НАРЫН ШААРЫНЫН РТС АЙМАГЫНДА БАЛДАР АЯНТЧАСЫ АЧЫЛЫП, ТҮНКҮ ЖАРЫК ЖАНДЫРЫЛДЫ

Жакында Нарын шаарынын РТС, Шаркыратма чɵлкɵмдɵрүндɵ заманбап түнкү чырактар жандырылса, бүгүн, 26-декабрда Нарын шаарынын РТС аймагына курулуп жаткан балдар аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болду.

Бул иштер Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата мерчемделген 17 инфратүзүмдүк долбоорлордун ичине кирет.

РТС аймагынын тургундарынын муктаждыктарын канааттандыруу максатындагы бул эки долбоор үчүн сырттан инвестиция тартылып, Бириккен улуттар уюмунун «Нарын облусун комплекстүү ɵнүктүрүү» программасынын каржылоосунда ишке ашты.

Балдар аянтчасынын жалпы сметалык баасы 1 миллион 630 миӊ сомду түзүп, 435 миӊ сому ɵздүк салым катары марафондун эсебинен алынса, 1 миллион 195 миӊ сому же 73 пайызы БУУнун «Нарын облусун комплекстүү ɵнүктүрүү» программасынан каржыланды. Курулуш ишин «Нарынстройсервис» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүздү.

Анын негизинде шаардын муниципалдык менчигиндеги 2000 чарчы метр жер тосулуп, брусчатка тɵшɵлүп, түнкү жарык, отургучтар, чоӊ адамдар машыгуучу жана балдар ойноочу инвентарлар коюлуп, эс алууга ыӊгайлуу шарт түзүлдү. Жаз алды менен бак-дарактарды отургузуу, жашылдандыруу иштери колго алынмакчы.

Ал эми түнкү жарык коюу долбоорунда аталган программа аркылуу 1 миллион 375 миӊ сомго зарыл болгон курулуш материалдары алынып, «Таза Нарын» ишканасынын ширетүүчү цехинде жасалып, 82 даана түнкү жарык түркүктɵрү менен орнотулду.

Ачылыш аземде Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов бул иштер менен РТС аймагынын элинин муктаждыктары аз да болсо чечилип калгандыгын, тротуар салуу, мектеп, бала бакча куруу маселелери да жергиликтүү бийликтин кɵӊүл борборунда экендигин белгиледи.

Иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов бүткɵрүлгɵн жайдын элге акжолтой болуусун тилек кылып, бул иштерди жүзɵгɵ ашырууга кɵмɵк кɵрсɵткɵндүгү үчүн Бириккен улуттар уюмунун ɵкүлдɵрүнɵ ыраазылык билдирди.

БУУнун ɵкүлдɵрү жана РТС аймагынын тургундары да каалоо тилектерин жолдоп, эми бүткɵрүлгɵн ишти жакшы пайдаланып алуу керектигин белгилешти.

Иш чарада БУУнун «Нарын облусун комплекстүү ɵнүктүрүү» программасынын менеджери Бакытбек Шерипбаевге, аталган программанын финансылык ассистенти Руслан Акматовго жана «Нарынстройсервис» ЖЧКнын башкы директору Илимбай Бекташовго Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин Ыраазычылык каттары тапшырылды.

 

Добавить комментарий