НАРЫН ШААРЫНЫН ОРТО МЕКТЕПТЕРИНИН ОКУУЧУЛАРЫ ТУРГУНДАРДЫ ШААРДЫ ТАЗА КАРМООГО ҮНДӨШӨТ

Нарын шаарында «Биз таза шаар үчүн!» аталыштагы акция өткөрүлүүдө. Бул тууралуу  мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Тазалык акциясын уюштуруу демилгеси Нарын шаардык билим берүү тармагы тарабынан көтөрүлүп, бүгүн, 12-майда анын расмий ачылышы болуп өттү. Тазалыкка үндөгөн чакырыктарды көтөргөн шаардагы сегиз орто мектептердин окуучулары Нарын шаарынын борбордук аянтына тизилип, “Тазалык шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга” деп чакырык салып турушту.

Иш чаранын катышуучуларына шаар башчысы Э.Алымкулов, шаардык Кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов чыгышып, окуучулардын шаардын тазалыгына кайдыгер карабай, пайдалуу демилге көтөрүп, коомдук жумуштарга активдүү катышып жаткандыгына жакшы баасын беришип,  мындай бирдиктүү акциялар келечек муунду эмгекке тарбиялоодо, патриоттуулукка үндөөдө оң натыйжасын бере тургандыгын белгилешти.

Колуна тазалоо иштерин жүргүзүүгө керектүү шаймандарды көтөргөн орто мектептердин ыктыярчылары  шаардын “64” аймагынан баштап “Жаңы-Жол” аймагына чейинки борбордук көчөнү тазалап, бактарды акилеп чыгышмакчы.

Ошондой эле акциянын жүрүшүндө ар бир мектеп өзүлөрү даярдап чыккан тазалыкка үндөгөн баракчаларын шаар тургундарына таратып, элди тазалоо иштерине  кошулуусун үндөшөт.

Тазалык акциясынын соңунда чогултулган таштандылар белгиленген жерге үйүлүп, “Таза-Нарын” ишканасынын кызматкерлери тарабынан чыгарылып кетет. Ал эми тазалык акциясынын уюштуруучулары баштаган ишти татыктуу өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

 

Добавить комментарий