НАРЫН ШААРЫНЫН №9 А.САДЫКОВ ОРТО МЕКТЕБИНДЕ 3 МЛН. СОМГО ЧУКУЛ АКЧА КАРАЖАТЫНА РЕМОНТ ИШТЕРИ ЖУРҮП ЖАТАТ

Нарын шаарындагы №9 А.Садыков орто мектебинде 2 млн. 989 мин 453 сомго ремонт иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Имараттын полун тактайлап, терезе, эшиктерди алмаштыруу иштерин тендерден утуп алган  “СМР-С” ЖЧКсы ишке ашырууда. Каржылоонун 2 млн. 241 миң сому — мамлекеттик үлүштүк (дем берүүчү) грант болуп эсептелет, ал эми 747 миң 300 сом – өздүк салым.

Маалымат үчүн айтсак, Ак-Коргон аймагындагы дүкөн катары курулуп жаткан имарат 1992-жылы жашоочулардын суроо-талабы менен орто мектепке өзгөртүлүп, толук эмес тогуз жылдык болуп ачылган. 1998-жылдан бери жалпы бирим берүүчү орто мектепке айланып, 2003-жылы ага Филология илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын мүчө корреспонденти Абдыкадыр Садыковдун ысымы берилген.

Аталган мектепте 500 гө чукул окуучу билим-тарбия алууда. Имараттын чатыры, жылуулук системасы, суу түтүктөрү жана башка оңдоп-түздөө иштери буга чейин жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана эл аралык уюмдардын колдоосу аркылуу ишке ашкан.

Добавить комментарий