Нарын шаарынын Туусу бекитилди.

2018-жылдын 28-майында Нарын шаардык Кеӊешинин IV чакырылыштагы кезектеги XVI сессиясынын №7-Токтому менен Нарын шаарынын Туусу жана Жобосу бекитилди.

Нарын шаардык Кеӊешинин Нарын шаарынын Туусун жана Жобосун бекитүү жɵнүндɵгү Токтому Нарын шаардык Кеӊешинин Регламентинин, Нарын шаардык мэриясынын Нарын шаарынын Туусуна сынак ɵткɵрүү боюнча комиссиясынын корутундусунун жана сынактын жыйынтыгынын негизинде, туруктуу комиссиялардын кошмо отурумунун протоколунун чечимине ылайык кабыл алынды.

Анын негизинде Нарын шаарынын Туусу шаардын аймагындагы расмий эн белги катары аныкталып, сынактын жеӊүүчүсү Рахатбек уулу Эркин тарабынан сунушталган үлгү бекитилди.

Нарын шаарынын Туусу жɵнүндɵгү Жобого ылайык, Нарын шаарынын Туусу Нарын шаарынын символдорунун бири болуп эсептелет.

Нарын шаарынын Туусунун сыпатталышы жана расмий пайдалануу тартиби ушул Жобо аркылуу белгиленет.

Нарын шаарынын тургундары жана меймандары Нарын шаарынын Туусун урматтоого милдеттүү.

Туунун узундугу-1,5 метрди, туурасы-0,9  метрди, ортодогу эмблеманын диаметри-0, 50 метрди түзɵт.

Чечмелениши: Желектин кɵк фону-Бүткүл аалам, ортодогу түндүк-Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символу, ал эми түндүктүн ичиндеги ак мɵӊгүлүү аска-зоолор жана андан агып түшкɵн суу –Нарын дарыясын жана тоолуу Нарын шаарын түшүндүрɵт.

Желектин жалпы мааниси: Бүткүл ааламдагы Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана улуу дарыялуу бир бурчун билдирет.

Нарын шаарынын Туусу Нарын шаарынын мэринин, Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасынын жана шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилеринин иш бɵлмɵлɵрүндɵ, мэрия менен кеӊештин имараттарынын мерчемдүү жерлеринде дайыма орнотулуп (коюлуп) турат.

Нарын шаарынын Туусу Нарын шаарына тийиштүү салтанаттуу иш чаралар ɵтүп жаткан жерлерге орнотулушу (коюлушу) мүмкүн.

Нарын шаарына ыйгарылган орден, медалдар шаардын Туусуна жайгаштырылат (тагылат).

Тытылган, же ɵӊү ɵчүп калган Нарын шаарынын Туусун пайдаланууга, менчигинин түрүнɵ карабастан коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын желектери Нарын шаарынын Туусуна окшош болуусуна жол берилбɵɵсү шартталат.

Нарын шаарынын Туусун жаӊы вариантка алмаштыруу же болбосо ɵзгɵртүү жана толуктоолорду киргизүү Нарын шаардык Кеӊешинин депутаттарынын үчтɵн экисинин макулдугу менен ишке ашырылат.

Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы.

 

 

Добавить комментарий