Нарын шаарынын 2014-жылдагы социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнүн жыйынтыктары жɵнүндɵ маалымат

2014-жылда Нарын шаарынын социалдык-экономикалык жактан ɵнүгүүсүн аныктаган негизги тармактарында стабилдүүлүк жана ɵнүгүү тенденциясы басымдуулукка ээ болду.

Ѳнɵр жай. Экономика, ɵнɵр-жай тармагы боюнча 2015-жылдын 1-январына карата 623млн.668 миӊ сом ɵнɵр жай продукциялары ɵндүрүлүп, физикалык кɵлɵмүнүн индекси  106,3пайызды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 40 млн. 500 миӊ сомго ашыкча продукция ɵндүрүлгɵн  (2013-жылы 583 млн.168 миӊ сом).

Чекене товар жүгүртүүнүн кɵлɵмү 1млрд. 796 млн. сомду түзүп,  107,6 пайызга аткарылды,былтыркы жылга салыштырмалуу 126 млн.449 миӊ  сомго ɵсүш берди. (2013-жылы 1 млрд. 669 млн. сом).

Калкка акы алып кызмат кɵрсɵтүүнүн кɵлɵмү 569,9 млн. сомго аткарылып,111,5 пайызды түзүп, же былтыркы жылга салыштырмалуу 59 млн.  215 миӊ сомго ɵсүш берген. (2013-жылы 510 млн. 681 миӊ сом).

2014-жылы шаар боюнча жүк ташуучу транспорттун бардык түрү менен жүк ташуу ɵткɵн жылга караганда 101,3 пайызга аткарылып, 270,8 миӊ тн. түздү. Ал эми, жүргүнчүлɵрдү ташуу 3 422,1 миӊ жүргүнчү ташылып, ɵсүш темпи  103,3 пайызга аткарылды. Транспорттун бардык түрү менен жүргүнчүлɵрдү ташуунун жүгүртүү кɵлɵмү 70596,6 миӊ жүргүнчү км.же 2013-жылга салыштырмалуу ɵсүш темпи 107,4 пайызды түздү. (2013-ж. 65 746,7 миӊ жүргүнчү км.)

Салык тармагы. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджети салык жана салык эмес кирешеси менен жалпы 2014-жылга карата план 80142,0 миӊ сомду түзүп, план тапшырма 80509,4 миӊ сомго аткарылып 100,5% түздү.

2014-жылга карата мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаардык башкармалыгына салык чогултуу боюнча 128808,6 миӊ сом план тапшырма берилип, ал 132655,6 миӊ сомго аткарылып, же 103 пайызды түздү, башкача айтканда 3847 миӊ сомго кɵп салык жыйналды.

Анын ичинен республикалык бюджетке 64483,6 миӊ сом план тапшырма берилип 67378,0 миӊ сомго, же 104,5 пайызга, ал эми жергиликтүү бюджетке 64322 миӊ сомго план берилип 65277,6 миӊ сомго аткарылып 101,5 пайызды түздү. Башкача айтканда ,2013-жылга салыштырмалуу  жалпысынан жергиликтүү бюджет 8350,3 миӊ сомго ашык аткарылган. Жалпы салыктардын бюджетке түшүүсүнүн ɵсүү темпи 118 пайызды түздү. 2014-жыл ичинде ишкердүүлүк кылууга ыктыярдуу патент боюнча 6170,0 миӊ  сом план тапшырма берилип, 6470,6 миӊ сомго аткарылып, же 104,9 пайызды түздү, милдеттүү патенттен 465,0 миӊ сом план-тапшырма берилип,  682,7 миӊ сомго аткарылып, же 146,8 пайызды түзгɵн.

Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгынан 1961,1 миӊ сом ɵндүрүлүп берилген план тапшырма 116 пайызга  жана короо-жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгынан 479,6 миӊ сом ɵндүрүлүп план 171,3 пайызга аткарылган.

Сатуудан алынуучу салыктан бюджетке 37598,4 миӊ сом ɵндүрүлүп план тапшырма 112,9 пайызга аткарылды. Салык карыздарын ɵндүрүү боюнча 2014-жыл ичинде бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, «Чыгышэлектро» ААКна салык карыздар үчүн эки жолу салык посту коюлуп 800 миӊ сом бюджетке ɵндүрүлдү, үч мекеме-ишкананын эсеп счетуна 676,5 миӊ сомго салыктык тɵлɵм талабы коюлуп, 457 салык карызын тɵлɵɵ боюнча 10830,7 миӊ сомго тɵлɵɵ чечим берилип жыйынтыгында 14016,0 миӊ сом   салык бюджетке ɵндүрүлдү.

Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгы  тарабынан 2014-жылдын 12 ай ичинде 37 чарбалык субьектилерге кɵчмɵ салык текшерүүлɵр жүргүзүлүп, натыйжада кошумча мамлекеттик бюджетке 629,6 миӊ сом ɵндүрүлүп, 6344,6 миӊ сомдун материалдары регионалдык соттун аппеляциялык кароосунда турат.

2014-жылга  Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу ɵнүгүү программасы боюнча «Жол картасына» 2014-жылга жалпысы 2млрд 527 млн 198 миӊ сомдук 77долбоорду ишке ашыруу пландаштырылып  2014-жылда бардыгы   41 долбоорго жалпысынан алганда 833,6 млн. сомго  мамлекеттик жана жеке инвестициялар тартылып иш алынып барылды. Алардын негизгилери:

  • Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын неврология бɵлүмүнүн жаӊы имаратынын курулуш иштери улантылууда, сметалык баасы 59 млн. сом;
  • Шаардык бассейиндин курулушу башталып бүгүнкү күнгɵ карата 6 млн сомдук иштер аткарылды, сметалык баасы 13 млн 785 миӊ сом ;
  • Шаардын ыплас сууларын тазалоочу жай республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренесине киргизилип, 2014-жылга 5 млн. сом каралып,  сметалык долбоору даярдалууда, сметалык баасы 228 млн. сом.
  • Шаардын башкы суу алуучу жайынын курулушун бүткɵрүү жана Бишкек-Торугарт автожолунун  351-355 чакырымындагы водоводдорду алмаштыруу боюнча  2014-жылы республикалык бюджеттен 5 млн сом бɵлүнүп курулуш иштери башталды;
  • Борбордук Азия Университетинин курулуш иштери улантылып, бүгүнкү күндɵ 723,2 млн сомдук иштер аткарылууда, сметалык басы 25 млн доллар;
  • Кыздардын Кыргыз-Түрк лицейин курулушу боюнча 23,7 млн сомдук иштер аткарылды, сметалык баасы 3 млн доллар;
  • Пескоблок жана брусчатка чыгаруучу цехтин курулушу бүткɵрүлдү, сметалык баасы 1 млн сом;
  • Шаардын борбордук от жагуучу жайына жаӊы Россиялык кɵмүр от казаны орнотулду, сметалык баасы 3,6 млн сом;
  •  «Б.Жапаралиев» паркы 470,0 миӊ сомго толук реконструкциядан ɵткɵрүлдү;
  • «Тайлак-Баатыр» скверинин айланасы 140,0 миӊ сомго тосулуп Жаӊы-Жол аймагына  273,0 миӊ сомго жаӊы сквер жазалды;
  • Таштанды салуучу 50 контейнер жана 122 урна 412,0 миӊ сомго жазалып шаардын ар кайсы жерлерине коюлду;
  • Шаарды түнкү жарык берүүчү фонарлар менен камсыз кылуу жана дюрелайт менен кɵп кабатту үйлɵрдүн беттерин кооздо иштери аткарылып буга жергиликтүү бюджеттен 1 млн сомдон ашык акча каражат жумшалды;
  • Шаардын Арал аймагына Хюман Эйпил Интернейшнл эл аралык уюмунун жардамы менен таза суу чыгаруу иштери бүткɵрлүүдɵ, сметалык баасы  688,0 миӊ сом;
  •  «Алты Муун» менчик бала бакчасы курулуп ишке берилди, сметалык басы 10,0 млн сом;
  • Заманбап «Чолпон» соода борбору жеке ишкер Б.Аттокуровдун демилгеси менен курулуп, толук ишке берилди, сметалык баасы 25 млн. сом;
  • Шаардын эски мончосу жеке ишкер Т.+мүралиевдин демилгеси менен толук реконструкциядан ɵткɵрүлүп ишке берилди, сметалык баасы 12 млн сом;
  • Жеке ишкерлердин демилгеси менен Жаӊы ресторандын курулушу башталып, бүгүнкү күндɵ 10 млн сомдук курулуш иштери аткарылды, сметалык баасы 42 млн сом;
  •  «Сɵӊ-Кɵл» соода түйүнүн курулушу жеке ишкерлер тарабынан башталып, бүгүнкү күндɵ 5 млн сомдук курулуш иштери бүткɵрүлдү, сметалык баасы 50 млн сом;

Муниципалдык менчик багытында. Бүгүнкү күндɵ Нарын шаары боюнча 67 обьект жана инфраструктура Кыргыз Республикасынын +кмɵтүнүн 1998-жылдагы №827 токтому менен муниципалдык менчике берилген. Аларга мектептер, бала бакчалар, спорт мектептери, шаардык мончо, УКСтын имараты, автомектеп, шаардык суу канал жана жылылуук ишканаларынын имараттары жана 39 инфраструктуралар (жолдор, парктар, скверлер, суу алуучу жайлар, от каналар, ж.б) кирет. Учурда шаар боюнча 720 жер аянты, муниципалдык обьектилер арендага берилген.

Шаардык муниципалдык менчик департаментине 2014-жылы муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүү боюнча 2100,0 миӊ сомго план тапшырмасы берилип 2208,9 миӊ сомго аткарылып же 105,2 пайызды түздү. Башкача айтканда жергиликтүү бюджетке 618 миӊ сом ашыкча түшүрүлгɵн. Жер аянттары 2014-жылы сатылбагандыктан жер аянтын сатуунун планы  аткарылбай калган .

2014-жыл ичинде 7 жолу курулуш куруу жана жер пайдалануу комиссиясынын отуруму ɵткɵрүлүп, 124 маселе каралып 52 маселе канаттандырылып 16667,2 ч.м. жер аянты убактылуу ижарага берилген. Муниципалдык менчикке тиешелүү болгон обьектилерди жана ошондой эле жер аянттарын ижарага алып, ижара акысын ɵз убагында тɵлɵбɵгɵн жарандар боюнча сот органдарына 48126,0 сомдук доо коюлуп 40 миӊ сомдук акча каражаты ɵндүрүлдү. Ошондой эле ээси аныкталбаган жер аянттары боюнча Нарын шаардык сотунда каралып, 210 жер участогу Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин балансасына алынды.

Нарын шаарынын борбордук базарын ирээтке келтирүү боюнча комиссия түзүлүп, базардын айланасында Шуллер жана Орозбак кɵчɵлɵрүндɵ башаламан соода кылуучуларды жаӊы бүткɵн заманбап «Он-Арча» жана толук бүткɵрүлгɵн «Чолпон» соода комплекстерине  киргизүү боюнча түшүндүрүү  иштери жүргүзүлүп келди. Бүгүнкү күндɵ «Он-Арча» соода комплексинде  133 адам ал эми «Чолпон» соода комплексининде 247 адам орун менен камсыз болунуп соодаларын жүргүзүүдɵ.

С.Орозбак жана Шуллер кɵчɵлɵрү боюнча автомашиналардын кыймылын ирээтке келтирүү үчүн автомашиналардын токтоочу жайлары уюштурулуп жер тилкелери ижарага берилди.

Мындан сырткары Шуллер кɵчɵсүндɵгү кызыл сызыкта жайгашкан 16 жашыл контейнерлерди алдыруу боюнча соттун чечиминин негизинде муниципалдык менчик департаментине алынып,  жаӊы соода орундарына кɵчүрүү иштери бүгүнкү күндɵ башталды Шаардын муниципалдык менчик департаменти борбордук базардын айланасын ирээтке келтирүү боюнча иштерди  мындан ары да күчɵтүүсү зарыл.

Ошондой эле бүгүнкү күндɵ Нарын шаардык муниципалдык департаментинин ички ресурстары кɵп болсо дагы мекеменин финансылык абалы учурдун талабын канааттандырбай келүүдɵ, башкача айтканда жер аянттарын ижарга берүүдɵ план аткарылып 2208,9 миӊ сом бюджетке түшсɵ, мекеменин жалпы чыгымы  2500,0 миӊ сомду  түзүп , башкача айтканда  291,1 миӊ сомго ɵзүн актабай келүүдɵ.Ошондуктан ɵзүн-ɵзү актаган ,жергиликтүү бюджетке пайда алып келүүчү мекемеге жеткирүү керек.

 Кɵрктɵндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык багытында Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» жана шаардык жашылдандыруу ишканалары тарабынан шаарды кɵрктɵндүрүү, тазалоо боюнча бир катар иштер аткарылды. Алсак шаардагы 17 кɵп кабаттуу үйлɵрдүн сырткы беттери акиленип, кɵчɵ жак беттери түнкүсүн күйүүчү дюралайт менен кооздолуп,  шаардын кɵчɵлɵрүнɵ жана шаардын 4 кире бериш тарабына 74 фонар күйүп ɵчүүчү светильник мамычалары менен орнотулду.

Шаардын санитардык тазалыгын сактоону камсыз кылуу багытында таштанды тɵгүү боюнча 225 точка уюштурулуп, мунун 210 точкасына 295 контейнер коюлуп, ал эми 15 точкасы бетон тосмоолор менен тосулган. Жалпы таштанды чыгаруу боюнча автомашиналардын 9 маршруту түзүлүп, график  менен 2014-жылдын 12 айында 5893 метр куб тиричилик таштандылары чыгарылды. Таштандылар Карга жайлоо участкасындагы таштанды тɵгүүчү жайга тɵгүлүп, жумасына 2-3 жолу трактор  менен түртүү иштери жүргүзүлүп жана шаардын жолдору жуулуп турду. Жыл ичинде таштанды үчүн элден жана мекеме ишканалардан 2813,8 миӊ сом чогултулуп, 416,2миӊ сомго элге кызмат кɵрсɵтүлдү. Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына жергиликтүү бюджеттен 15180,0 миӊ сом каржыланган. Ал эми мекеменин жалпы кызмат кɵрсɵтүүсүнүн кирешеси 3292,7 миӊ сомду түздү. Кыш мезгилине даярдык кɵрүү боюнча 153 тонна инерттик материалдар даярдалып кар жааган мезгилдерде шаардын кɵчɵлɵрүнɵ себилүүдɵ.

2014-жылдын декабрь айында иш кананын аймак башчылары жана контролерлору  шаардык стат бɵлүмү менен бирдикте мал каттоо иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндɵ шаар боюнча ийри мүйзүдүү мал -2082ни, анын ичинен  уй-1135, жылкы-1096, кой-эчки-21856 башты жана канаттуулар 6064 даананы  түздү .

Шаарыбызды таза кармоо максатында  ɵткɵн жылдын апрель айынан баштап ишембиликтер ɵткɵрүлүп, кɵчɵлɵрдү, мекеме-ишканалардын айланаларын, парктарды жана скверлерди кɵрктɵндүрүү, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Алсак, апрель айынан баштап, шаар ичине  3000ден ашык тал-терек, 362 карагайдын кɵчɵттɵрү, кɵчɵ жээктерине жана парктарга тигилди. Мындан сырткары шаардын ичине 20 миӊден ашык гүлдүн кɵчɵттɵрү олтургузулду. Пудовкин скверинин, 64 гүлзарынын, С.Жакыпов паркынын, Ат-Башы круговой гүлзарынын, Чабандес скверинин коруктары жана отургучтары сырдалды.  2 айлык ишембиликтин алкагында 4 миӊ метрден ашык арыктар, ɵткɵɵлдɵр тазаланып, парктардагы, скверлердеги жана кɵчɵ жээгиндеги бактар сугарылды.

Шаардын РТС аймагындагы Б. Жапаралиев атындагы паркы кайрадан толугу менен реконструкциядан ɵткɵрүлдү. Буга жергиликтүү бюджеттен 474,3 миӊ сом каралып натыйжада парктын 483 метр жери тор сетка менен тосулуп, 39,3 миӊ сомго жаӊы насос коюлуп, парктын ичине суу чыгарылып, бактарды сугаруу иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары 24 отургуч, 10 түнкү жарык берүүчү фонарлар, балдар ойноочу горка, круталка ж.б оюнчуктар  орнотулду. Ошондой эле 2835 тал терек жана 30 карагайдын кɵчɵттɵрү отургузулду. Ленин кɵчɵсү боюнча облустук профсоюздардын имаратынан баштап Таалай кɵчɵсүнɵ чейинки арыктарга лоток жаткыруу иштери жаз чыгары менен улантылат. Бүгүнкү күндɵ бул иштер үчүн 423,0 миӊ сомго 288 даана лотоктор алынып келинди.

Жогорудагы аткарылган иштер менен катар шаарды кɵрктɵндүрүү, жашылдандыруу иштеринде айрым  кемчиликтер орун алган. Алсак, шаарда каралбай калган малдар кɵчɵ боюндагы таштанды салынган темир яшиктердин ичиндеги таштандыларды чачып, айлананы булгап жатат.

Шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу  жана ыплас сууларды тазалоо боюнча ɵткɵн жылы бир катар иштер аткарылды. 2015-жылдын 1-январына карата шаардын калкы менен мекеме-ишканаларын таза суу менен камсыз кылуу боюнча 1200,0 миӊ м.3 таза суу берилип, 732 миӊ м3 ыплас суу тазалоодон ɵткɵрүлгɵн. Учурда, Нарын суу канал ишканасынын балансасында жалпы кубаттуулугу 7,92 миӊ м.3 суткалык 3 суу алуучу жай, (Ак-Бечел 6, 0 миӊ м.3 сутка, Батыш 0,9 миӊ м.3 сутка, Теке-Секирик 0,96 м.3 сутка) жана 108,7 км. суу түтүктɵрү, 117 даана суу алуучу колонкалар, кубаттуулугу 6,0 миӊ м.3 сутка ыплас сууларды тазалоочу жай жана узундугу 28,6 км. канализациялык суу түтүкчɵлɵрү бар.

2014-жылы шаардын Тɵш-Булак аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуу боюнча АРИС программасы мэрия менен биргеликте 37 млн. сомдук долбоорду ишке ашырып, (мэриянын үлүшү 10 пайыз) Тɵш-Булак аймагынын калкы толук  таза суу менен камсыз болушту. Бүгүнкү күндɵ шаардын ичиндеги суу түтүкчɵлɵрүнүн кɵпчүлүгү эскилиги жетип, түткчɵлɵрдɵгү жарылуулар жылдан-жылга кɵбɵйүүдɵ. Алсак, ɵткɵн жылы 37 жолу жарылуу болуп, кайрадан калыбына келтирилген.

Шаардагы канализация системасында жыл ичинде 15 жарылуу катталып, толугу менен оӊдолуп түзɵлүп  4,5 км.канализация түтүкчɵлɵрү жуулуп-тазаланды. Ал эми водозаборлор боюнча баардыгы электр жарыгы, телефондор, коӊгуроолор, ɵрткɵ каршы жабдыктар, аптечкалар, сезонго жараша атайын кийимдер, инструмент жабдуулар, фонариктер менен толук камсыз болгон. Азыркы күндɵ абоненттердин саны 8692 түтүндү же 26600 адамды түзɵт.

2015-жылдын 1-январына карата жалпы дебитордук карыз 6313,3 миӊ сомду, ал эми, мекеменин кредитордук карызы 1810,0 миӊ сомду түздү. 2014-жылга суу канализация кызматынан пайдаланган мекеме-ишканалар жана калк менен түзгɵн келишимдерге ылайык план 15250,8 миӊ сом менен кабыл алынып, 14956,6 миӊ сом жыйналып, план 98,1пайызга гана аткарылган. 2015-жылы суу канал ишканасы  мекеменин финансылык абалын жакшыртуу боюнча, кɵрсɵтүлгɵн кызмат үчүн дебитордук карыздарды  чогултуу иштерин күчɵтүү керек.

Мекеменин бүгүнкү күндɵгү эӊ бир кɵйгɵйлүү маселеси техникалары эскилиги жетип, жаӊы техника сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болууда. Бул боюнча КР ЖК депутаттарына, КРѲнɵ кайрылуулар жиберилген. 2015-жылы шаардын элин таза суу менен камсыз кылуу жана ыплас сууларды тазалоо боюнча бир топ приоритеттүү иштерди аткаруубуз зарыл.

Кышка даярдык. Облустун экономика тармагын жана калкын 2014-2015-жылдын күзгү кышкы мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы  ыйгарым ɵкүлүнүн 23.05.2014-жылдагы №148-б буйругу аткарууга алынып Нарын шаардык мэриясынын 3.06.2014-жылдагы №230-б буйругунун негизинде күзгү кышкы мезгилге даярдык кɵрүү боюнча шаардык штаб түзүлүп иш алып барылууда.

Шаардын экономика тармактарын, социалдык обьектилерин жана калкын 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдоо жана кɵмүр-отун менен камсыз кылуу максатында жалпы шаар боюнча 5297 тонна кɵмүр керектеле тургандыгы пландалган. Бүгүнкү күнгɵ карата 5297 тонна кɵмүр тартылып, план 100,0 пайызга аткарылды.

Анын ичинен, Нарын жылуулук берүү ишканасы боюнча: 2700,0 тонна тартылып, план 100,0 пайызга, билим берүү боюнча 80 тонна тартылып, 100 пайызга, саламаттык сактоо 15 тонна тартылып, план 100 пайызга жана элге 2500 тонна тартылып, план 100,0 пайызга аткарылган. Нарын шаарынын элин кɵмүр отуну менен камсыз кылуу боюнча «Кенч строй» ЖЧКсы жана «Шарбон» ЖАКсу менен келишимдер түзүлүп шаардын жети жерине кɵмүр базалараы уюштурулуп тоннасы 3300-3500 сомго чейин сатылып жатат .

2014-жылдын декабрь  жана 2015-жылдын январь айларында КР Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн жардамы менен Нарын шаарына жалпы 2010 тонна кɵмүр отуну тартылып келинип  аз камсыз болгон үй-бүлɵɵлɵргɵ жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 1 тоннадан таратылынып берилди. 2015-жылдын 1-январына карата Нарын шаардык социалдык ɵнүгүү башкармалыгы аркылуу аз камсыз болгон  жана мүмкүнчүлүгү чектелген 546 адамга жергиликтүү бюджеттен 546,0 миӊ сом бɵлүнүп, ар бирине 1000 сомдон акча каражаты кɵмүр отунун сатып алууга берилди.

Кышка даярдык кɵрүү боюнча Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо ɵндүрүштүк бирикмеси тарабынан от жагуу мезгилине 22 откана 4055,9 миӊ сомго (20 откана электр энергиясы, 2 откана кɵмүр) ремонттон ɵткɵрүлүп, бардыгы 82 кɵп кабаттуу турак-жайларды, 31 менчик үйлɵрдү, 19 республикалык бюджеттеги, 17 жергиликтүү бюджеттеги мекемелерди жана 1565 абонентти жылуулук менен камсыз кылууда. 2014-жыл ичинде ишкана тарабынан 25340,9  Гкалория жылуулук ɵндүрүлүп план 105,9 пайызга аткарылган. Ишкананын 2015-жылдын 1-январына карата дебитордук карызы 26675,2 миӊ сомду түздү.

Анын ичинен:

-республикалык бюджеттеги  мекемелер-4569,8 миӊ сом

-жергиликтүү бюджеттеги мекемелер-9462,7 миӊ сом

-калк-11163,3 миӊ сом

-башка керектɵɵчүлɵр-1479,4 миӊ сом

Жогорудагылардын негизинде ишкана 2015-жылы жылуулуктун жоготууларын азайтуу, элдин тɵлɵмдɵрүн кыскартуу жана электр энергиясы кымбаттагандыгына байланыштуу кээ бир отканаларды кɵмүр менен жылытууга  ɵткɵрүү боюнча иштиктүү чараларды кɵрүүсү керек. Ишкананын бүгүнкү күндɵгү орчундуу маселеси  «Чыгышэлектр» ААК ишканасына карызы 75 689,6 миӊ сомду түзүп, мунун ичинен электр энергиясы үчүн 24937,3 миӊ сом, үстɵгү (пениясы) 50752,4 миӊ сом болууда. Ишкананын жетекчилери жогорку органдарга кайрылуу менен ушул маселени чечүү боюнча иш алып баруусу зарыл.

Энергетика тармагы. Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан 2013-2014-жылы накталап ремонттоо иштерине план боюнча 1814,6 миӊ сом каралып, 3457,2 миӊ сомго ремонт иштери жазалып, план 190,5 пайызга аткарылган.

Ал эми, учурдагы оӊдоого 1038,4  миӊ сом пландалып, 1 675,6 миӊ сомго оӊдоо иштери жазалып, план 161,6 пайызга аткарылып, жыл ичинде 53 трансформатор ремонттон ɵткɵрүлгɵн.

Шаардык электр тармактар ишканасы  Нарын шаары боюнча 10500 жеке кардарды жана 1056 мекеме-ишканаларды, жалпысынан 11556 кардарды электр энергиясы менен камсыз кылат. 2014-жыл ичинде ишкана тарабынан 164741,9 миӊ кВт саат электр энергиясы же 136 590,5 миӊ сомго сатылган. 2013-жылга салыштырмалуу  2014-жылы 12435,7 миӊ кВт саатка кɵп пайдаланылган.Кабыл алган электр энергиянын ичинен жалпы коромдор 27065,2 миӊ кВт саат болуп, же 16,43 пайызды түзүп башкача айтканда ɵткɵн жылга салыштырмалуу 3 пайызга азайган. Накталай сатылган товардык продукциядан 133283,7 миӊ сом жыйналып, план 97,8 пайызга аткарылып, 2013-жылга салыштырмалуу 14202,3 миӊ сом кɵп жыйналган. Ишкана тарабынан   коммерциялык жоготууларды азайтуу жана тɵлɵмдɵрдү жогорулатуу максатында 240 рейддик иштер жүргүзүлүп,электр энергиясын пайдалануу эрежесин бузган 324 кардарларга акт протокол түзүлүп, эсепке кирбей калган 2533,8 миӊ сом кайрадан эсепке алынып, дебитордук карызы бар  1827 кардардын электр энергиясы ɵчүрүлгɵн. Жогорудагы жүргүзүлгɵн иштерге карабастан ишкананын дебитордук карызы 2015-жылдын 1-январына  карата 58941,6 миӊ сомду түзүп ɵткɵн жылга салыштырмалуу 4107,7 миӊ сомго кɵбɵйгɵн.

  • Жалпы:58941,6 миӊ сом.
  • Элдики: 8295,8 миӊ сом
  • Мекеме-ишканалар: 50645,8 миӊ сом

Мунун ичинен:

Республикалык бюджет 2354,7 миӊ сом,

Жергиликтүү бюджет: 164,49 миӊ сом.

Коммерциялык структуралар: 2047,8 миӊ сом.

Башка структуралар: 46078,8 миӊ сом.

ФОК «Намыс» 3 688, 6 миӊ сом, электр энергияга 2 799, 8 миӊ сом, пенясы 888,7 миӊ сом;

«Таза Нарын» ишканасы 2286,5 миӊ сом, мунун ичинен эл.энергия 1461,1 миӊ сом, пенясы 825,5 миӊ сом;

2014-жылдын 12 айына 163292,9 миӊ кВтс лимит бɵлүнүп берилип, пайдаланганы 164742 миӊ кВтс. Башкача айтканда бүгүнкү күнгɵ карата 1449,1 кВтс ашыкча пайдаланылган.

Курулуш тармагында шаар боюнча 2014-жылы 111 млн 608миӊ сомду түзгɵн 27 обьект курулуп пайдаланууга берилди. Мунун ичинен  2 соода борбору,3 контора-офис,13 соода борборлору,2 кафе-ресторан, 2 техникалык-тейлɵɵ станцияларынын курулушу, 3 уюлдук байланыштардын базалык станциялары  жана шаардын таза суу түтүктɵрүн реабилитациялоо жумуштары кирет.

Нарын шаарынын жарандык коргонуу даярдыгы 2014-жылга түзүлгɵн планга ылайык иш жүргүзүп келди.  Табигый мүнɵздɵгү коркунуч келип чыккан учурда калкты жана аймакты коргонуу маселелери ɵз убагында чечилип, жарандык коргонуунун системасын даярдоо бекитилген план боюнча аткарылды.

Жалпысынан 2014-жылдын 12-ай ичинде Жарандык Коргонуу боюнча 9 окуу, машыгуулар, 7 жалпы текшерүүлɵр жана 20 ЖКнун күндɵрү ɵткɵрүлдү.

2014-жылдын  январь, февраль, март айларында Нарын шаарынын коопту участкаларында, жолдордо, кɵчɵлɵрдɵ, Нарын дарыясында эпидемиялык жана инфекциялык абалга кɵзɵмɵл жүргүзүлүп жатты. Ошондой эле коопту участкаларда жашаган жергиликтүү калк менен кыш мезгилинде кардын оор түшкɵндүгүнɵ байланыштуу ɵзүн кандай алып жүрүү жɵнүндɵ түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, шаардын  РТС аймагындагы коктуларды ТОС каптоо коркунучун алдын алуу боюнча бир катар иштер аткарылды.

Укук бузуу жана кылмыштуулук багытында. Нарын шаардык ички иштер бɵлүмүндɵ 2014-жылы баардыгы 130 кылмыш иши ɵндүрүшкɵ алынып 2013-жылга салыштырмалуу 19ка аз болгон (2013-ж.-149), мунун ичинен 113 кылмыш боюнча тергɵɵ иштери бүткɵрүлүп 98 кылмыштын бети ачылып 86,7%ды түзгɵн, ал эми 2013-жылы тергɵɵсү бүткɵрүлгɵн 127 кылмыш ишинин 107синин бети ачылып 84,3% болгон.

Нарын шаарынын аймагында катталган кылмыштардын 73,8%ын кылмыш иликтɵɵ багыты боюнча кылмыштар түзсɵ, алардын 59,4%ын уурулук кылмыштары түзүп, булардын 82,4%ынын бети ачылган, бул кɵрсɵткүч  2013-жылы 70,1% болгон жана бул кылмыштардын 82,1%нын бети ачылган. Нарын шаарынын аймагында баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды  мыйзамсыз жүгүртүүгɵ каршы аракеттер кɵрүлүп, 2014-жыл ичинде ички иштер бɵлүмү тарабынан баӊгизаттарга байланышкан 4 кылмыштын берти ачылып жалпы 589 грамм марихуана наркотикалык заты алынган, мындан сырткары психотроптук дарыларды саткан 5 аптеканын иштɵɵсү, баӊгизаттарын колдонгондугу үчүн профилактикалык эсепте турган 9 адамдын жүрүш-турушун кɵзɵмɵлгɵ алуу боюнча такай оперативдик иштер жүргүзүлүүдɵ.

Учурда мамлекеттин коопсузду үчүн ɵзгɵчɵ коркунучтарды жаратып жаткан диний экстремизмдин, терроризмдин алдын алуу боюнча ички иштер бɵлүмү тарабынан жыл бою “Экстремист”, “Нелегал”, “Хаккер” сыяктуу аталыштагы операциялар мезгил-мезгили менен ɵткɵрүлүп, профилактикалык эсепте турган 16 адамдын, 7 мечит, 3 намазкананын жана аларда иштеген 10 диний кызматкердин, ошондой эле дааватка келген адамдардын үстүнɵн текшерүүлɵр жүргүзүлүп турулууда.

Акыркы мезгилде автотранспорт каражаттарынын кɵбɵйүүсү менен шаардын аймагында жолдо жүрүү коопсуздугун камсыз кылуу иштери оор болуп бара жатканы баардыгыбызга белгилүү.

Шаардын аймагында жол кырсыгынын алдын алуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүп, 8 светофордук обьектилер иштетилип, 15 жерге “Дɵӊчɵлɵр” (лежачий полицейскийлер)оорнотулуп, жол белгилери, жɵɵ ɵткɵɵлдɵр жаӊыртылып, ички иштер бɵлүмүнүн жол кɵзɵмɵлдɵɵ кызматы тарабынан ар кандай алдын алуу рейддери ɵткɵрүлүп, натыйжасында жол эрежелерин бузган 2682 айдоочу кармалып, ар кандай чаралар кɵрүлүп жатканы менен жол кырсыгынын азайбай жаткандыгы тынчсыздандырбай койбойт.

Башкача айтканда ɵткɵн жылы 33 жол кырсыгы катталып 2013-жылдагыдан 1 учурга кɵп болгон, жол кырсыгынан 6 адам каза болуп 38 адам ар кандай жаракат алышкан болсо, мунун ичинен жаш ɵспүрүмдɵр арасында 6 жол кырсыгы катталып, 6 жаш ɵспүрүм денелеринен жаракат алышкан.

2014-жыл ичинде Нарын шаардык мэриясына жалпы 753 кайрылуу түшкɵн, мунун ичинен: 202 жазуу түрүндɵ  , 1 электрондук кайрылуу келиптүшүп, 65нин кайрылуусу канааттандырылып, 137 кайрылууга түшундүрүү иштери жүргүзүлгɵн. Мэрдин жана орун басарларынын кабылалуусунда 399 жаран болуп, 151 оозэки кайрылуулар  келип түшкɵн.

2014-жыл ичинде Нарын шаардык мэриясына  1460иш кагазы келип, 1847 иш кагазы чыгышталган,  аткарылганы – 1256, кɵзɵмɵлдɵ турганы – 30, маалыма үчүн – 138, аткарууда турганы- 36. Жалпы иш кагаздарынын жүгүртүүсү (документооборот) 13552 түздү.

Добавить комментарий