Нарын шаарынын мэри Э. Алымкуловдун Энелер кунуно куттуктоосу

Майрамыңыздар менен, урматтуу өмүрдүн шамы, жашообуздун тиреги, коломтонун куту болгон кутман Энелер!

Сиздерди бүгүнкү Энелер күнү-жаркын майрамыңыздар менен Нарын шаардык мэриясынын жана өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Дүйнөдө Энелер бар үчүн адамзатынын тукуму уланып, наристелер балалык бакыттын даамын татып келет. Эненин баласына болгон сүйүүсүнө, мээримине эч бир сүйүү тең келе албайт. Апаларыбыздын ак сүтүнөн наар алып, «алдей» ырынан дүйнөнү таанып, эч кимде жок мээримине бөлөнүп, адам катары, инсан катары калыптанганбыз. Апалар өзүнүн баласы үчүн отко күйгөнгө, сууга чөккөнгө, керек болсо өзүнүн жүрөгүн сууруп бергенге даяр башкача жаралган жан. Мусулман элинде «Эненин баскан жери бейиш» деп бекеринен айтылбаган чыгаар.

Эненин бир мүнөттүк толгоосун, кирпик какпай өткөргөн бир түндүк мээнетин, бир тамчы ак сүтүн акташ үчүн өмүр бою жонубузга көтөрүп өтсөк да аздык кылат.   Аялзаты-эне болуу бактысына ээ болгондугу менен бактылуу, ажарлуу, мээримдүү жана сүйкүмдүү.

«Бешик терметкен кол дүйнөнү башкарат» дегендей, Каныкейдей, Курманжан даткадай акылгөй, сабырдуу, кең пейил, көсөм энелерибиздин кеп-кеңеши менен кыргыз эли кыйын күндөрдө мамлекеттүүлүгүн, улуттук ар-намысын жоготпой, кылымдарды карыта жашап келген. Бүгүн да андай апаларыбыздан, Кыз Сайкалдай, Жаңыл Мырзадай намыскөй кыздарыбыздан уучубуз куру эмес. Алар үй-бүлөсүнүн гана жарыгын жандырып, балдарына тарбия берүү менен чектелбей, коомубуздун ар кыл тармактарында эмгектенүү менен өлкөбүздүн, шаарыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө, улуттук нарк-насилибиздин муундан муунга улануусуна татыктуу салымдарын кошуп келишет.

Дүйнө  жүзүндөгү көп өлкөлөрдө буга чейин эле Энелер күнү майрамдалып келсе, Кыргызстанда 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембиси Энелер күнү катары ар жылы белгилене баштаганы кубандырат.

Өлкөдө энелердин статусун жана ролун жогорулатуу, Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн абалына жалпы коомчулуктун жана мамлекеттин көңүлүн бурдуруу максатында, ошондой эле эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен түзүлгөн бул майрамдын мааниси зор экендигин дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет.

«Энелер бизге берген биринчи белек-бул өмүр, экинчиси-мээрим, үчүнчүсү түшүнүү» деп,-Донна Брауэр аттуу философ таамай айткан экен.  Демек, энелер балдарына өмүрү өткөнчө белек тартуулайт.  Энеси бар адам-бактылуу адам.

Ардактуу асылзаада Энелер! Ал эми биз дагы Сиздерди күн сайын урматтоого, майрамдарда гана эмес ар бир күнү жакшы тилек арнап, белек тартуулоого милдеттүүбүз! Сиздерге кандай белек берсек, кандай мактоо айтсак дагы аздык кылат.

Дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун! Жүзүңөрдөн бакыттын нуру өчпөй, балдарыңардын урмат-сыйына бөлөнүп, ден соолукта, бакубат, узак өмүр сүрүңүздөр, урматтуу кутман Энелер!!!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий