Нарын шаарынын РТС чɵлкɵмүндɵгү суунун басымын жогорулатуу үчүн кошумча тереӊдетилген насос орнотулууда

Нарын шаарынын РТС чɵлкɵмүндɵгү суунун басымын жогорулатуу үчүн кошумча тереӊдетилген насос орнотулууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Б.Жапаралиев атындагы паркынын этегиндеги көзөнөккɵ (скважина) насос орнотуп, 250 метр жерге суу түтүгүн тартып чыгаруу үчүн, электрощит, хлорлоочу жай, кароолчунун имаратын жабдыктары менен курууга жана хлорлоочу аппарат алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 474 миӊ 200  сом акча каражаты бɵлүнүп берилди.

Жогорудагы иш аракеттерди аткаруу милдети Нарын суу-канал ишканасына тапшырылып, учурда кошумча насосту негизги суу түтүкчɵгɵ кошуу үчүн белгиленген жерди касуу жумуштары башталып, үч бɵлүктɵн турган (кароол үчүн, склад, хлорлоочу бɵлмɵ) чакан хлорлоочу жай курууга 12 метрлик контейнер түшүрүлүп, курулуш иштери жүргүзүлүүдɵ.

Белгилей кетсек,  бул  иш аракеттер калкты таза суу менен камсыз кылуу, РТС аймагындагы жашоочулардын кɵйгɵйүн чечүү жана суунун басымын жогорулатуу максатында жасалууда.

Аталган иш аракеттер  сентябрь айына чейин бүткɵрүлүп, ошол аймактын элине кызмат кɵрсɵтүп баштайт.

Добавить комментарий