Нарын шаарынын футбол ышкыбоздору үчүн сүйүнүчтүү жаңылык

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына  карата,  31-август күнү Нарын шаарынын борбордук стадионунун аймагында 2 кичи футбол аянтчалары бүткөрүлүп, расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Ага облус, шаар жетекчилиги, КР транспорт жана жол министри З.Айдаров, спорт күйөрмандары, шаар тургундары катышышты.

Нарын шаардык мэриясы тарабынан кичи футбол аянтчаларын курууга жер тилкелери бөлүнүп берилген. Сметалык баасы ар бири 50 миң, жалпы 100 миң АКШ долларын талап кылган кичи футбол аянтчалары Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы тарабынан каржыланды.

Пайдаланууга берилип жаткан спорттук  аянтча спорттун футбол боюнча түрүн өнүктүрүүгө жана Нарын шаарынын футбол ышкыбоздорунун машыгууларына кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

Добавить комментарий