Нарын шаарынын чыгыш аймагындагы «Эски РТС» чөлкөмүндө 650 түтүн жашоочу ичүүчү таза суу менен камсыз болду

Нарын шаарынын  «Эски РТС» чөлкөмүндөгү  650  түтүн  ичүүчү таза суу менен камсыз болушту. Суу берүүчү көмөкчү чордонун оңдоо Human Apple International эл аралык коомдук фондунун колдоосунда ишке ашырылды.

Бүгүн  31-октябрда аталган суу башатынын кызыл тасмасын кесүү аземи, ЖКнын Депутаты Алмаз Баатырбеков, Нарын шаарын мэри Рахат Адиев жана Human Apple International коомдук фондунун Кыргызстандагы өкүлү Али Айоубдун катышуусунда болуп ɵттү.

Шаардагы эӊ кɵйгɵйлүү маселелердин биринин чечилишине колдоо кɵрсɵткүндүгү үчүн мэр Р.Адиев Али Айоуб жетектеген кайрымдуулук коомуна шаарыбыздын ички маселелерин чечүүгɵ  кɵптɵгɵн жардам кɵрсɵтүп келгендиги үчүн  ыраазычылык билдирип Нарын шаардык мэриясынын Ардак грамотасын тапшырды.

Белгилей кетсек, аталган аймакка суу чыгаруу үчүн 4 млн 250 миң сом акча каражаты жумшалган.

 

Добавить комментарий