстин жанына арка орнотуу иштери пландалып, шаар жетекчиси Р.Адиев, тиешелүү кызмат адамдары менен бирдикте, объект орун алчу жер менен таанышып келди.

Сапардын жүрүшүндɵ мэр тез арада арканын долбоорун иштеп чыгуу жагын шаар архитекторлоруна милдеттендирди.

Белгилей кетсек, арканы куруу иштери демɵɵрчүлɵрдүн жардамы аркылуу жаз айлары менен башталат, ал эми долбоорлук баасы 10 млн.сомго чейин болот.

  

Добавить комментарий