Нарын шаарынын эли көмүр-отуну менен камсыз болду

Бүгүн, 11-январда Нарын шаарына 150 тонна көмүр тартылып келип сатылууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Нарын шаарында уюшулган көмүр-отун базаларынын бири болгон борбордук базарда көмүр отундун тоннасы 3 миң 500, мешогу 200 сомдон сатылып, шаар эли көмүр менен камсыз болду.

Кечке чейин дагы 150 тонна көмүр-отундун Нарын шаарына  келүүсү күтүлүүдө.  Ал шаардын “Жаңы-Жол” аймагындагы топ базага түшүрүлөт.

Добавить комментарий