НАРЫН ШААРЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫ ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАӉЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕКТЕРИНЕ ЭЭ БОЛУШТУ.

Бүгүн Нарын шаарынын орто мектептеринин беш окуучусу Кыргыз Республикасынын Президентинин жаӊы жылдык белектерине ээ болушту.

Алар жаӊы жыл алдында ɵздɵрүнүн каалоо-тилектерин билдирип Аяз Атанын ордуна Президентке кат жазышкан.

Ѳлкɵ башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын бардык аймактарындагы кат жазган балдардын тилектерин орундатып, ɵзүнүн белектерин салып жиберген. Алардын арасында теӊир тоолук окуучулар да бар.

Белектерди Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов тапшырып, балдарга кеӊ келечек, окууларына ийгилик каалады.

Добавить комментарий