Нарын шаарынын №4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинде профессор Турдалы Турсуналиев атындагы англис тили кабинети ачылды

Бүгүн шаардык №4 Э.Ибраев атындагы орто мектепте филология илимдеринин кандидаты, профессор Турдалы Турсуналиев наамындагы англис тил кабинети ачылып, лентасы кесилди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева маалымдайт.

Салтанаттуу иш чарага Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлү А.Кайыпов, шаардык Кеӊештин тɵрагасы Э.Турсуналиев, шаар мэри Б.Жээналиев, профессордун жакын туугандары жана башка чакырылгандар катышышты.

Жетекчилер ɵз сɵзүндɵ Т.Турсуналиевдин жараткан илимий эмгектери, англис тилинин ɵнүгүшүнɵ кошкон зор салымдарын баса белгилеп, аталган класс кабинетин заманбап ремонт иштерин жүргүзүүгɵ кɵмɵк кɵрсɵткɵндүгү үчүн уулдарына жана бир туугандарына ыраазычылык билдиришти.

Ошондой эле иш чаранын жүрүшүндɵ келген коноктор тарабынан класс-кабинетке белектер тапшырылып, уулдары тарабынан кабинетти жабдып берүү убадаланды.

Т.Турсуналиевдин ɵмүрлүк жолу, чыгармачылыгы жалпыга тааныштырылгандан соӊ, иш чара аталган мектептин окуучулары тарабынан даярдалган англис тилиндеги концерттик программа менен улантылды.

Белгилей кетсек, профессор Кыргызстанда алгачкылардан болуп эл аралык – англис тилин ɵздɵштүрүп, 30дан ашуун монографиялык эмгектерди жараткан.

Ал эми, класс кабинеттин ремонт иштерине профессордун уулдарынан жана жакын туугандарынын атынан 50 000 сом акча каражаты жумшалган.

Добавить комментарий