НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ ЭМИЛБЕК АЛЫМКУЛОВДУН ЭЛ АРАЛЫК КАРЫЛАР КҮНҮНѲ АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КУТТУКТООСУ:

Урматтуу калкыбыздын кадырман карылары! Тɵрдүн кɵркү, үйдүн куту болгон аксакал аталар, ак элечек апалар!

Сиздерди бүгүнкү улгайган адамдардын күнү менен Нарын шаардык мэриясынын жана ɵзүмдүн атымдан чын жүрɵгүмдɵн куттуктайм!

Бул күн расмий майрам катары Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчылыгы тарабынан 1990-жылы белгиленсе, уюткулуу кыргыз элинде эзелтеден эле карыларга урмат-сый кɵрсɵтүлүп, алардын жашоодогу орду, акыл кеби жаш муунга үлгү катары бийик аздектелип келген.

Сɵз кадырын билген кɵсɵм кыргыз элинде «карысы бардын-ырысы бар», «карынын кебин капка сал» деген накыл кептер бекеринен айтылбаган. Себеби ар бир доордун, мезгилдин улуу мууну ɵздɵрүнүн турмуштук бай тажрыйбасы, кɵрɵгɵчтүгү, наабаттуу кеби, нарктуу жүрүм-туруму менен аксакал аталып, артындагы жаш муунга ɵрнɵк болуп берген эмеспи.

Бүгүнкү биздин заманыбызда дагы жаштыгын, билимин, эмгегин коомдун ар кыл тармактарын ɵнүктүрүүгɵ арнап, ɵлкɵбүздүн, элибиздин тиреги болгон аксакал аталарыбыз, апаларыбыз бар. Биз алар менен сыймыктанабыз жана аксакалдарыбызга таазим этип, колдон келишинче күн сайын урмат-сый кɵрсɵтүүгɵ милдеттүүбүз.

Урматтуу кадырман карылар! Силердин ак батаӊар, акыл кебиӊер, кɵрсɵткɵн жолуӊар менен элибиздин келечегине даӊгыр жол ачылат деген ишеничтемин!

Сиздерге бекем ден соолук, узун ɵмүр, үй-бүлɵлүк бакубат жашоо, бактылуу карылык каалайм! Ар бир үйдɵ тɵрдүн кɵркү, үйдүн куту аксакал аталарыбыз, ак саамай апаларыбыз бар болсун!

Добавить комментарий