Нарын шаарынын Шаркыратма аймагындагы көпүрө оңдолду

Нарын шаарынын Шаркыратма аймагындагы жашоочулардын кайрылуусунан улам көпүрө оңдолду.  Нарын шаардык мэриясы аталган аймактын көпүрөсүн бетон менен жаңыртып оңдоп берүү милдетин алып, бүгүн 31-октябрда мэр Р.Адиевдин жеке кɵзɵмɵлүндɵ кɵпүрɵ оӊдоо иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, бул аймактагы көпүрөнүн эскилиги жетип, жашоочулардын, ɵзгɵчɵ ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, ошондой эле унаалардын каттамындарын түйшүккө салып келген.

   

   

Добавить комментарий