НАРЫН ШААРЫНЫН 150 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА «ЫР КЕСЕ» ѲТКѲРҮЛДҮ.

Быйылкы «Региондорду ɵнүктүрүү жылына» жана Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата Нарын шаарындагы билим берүү мекемелери ортосунда «Ааламга жол айылдык мектептерден башталат» темасынын алкагында «Ыр кесе» маданий иш чарасы ɵткɵрүлдү.

Шаардагы билим берүү мекемелеринин бардыгы бул иш чарага активдүү катышып, жайгашкан ордуна жараша «Чыгыш», «Ортоӊку» жана «Батыш» чɵлкɵмдɵрүнɵ бɵлүнүү менен Ыр кесени бири-бирине ɵткɵрүп беришти.

Катышуучулар «Саламдашуу», «Ѳнɵр ээси-мугалим», «Биз аймакты кантип ɵнүктүрɵбүз?, «Бийле, бийле эже-агай», «Эстрада жылдыздарын даӊазалайбыз» жана Нарын шаарынын 150 жылдык тарыхын чагылдырган «Эски, жаӊы жана азыркы Нарын» темасын чагылдырган номерлер аркылуу ɵз ɵнɵрлɵрүн тартуулашты.

«Ыр кесенин» жыйынтыгы 26-май күнү чыгарылып, биринчи орунга «Чыгыш», экинчи орунга «Ортоӊку», үчүнчү орунга «Батыш» чɵлкɵмүнүн билим берүү мекемелеринин ɵнɵр ээлери татыктуу болуп, шаардык билим берүү бɵлүмүнүн Ардак грамоталары жана Ыраазылык каттары менен сыйланышты.

Ыр майрамдын жыйынтыктоочу концертине катышкан Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова иш чара жогорку деӊгээлде ɵткɵрүлгɵнүн, билим берүү тармагында абдан таланттуу адистер эмгектенээрин, «Ыр кесе» шаардын 150 жылдыгына арналган  мааракелик иш чаралардын башаты болгондугун белгилеп, катышуучуларга ыраазылык билдирди.

Мыкты деп тандалган номерлер «Ыр кесенин» облустук турунда кɵрсɵтүлүүгɵ мүмкүнчүлүк алды.

 

 

Добавить комментарий