Нарын шаарынын Тɵш-Булак аймагындагы Т.Насырбеков атындагы канаттык- бугулдук жолунда «Нарын кышы -2014» майрамы ɵткɵрүлдү

22-февраль күнү шаарыбыздын Тɵш-Булак аймагындагы Т.Насырбеков атындагы канаттык-бугулдук жолунда «2014-Мамлекеттүүлүктү бекемдɵɵ жылына» жана 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнɵ карата кыш майрамы ɵткɵрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирди.
Кыш башынан бери үчүнчү ирээт белгиленип жаткан иш чаранын кезеги Нарын шаардык мэриясы тарабынан уюштурулду.
Быйылкы кыш майрамы жылдагыдан ɵзгɵчɵлɵнүп, спорттук мелдештердин түрлɵрү жана ага коюлган сыйлыктардын кɵптүгү менен айырмаланды.
Иш чарага Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлчүлүгүнɵн ɵкүлдɵр, шаар мэри Б.Жээналиев, вице-мэр жана шаардык мекеме, ишканалар жамааттары менен, шаар тургундары жана орто мектептердин окуучулары катышышты.
Ал эми шаардык маданият бɵлүмү тарабынан тартууланган чакан концерт, жаӊырган шаӊдуу музыка эс алып жаткандардын маанайына маанай кошту.
Жыйынтыгында 69 спорт мелдештеринин жеӊүүчүлɵрүнɵ сыйлыктар тапшырылып, активдүү катышуучуларга ыраазычылык билдирилди.

Добавить комментарий