Нарын шаарынын мэри 150 балага белектерди тапшырды

Бүгүн 26-декабрда, Нарын шаарындагы №5 Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинде Нарын шаарынын мэринин балдарга арналган балатысы болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Бул шаардык деӊгээлдеги балаты майрамына  карата балдар жомок каармандарынын кийимдерин кийип келишип, атайын даярдаган ырларын ырдап, бийлеп, ошондой эле иш чаранын эӊ негизги  бɵлүгү — Жаӊы жылдык белектерди тапшыруу аземин чыдамсыздык менен күтүп турушту.

Ѳз кезегинде шаар мэри Р.Адиев балдарга бактылуу балалык, окууларына ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап, 150 балага жаӊы жылдык белектерди тапшырды.

Балаты майрамы Нарын шаардык маданият бɵлүмүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган «Беш манжа» аталыштагы жомок жана иш чара ɵтүп жаткан мектептин таланттуу окуучуларынын концерттик программасы менен коштолду.

Белгилей кетсек, мэрдин белектерин даярдоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 80 миӊ сом акча каражаты каралган.

  

Добавить комментарий