НАРЫН ШААРЫНЫН РТС АЙМАГЫНА ТҮНКҮ ЖАРЫК КОЮЛУП, БАЛДАР АЯНТЧАСЫ КУРУЛУУДА

Нарын шаарында шаардын 150 жылдык мааракесине жана «Аймактарды ɵнүктүрүү жылына» карата мерчемделген долбоорлор улантылууда.

Бүгүнкү күндɵ Бириккен Улуттар Уюмунун ɵнүктүрүү программасынын 1 миллион 375 миӊ сомдук каржылоосу менен РТС жана Шаркыратма аймактарына 82 даана заманбап түнкү чырактардын түркүктɵрү орнотулуп, электр монтаждоо иштери жүрүп жатат. Долбоорду иш жүзүнɵ ашыруу «Таза Нарын» ишканасынын жумушчулары тарабынан жүргүзүлүүдɵ.

Ошондой эле БУУнун ɵнүктүрүү программасынын 1 миллион 630 миӊ сомдук колдоосу менен РТС аймагына балдар аянтчасы курулууда. Аянтчанын айланасы темир торчолор менен курчалып, отургучтар, балдар ойноочу атракциондор коюлуп, түнкү жарык менен камсыз болду. Курулуш ишин «Нарынстройкурулуш» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүп жатат.

Буюрса, жакынкы күндɵрдɵ бул эки саамалык шаар элине белек кылынмакчы.

Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы.

Добавить комментарий