Нарын шаарынын 1-вице-мэри А.Суранов теӊиртоолуктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Урматтуу Нарын шаарыбыздын тургундары, меймандар!

Жер жарылып, табият ойгонгон мезгилде, жылуу желдин деми жүрөктү жылытып, жагымдуу маанай жараткан, элибиздин улуу тарыхы менен бирге кылым карыткан, жаз күнүндөгү жаркын Нооруз майрамы менен Нарын шаарынын мэри Жээналиев Баатырбек Сагындыковичтин, Нарын шаардык Кенешинин депутаттарынын жана жеке ɵзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын.

Нооруз майрамы берекенин, сабырдуулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн, кубанычтын, тазалануунун, мээримдүүлүктүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам. Эзелтенден Нооруз жаратылыштын жаңырышы, кышкы ызгаардан соң жаздын келиши, жаңы тириликтин башталышы катары кабыл алынып келген.

Нооруз майрамында элибизди тынчтыкка, ынтымакка, биримдикке, ак эмгекке чакырган аруу каалоо тилектерди айтуу менен ушул кубанычтуу майрам жергебизге тынчтык, токчулук алып келсин,  Нооруз күнү жаралган ыйык жана таза сезимдер эч качан өчпөсүн.

Урматтуу Тенир-Тоолуктар!

Нооруз майрамы биздин жүрөгүбүздү кубанычка, жылуулукка, ишенимге жана турмуштук күч кубатка толтура берсин, алдыбыздагы турган милдеттерди аткарууда ишибизди ийгиликтер коштоп, элибиздин үмүт тилектери акталып, ушул жылы өлкөбүз, анын ичиндеги Нарын  шаарыбыз онугуп оссун.

Бул күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин!

Дагы бир жолу Нооруз майрамыңыздар менен!

Добавить комментарий