НАРЫН ШААРЫНЫН СПОРТ КҮЙӨРМАНДАРЫ ҮЧҮН МЫКТЫ ШАРТТАР ТҮЗҮЛДҮ

Сүйүнбек  Бекмамбетов  атындагы Нарын шаардык олимпиадалык  резервиндеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби капиталдык оңдоодон өтүп, кайрадан ачылды.

Спорттук мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 2 млн 154 миң сом акча  каражаты жумшалды .Мунун ичинен 660 миң сом  жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары бөлүнгөн.Бул каражатка  спорт мектебинин имаратына капиталдык оңдоо жүргүзүлүп,талапка ылайык жууну чай ,даараткана  салынып,жылуулук системасы киргизилди.

 

 

 

 

 

Мектепте 15 машыктыруучу эмгектенип,спорттун оор атлетика,эркин күрөш, таэквондо түрлөрү менен уландарды жана кыздарды даярдап, спорттук мелдештерге катыштырып келет.

 

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Добавить комментарий