Нарын шаарынын 147 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 17-сентябрда Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында Нарын шаарынын 147 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткɵрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Майрамдык иш-чараны шаар мэри Р.Адиев ачып, шаар тургундарын Теӊир-Тоонун борбору — Нарын шаарынын туулган күнү, негизделишинин 147 жылдыгы менен куттуктап, Нарын шаары мезгил ɵткɵн сайын жашарып, кɵркүнɵ кɵрк кошулуп, жашылданып, ɵнүгүп-ɵсүп, дүйнɵ элдерин кызыктырган туристтик шаарга айланышына тилектештигин билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар «Менин сүйүктүү шаарым» темасында асфальтка сүрөт тартып, ушул эле темада  окуучулардын сүрөт сынагы менен дил баяндар сынагынын жыйынтыктары чыгарылып, жеӊүүчүлɵр атайын белектер менен сыйланышты.

Мындан сырткары шаар тургундарынын арасында чуркоо, аркан тартыш мелдештери өткөрүлдү. Салтанат концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, майрамдын алкагында уюштурулган сынак жана спорттук мелдештердин жеӊүүчүлɵрүн сыйлоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 25 миӊ сом акча каражаты жумшалды.

Добавить комментарий