Нарын шаарынын «РТС» аймагына мекеме кызматкерлер ишембиликке чыгышты

Бүгүн Нарын шаарынын мэри Р.Адиев баштаган топ  Нарын шаарынын «РТС»  аймагындагы  Чыгыш  көчөсүнөн орун алган суу каналын тазалоо үчүн ишембиликке чыгышты.

Тазалоо иштери кышкы мезгилге камылга кɵрүү  максатында ɵткɵрүлүп, ага шаардагы мекеме, ишканалардын кызматкерлери катышышты.

Кышкысын таштандыга, ыплас нерселерге толгон каналдан аккан суу каналдын боюндагы үйлɵрдү каптап, муз тоӊуп кыйынчылык жаратып келген.

Ал эми каналды капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча ӨКМнин Нарын шаарындагы бɵлүмү тарабынан долбоор даярдалууда.

Белгилей кетсек, тоонун этегинен Нарын суунун жээгине чейинки каналдын узундугу  6-7 чакырымды түзөт. Тазаланган 1,5 чакырымы таштандыга ɵтɵ толгон участок болуп эсептелингендиктен мекеме, ишканалардын кызматкерлердин жардамы керектелди.

   

Добавить комментарий