Нарын шаарынын негизделиши жөнүндө

Нарын шаарынын негизделиши жөнүндө

 

Колпаковский генерал Хан КарымшакТурдуке баатыр

генерал-губернатор                              Хан Карымшак                                            Турдуке баатыр

А.Г.Колпаковский

А.О.Дюгамель

генерал губернатор

А.О.Дюгамель

ХIХ-к. I-II-жарымына байланышкан Кыргызстандагы орчундуу тарыхый окуялардын баш себеби болуп, 1635-1758 ж.ж. чейин 100 жылдан ашык азыркы Кыргызстан жана ага жанаша жайгашкан аймактарды дээрлик басып турган Калмак хандыгы тууралуу тархый окуяларга тыкыс байланыштуу деп эсептөөгө болот. Себеби: ушул Калмактардын кызылкыргынына чыдабаган 40 уруу кыргыздар тарыхчы-окумуштуу С.Аттокуровдун “Кыргыз санжырасы” деген эмгегинде баяндалгандай азыркы Ала-Тоону Ашым бий уулу Боогачы баатыр башында турган чериктерге аманат катары таштап, азыркы Тажикстандын Куляб деген жерине чейин жер которууга мажбур болгондугу кызыктуу. Ошондон кыргыз-казак элинде  “казак кайыӊ сааганда-кыргыз кулябга кире качканда”-деген макалы ошол кылымдан бери, эки элдин тарыхын тактаган далилдердин бири катары айтылып келе жатат.

Окумуштуулар белгилегендей 1757-1758-ж.ж. Кытай цин бийлиги Калмак хандыгын түп тамырынан бери кыйратып “миллиондон ашык калмактарды” кырып жоюп, таажикстанда жүргөн кыргыз урууларына Ала-Тоосун бошотуп беришкен. Ошол Кулябда 100 жылдан ашык жашап сан жагынан көбөйүп калган кыргыз уруулары алы-шайына жараша Тажикстандан Кыргызстанга көчүп келип жер-сууну ээлөөсү менен ХIХ-к. болуп өткөн орчундуу тарыхый окуялар башталат. Бул кыргыздардын алыстан көчүп келүү процесси дагы кайгылуу болуп ишчара 20-25-ж. созулуп алдуу күчтүү бугу уруусу көлдүн малжанга ылайыктуу тескей бетин, сарбагыш уруусу көлдүн кү ӊгөй бетин, солтолор иле дайрасынын боюн, саяктар кетментөбөгө жайгаша башташкан.

Кээ бир ооз эки тарых булактары жогорудагы уруулардын азыркы кездеги башка урууларга караганда сан жагынан көптүгүн, ушул окуялар менен дагы түшүндүрүп келет. Калмак хандыгынын ошол “катуудан касан-жумшактан күл” калган заманында кыргыз жеринде калган Боогачынын уулдары Карагул баатыр менен Онтогор хан ж-а анын уулдары Ногой м-н Кончой кыраандар, Токтобай бий м-н Тоймат-шер, Ырысбай м-н Сазан баатырлар башында турган нарындык кыргыздар окумуштуу С.Аттокуров белгилегендей “кеси келсе колуна курал алып, калмактар м-н карчылдашып турган” тарыхый окуялары азырынча калыс окумуштуулар тарабынан тарых китептерине жазыла элек.

Жүз жылдан ашуун калмактар м-н катар жашап кээ бир учурларда салгылашып саны жагынан такыр эле асайып калган чериктердин баатыр уулдарын азыркы кыргыз тарыхына окумуштуулардын жаса албаган эки себеби бар. Биричиси: карачериктерден бөлүнүп калган башка кыргыз уруулары 100 жылдан ашуун бөтөн эл бөтөн жерде жашап келгендиктен окумуштуулардын ар тарыхты толук билбегендиги, экинчиси: ошол тарыхты жазып келе жаткан окумуштуулардын арасындагы уруучул жана урукчулдук деген түшүнүк. Чериктердин калмак баскынчылары м-н жалгыз калган далилдеринин бири окумуштуу С.Аттокуров белгилегендей кытайдын “Си-Юй-ту-чжи” маалыматында Кытай аскер башчысы (Чжао Хой-К.Б.) 1759-ж. Тоймат-Шер (Юмат) башында турган буруттарга Чыгыш Түркестан, Ак-Сай, Арпа аймагынан жолуккандыгы кызыга турган окуя. Окумуштуу ж.б. тарых сүйүүчүлөр белгилегендей болжолу 1648-ж. тажик жергесине калмактардын чапкынына чыдабай кеткен кыргыз уруулары жогоруда белгилегендей 1774-1784-ж.ж. Ала-тоосуна көчүп келип жайгашкандан кийин, биз белгилеп кеткен ХIХ к. I-II жарымында жашаган Тайлак, Ажыбек, Турдуке, Карымшак, Зор-Калча, Боромбай, Балбай, Ормон, Төрөгелди, Адыл, Үмөталы, Жангарач, Жантай башында турган кыргыз уруу башчыларынын арасындагы тарыхый окуялар байма-бай башталат. ХIХ к. I-II жарымында Нарындан Кашкар чебине чейин жашаган чериктердин калмактарга каршы жасаган эрдиктери, Ала-Тоосун таштап кетпегендиги калган 40 уруу кыргыз бийлери тарабынан калыс бааланып, окумуштуу С.Аттокуров ж.б. белгилегендей “чериктердин бийлерине жамбаш менен каржилик кошо тартылып, курултайларда алардын бийлери биринчилерден болуп сөз сүйлөп келишкен” дейт. Тарыхта «Ѳөк барак» деген энчилүү ат менен белгилүү болгон бугунун беги Боромбай бабабыздын “Көл менен Нарын” боз үйдүн туурдугу менен кийизиндей жакынбыз деп таштап кеткен сөзү эске келип, Нарын менен Каракол шаарларынын негизделгендиги жөнүндөгү тарыхка кайрылып көрөлү. 1843-ж. кыргыздар биринчи жолу хан шайлоо курултайын көлгө өткөрүп ага: бугудан Боронбайдын, кушчудан Бүргөнүн, чериктен Ажыбектин, сарбагыштан Ормондун кандидатууралары хандыкка коюлат. Олуя Калыгулдун кебин жерге таштабаган Ажыбек баатыр хан көтөрүү курултайдын башчысы болуп шайланат. Буга көз салып турган Бүргө анда мен куралдаш досум Ажыбек м-н биргемин деп курултайдын мүчөсү болот. Көп күндүк талашып-тартышуудан кийин Ажыбектин калыстыгы же ӊип Ниязбек уулу Ормон кызыл тебетей кийет. Кыргыз тарыхы ошон үчүн: хан Боромбай, хан Бүргө, хан Ажыбек, хан Ормон деп атап калышкандыгы ошондон деп мен чебер санжырачы Ороз болуш кызы Калыйчадан уккан кабарым бар. Ошондуктан айтылуу акын Арыстанбек Буйлаш уулу:

Баатырлар кийген бариктен,

Бар шайманы келишкен.

Турдуке, Калча. Эшимбек,

Тулпарын байлап элирткен.

Катуу-Багыш, Кашкардан

Хан Ажыбек келиптир

Калыӊ тууган чериктен деп ырга салганы жалпы кыргызга белгилүү. Мына ушул хан шайлоо курултайында куттуктоо сөз алган нарындык Эшкулу-олуя замандашы Ормонго карап: “хан тукумун кайырчы дейт-каадасын билбей эл башкарса эли журту айылчы дейт” кызыл тебетей кийди ӊиз аксак менен тексекке бирдей болу ӊуз деген экен. Бирок, тарых белгилегендей Ормон Ниязбек уулу андай болбой олуя айткандай эл оордунан козголуп тентигиндиги чындык. Хан шайлоодогу окуялар кө ӊүлүндө калган Боромбай окумуштуу Н.А.Аристов белгилегендей 1844-жылдын август айынан баштап жашыруун Омск шаарындагы орус төрөлөрү м-н байланыштарын күчөтүп кат жаза баштаган. Бул ж.б. бугулардын орустарга карата байланыштары 1854-ж. Ормон баштагандарга белгилүү болуп, көлдүн тескейин кошо ээлеймин деген максаты ишке ашпай “жалдуу барак” Ормон колго түшүп, Боромбай, Сарт аке ж-а саяк Алыбектин бүтүмү м-н Балбай тарабынан өлтүрүлгөн. Ормондун ашы м-н пишпекте камакта жаткан Төрөгелди баатырды күтүп калган сарбагыштар кол топтоого киришкен. Булар тууралуу кабардар болгон бугулар орустарга 1855-ж. 17.01. акыркы элчилерин жиберип, сарбагыштардын кыргынынан сактап калууну өтүнүшкөн. Бирок окумуштуулар белгилегендей бул эчилик ысыккөлгө жакшы кабар алып келген эмес. Ормон хандын “көлдү үч айланта чапсын деген” кереез кеби боюнча, 1855-ж. жайында Ысык-Көлдөгү сарбагыш, бугу, саяк чо ӊ чабышы башталган. Чабыш өтө эле ырайымсыз болуп, белдүү кыргыз баатарлары көз жумуп, мал м-н эл кырылып тарыхта белгиленгендей жолборс чапкан Балбай баатыр бир чапканда эле 200 ашык саяк уруусундагы кыргыздарды жок кылып койгон.

Арадан сегиз жылдай убакыт өтүп көлдө болуп жаткан бир боолорунун чо ӊ чабышы нарындык черик кыргыздарын тынчын алган. Бугу, сарбагыш, саяк арасында жокчулук м-н ууру-бөрү көбөйгөн. 1863-ж. эрте жазда Нарындан-Кашка чебине чейинки зор аймакты ээлеп 6000 түтүн эли бар Турдуке баатыр м-н хан Карымшак Ак-Сайдагы Көл-Төр деген жерге курултай уюштуруп Какшаалдан Чо ӊбагыш, Дөрбөлжүндөн Басыз, Курткадан чоросаяктар чакырылат. Курултайдын жыйынтыгы м-н Турдуке баатыр м-н хан Карымшакка баш ийгендер Санк-Петербургда турган Орусия Падышасына кат жолдогон. Кат Ала-Тоо округунун генерал-губернатору А.Г.Колпаковский м-н Батыш Сибир генерал-губернатору А.О.Дюгамельге жеткен. Дюгамельдин 23-апрелде Орус Ѳкмөтүнүн Вице-канцлерине жазган катында чериктерди орустарга кошуп алуу маселеси о ӊ чечилсе анда биздин таасирибиз Кашкар чебине чейинки бүткүл кыргыз урууларына таркайт, айрыкча сарбагыштар үчүн чериктер үлгү болушу мүмкүн деп баян кылышкан.

Ошол эле жылдын 21-майында Санк-Петербургда турган кинязь Горчаков Турдуке м-н Карымшак баштаган Нарындык каракыргыздардын өтүнүч каты Орус императору тарабынан колдоого алынгандыгын сүйүнчүлөп Дюгамельге телеграмма берген. 1863-ж. 13.10. Омск шаарына келген Батыш Сибир генерал-губернатору А.О.Дюгамель Нарындык кыргыздардын Орусияга кошулгандыгы жөнүндө Мамлекеттик иш чара өткөрөт. Бул иш чарага Орусиянын билимдүү адамдары, орусия армиясынын штабында кызмат кылган жогорку чиндеги кызматкелер ж-а кээ бир казак султандары катышкан. Иш чаранын аягында Кашкар чебинен Нарынга чейинки зор аймакты Кыргызстанга алып калгандыгы үчүн Орус Ѳкмөтүнөн Турдуке баатыр Чо ӊ Алтын медаль, 1-даражадагы баркыт чапан, хан Карымшак Чо ӊ Күмүш медаль, 1-даражадагы нооту чепкен ж-а чериктердин дагы төрт чо ӊ манаптары 1-даражадагы нооту чепкендер м-н сыйланган. Тарыхый маалыматтарга таянсак 1864-ж. 23.09. Орусиядан генерал Мединский менен кытайдан комиссар Шаа башында турган эки мамлекеттин ишенимдүү адамдары Чугучак эл аралык келишими аркылуу Орус-Кытай чегин аныктап, азыркы Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Торугарт-Ашуусу эки мамлекеттин чек ара сызыгы болуп аныкталган.

Ал эми ошол жылдын күз айынан баштап бул чек ара тилкеси орус-казак жүздүктөрү, ми ӊдиктери тарабынан кайтаруусу улам-улам күчөтүлө баштаган. Ошентип кыргыз элинин биримдиги үчүн жан аябай кызмат кылган Турдуке м-н Карымшактын эли м-н жери экиге бөлүнгөн. Турдуке баатыр башында турган Торугарттан Кашкар чебине чейинки черик, чо ӊбагыштар а дегенде Кашкар ханы Жакыпбек-Бедөөлөт м-н кийин бул бийлик кулаганда Кытай мамлекетине, ал эми Торугарттан Нарын-Долонго чейинки черик, басыз ж.б. майда кыргыз уруктары Орусия мамлекетине баш ийип калышкан. 1866-ж. Алма-Ата шаарында турган генерал-губернатор А.Г.Колпаковский Көк-Жон жайлоосунда турган хан Карымшакка келип, Торугарт-Ашуусуна чукул пограничник колхозу жайгашкан жерге “аскер чеби” м-н “аскер бейтапкана” кура турганын билдирген. Карымшак хан башында турган Эшкулу, Баястан, Орус, Татыбек, Матай бийлер чептин атбашыга курула тургандыгына каршы чыгышкан. Карымшак ж.б. черик бийлеринин сунушун эске алынып, Орус төрөсү эртеси ээн турган Нарын дайрасынын боюна Карымшак болуп келип стратегиялык мааниге ээ ээн турган аймакты жактырган болучу. 1867-ж. Санк-Петербургдагы орус императору башында турган бийлик төбөлдөрү нарындык Карымшак хан башында турган чериктер тууралуу кабардар болуп, ошол кездеги кыргыздардын борбор шаары Токмокко “Черик болуштугун” түзүшкөн. Муну менен кыргызстанда саясий бийлик бекемдеп, башкаруунун административдик-аймактык органы түзүлгөн. Черик болуштугун башкарып турган Орус төрсөү А.Колпаковский м-н хан Карымшакка кеминде турган Шабдан м-н көлдө турган Чыныбай баатырлар дагы баш ийип турушкан. Натыйжада 1868-ж. азыркы Нарын ш. нак ортосунда жайгашкан №2025 чек ара аскер бөлүгү турган жерге “Нарын аскер чеби”, облустук оорукана турган жерге “Нарын аскер бейтапканасы” ал эми нарын дайрасына “Нарын аскер асма көпүрөөсү” курулуп Нарын шаары негизделген.

Окумуштуулар Ѳ.Осмонов, Токторбек Ѳмүрбектегин, Тынчтыкбек Чоротегиндердин эмгектеринде 1868-жылы Нарын м-н Каракол аскер чептери курулуп бүтүп, бул аталыштагы шаарлар ушул жылы негизделгендигин эмгектеринде тастыкташкан. Нарындыктардын 1863-ж. орусияга кошулгандыгы ушул эле иш чаралар м-н токтоп калбайт. Э ӊ негизгиси Ормон хандын керээз кеби боюнча Ысыккөлдө 1855-1870-ж.ж. чейин болуп жаткан бугу, сарбагыш, саяк чо ӊ согушу орус аскерлеринин күчү м-н бара-бара басылып, текес кыяс, кытайга чейин тентиген элдер черик Чыныбай баатыр бийликке келгени ысккөлгө толук көчүп келип, тынчтык өкүм сүргөн. Бул согушта мал м-н жандын кырылгандыгы К.Ачикеевдин “Тилекмат” деген чыгармасында толук жазылган. Эмне үчүн кызыл тебетей кийген Ормонду Боромбай баштаган улуу инсандар өлтүргөн. Аларды: көсөм жол башчы, коомдук саясий ишмер деп таоого болобу. Ормон хандын кереез кеби боюнча болгон согушту “геноцид” деп атйбызбы же чечмелөө керекпи деген эгемендүүлүктүн суроосу бар. Эмне үчүн ханды өлтүрүшкөн, эмне үчүн хан башы м-н элдин биримдигин ойлобой ушундай кереез кеп таштаган. Эмне үчүн нарындык кыргыздарда “ханга кайыр айтпайт, ханга кол көтөрбөйт деген” Ажыбек менен Зор-Калча баатырдын кебин эмдигиче эстериенен чыгарышпайт. Муну чечмелөө керек. 2010-ж. 14.10. Кыргыз Туусу гезитиндеги “Геноцид Кыргызстанда болгон эмес”-деген макала мындайча чечмеленген: “геноцид-бул белгилүү бир атайын топко, анын расасына, улутуна, этникалык тобуна, диний ишенимине жараша биротоло кырып жок кылууга аракет кылуу сыяктуу, адамзатка каршы э ӊ оор кылмыштардын бир түрү”-десе.

Ушул түшүнүк илимде жана дүйнөлүк практикада төмөнкү формаларда болоору такталган: 1.Белгилүү этникалык азчылыктын өкүлдөрүн максаттуу түрдө биротоло кырып жок кылууга багыталган массалык кыргын; 2.Белгилүү этникалык топ үчүн атайылап оор жашоо шарттарын түзүү аркылуу, алардын толугу же бөлүк-бөлүгү м-н биротоло жок болушуна, кырылышына максаттуу аракет кылуу деп көрсөткөн.

Негизи эле Нарындан Кашкарга чейинки мейкиндикти же тактап айтканда кесегинде Уйгур-Кыргыз, Кытай-Кыргыз чегин кайтарып келе жаткан Карагул баатыр м-н Онтогор хандын, Тоймат шер м-н Сазан баатырлардын уулдары Ажыбек, Зор-Калча, Турдуке, Карымшак, Атамбек, Бошубек ж.б. улуу инсандардын тарых таржымалы тарыхчы окумуштуулар тарабынан совет жана азыркы эгемендүүлүк мезгилдеринде жазылбай дагы, такталбай дагы келе жатышы өтө эле өкүнүчтүү. Эгерде бул улуу инсандардын Кыргыз-Журту үчүн жасаган ак иштери такталып, да ӊталып кыргыз тарыхына байчачакейдей жарыкка чыга турган болсо анда Боромбай, Балбай, Ормон, Төрөгелди, Адыл, Үмөтаалыга окшогон тарыхый инсандардын абройу түшүп калат деген кептин чындыгы барбы. Ошон үчүн тарыхчы-окумуштуулар жасбай келе жаткандыгы чындыкпы. 1863-1963-ж.ж. чейинки тархты кесегинде тактап жүргөн тарых илимдеринин кандидаты Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы Т.У.Усубалиев башында турган республиканын жетекчилиги ж-а тарых жаатында эмгек кылган ошол кездеги окумуштуулар “Кыргызстандын Россиянын курамына кошулгандыгынын 100 жылдыгы” боюнча Мамлекеттик иш чара өткөрүп, Кыргыз ССРи Ленин ордени м-н сыйланган. Бул ж.б. тарыхый маалыматтар азыркы эгемен Кыргыз тарыхында “Кыргызстан Россия империясынын ж-а ССРдин курамында” деген темада жазылбаганы чындык. Негизи эле 1863-ж. Нарындан-кашкарга чейинки чериктер Россиянын курамына өз ыктыяры м-н киргендигин кандай кылып тактап, тастыктап, ал эми азыркы Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл ж-а Нарын облустарындагы крулган бардык айыл-кыштактар, завод-фабрикалар, илим-билим ж.б. толуп жаткан Кыргызстандын жетишкендигин Россиянын колдоосу м-н болгондугун кыргыз тарыхына киргизиш керек. “Кыргызстан Россия империясынын ж-а ССРдин курамында” деген теманын башында 1785-жылы Атаке бий, 1855-жылы Боромбай бийдин жазган каттары алардын кыргыздарга карата аткарган эмгектери такталып жазылып, ал эми 1863-жылкы Турдуке м-н Карымшактын эмгектеринин ичи чыкпай улуу инсан хан Карымшактан дайын жок. Буга эмне себеп, тарыхты толуктай турган маалыматтар абдан көп. Анда эмне үчүн Т.У.Усубалиев башында турган тарыхчылар 1785 жыл м-н 1855-жылдагы маалыматтарды колдонуп “Кыргызстандын Россиянын курамына кошулгандыгынын 100 жылдыгы” деген мамлекеттик иш чара өткөргөн эмес же бул калыстык м-н чынчылдыкты көздөгөн ошол кездеги окумуштуулар азыркылардай уруучул ж-а урукчул болгон эмеспи. Карт тарых мындай белгилейт: “Куртка чебинин беги Мамыразык Турдуке м-н хан Кармышактын көтөрүлүшүн басып туруу үчүн эки жыл боюу Анжиян бегинен 700 кошумча сарбас сурап турганга мажбур болгон” деп окумуштуу Ч.Валиханов жазыптыр. Биз анда Атаке м-н Шабданды эмнеге баатыр дейбиз дагы черик Турдуке м-н Карышакты бий деп аташыбыз керек. Мындай уруучул ж-а урукчул көрүнүштөр 2003-ж. Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык иш чарасында дагы чо ӊ катачылыктар м-н кайталанган. Русская Америка гезити “двадцать два века: молодость древней земли” деген гезиттин 11-бетиндеги кыргыздардын таралышы боюнча тартылган бак-даракка окшош сүрөткө жазалган 40 уруунун арасында черик уруусун атайын эле кошпой коюшун эмне менен баалоого болот. Бул гезит убагында кайсыл гана өлкөгө тарабады дейсиз. Бул гезит м-н Кыргыз Мамлекеттүүлүгү ж-а “Манас” элдик эпосу деген чыгармада бүт эле өздөрүнүн ата-тегин жазып сүрөттөрүн тартып мактанып алышкан. Негизи эле каракыргыз элинде Ѳлкө башчы м-н Ѳлкөнүнү Окумуштуулары уруунун баласы эмес улуттун баласы болуш керек деген накыл кеби бар эмеспи! Кыргыз Мамлекеттүүлүгү ж-а “Манас” элдик эпосу деген чыгармага дагы бир жолу кайрыла турган болсок кесегинде 14 к. азыркы Кыргызстандын аймагын ж-а ага жанаша жайгашкан Ташкенден-Могол тоосуна чейин  жерге ээлик кылып, Моголстан мамлекетин 1331-жылы Ата-Башы (Кошой-Коргон) шаарында туруп башкарып, айтылуу Аксак Темирдин 20 ми ӊ колунан Ала-Тоосун коргоп кармашып, 1390-жылы каза болгон Кыргыз башкаруучусу, эмир Баймурат хандан дайын жок. Мындай боло берсе анда жаш акын Аалы Туткучовдун казак туугандарга мактанган ырындагы биз кыргыздар “Моголстандын жапайы токой арыстандарыбыз” деген кебин жалганга чыгарабызбы. Негизи эле обу жок мактаныш м-н сокур намыстан алыс болуш үчүн “Кыргызстандын Россиянын курамына ыктярдуу кошулгандыгы ж-а Каракол м-н Нарын шаарынын 1868-жылы негизделгендиги” боюнча Эл аралык илимий практикалык конференция облустун борбору Каракол менен Бишкек шаарында өткөрүлсө нарындыктар дагы катышсак, бир кыйла кыргыз тарыхы такталып калат эле. Бири: Нарын м-н Каракол 1867-жылы, бири 1868-жылы, бири 1869-жылы негизделген деп жаташат. 2013-ж. 25.09. Нарын ш. негизделгендигинин 145 жылдыгы боюнча КРѲнүн Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты м-н С.Нааматов ат. НМУ биргелешип эл аралык илимий-практикалык конференция уюштуруп эмгек Известия вузов журналынын №5,2013 санына чаккан. Ал эми 17-сентябрда болсо Нарын шаарынын негизделгендигинин 145 жылдыгын Ѳкүлчүлүктүн ж-а коомчулуктун күчү м-н өткөрүп алдык. Биз ушундан пайдаланып Нарын шаарынын негизделгендигинин 145 жылдыгын өткөрүүдө чын ыкласынан колдоо көрсөткөн КР Жогорку Ке ӊешинин депутаты Карганбек Самаковго узун өмүр, ишине ийгилик каалап кетмекчибиз!!!

 

            Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

            Бокоев Каныбек Сейтакунович, байланыш т: 0550 281087;

 

 

Добавить комментарий