Нарын шаарынын 2014-2017-жылдары туруктуу өнүгүүсүнүн  «Жол картасына» жана 2016-жылдын Иш аракеттер планына кирген милдеттердин    аткарылышы жөнүндө маалымат

Нарын шаарынын 2014-2017-жылдары туруктуу өнүгүүсүнүн «Жол картасы» 2014-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын негизинде Кыргыз Республикасынын  Ѳкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 30-декабрь 2013-жылдагы №445-буйругуна ылайык жана Нарын шаардык мэриясынын, шаардык Кеңештин депутаттарынын, шаардык мекеме ишканалардын, окуу жайлардын, коомчулуктун жана жумушчу топтун сунуштарынын негизинде иштелип чыгып 2014-жылдын 6-июлунда Нарын шаардык Кеңешинин 26-чакырылыштагы 15-сессиясынын №6 токтому менен бекитилген.

«Жол картасынын» негизи Нарын шаарынын калкынын жашоо деңгээлин жакшыртуу, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу максатында ишкердикти өнүктүрүү инфраструктураны жакшыртуу, экологиялык коопсуздукту камсыздоо, жаңы чакан ишканаларды ачуу менен аларга жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүсүнүн «Жол Картасына» 111 долбоор кирип, анын жалпы наркы 2 581 536,0 миң сомду түзгөн (Таблица №1)

Тармактар боюнча алсак, билим берүү тармагы 13 долбоор кирип, жалпы наркы 13505,0 миң сомду түзүп 2014-2015-жылдары 9 долбоор аткарылган.

Саламаттыкты сактоо тармагы 10 долбоор, жалпы наркы 94 500,0 миң сомду түзүп 2014-2015-жылдары 2 долбоор аткарылган.

Маданият жана спорт тармагы 6 долбоор кирип, жалпы наркы 113 000,0 миң сомду түзүп 2014-2015-жылдары 4 долбоор аткарылган.

Инфраструктура тармагы 48 долбоор кирип, жалпы наркы 1 943 919,3 миң сомду түзүп 2014-2015-жылдары 24 долбоор аткарылган.

Табигый кырсыктарын алдын алуу тармагы 7 долбоор, жалпы наркы 47 286,1 миң сомду түзүп 2014-2015-жылдары 6 долбоор аткарылган.

Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү тармагы 18 долбоор, жалпы наркы 224300,0 миң сомду түзүп 2014-2015-жылдары 4 долбоор аткарылган.

Энергетика тармагы 9 долбоор, жалпы наркы 28470,4 миң сомду түзүп 2014-2015-жылдары 9 долбоор аткарылган.

Жалпы алганда 2014-2015-жылдары бүткөн жана улантылып жаткан долбоорлор 58ди түзүп, жалпы наркы 1860873,0 миң сомду түзгөн иштер аткарылды.

Алардын негизгилери:

Заманбап муз аянтчасынын курулушу башталды  ( сметалык баасы 84 млн сом)Бассейн курулуп ишке берилди( сметалык баасы 13 млн 895 миң сом)Заманбап коомдук  мончо пайдаланууга берилди(сметалык баасы 12 млн  сом)Шаардын ички 6,750 км жолдору реконструкциядан өткөрүлүп, асфальталды,

ошону менен бирге эле шаардын ички таш көчөлөрүнө баллас төгүлүп 3600 метр жол түздөтүлдү

 ( 58 млн 700,0 миң сом респуб.бюджет),

 

(жер.бюд – 410 миң сом)

 

БАУнун курулушу боюнча                       2014-2015-жылдары 1 млрд 506 млн сомдук иштер аткарылдыЗаманбап «Чолпон»  базар- соода комплекси курулуп ишке берилди(сметалык баасы 25 млн сом) Агахан фондусу аркылуу С. Жакыпов атындагы паркын реконструкциялоо иштери башталды( сметалык баасы болжол менен 42  млн сом)Заманбап «Аска Нур» кафе- рестораны курулуп ишке берилди6 жаңы аялдама  курулуп, 17 жарнамалык такталар  коюлдуТехникалар алынды:Таза- Нарын   атайын автомашина 3470,0 миң сом( Эко.фонд, жер.бюд- 750, миң сом)IMG_7567Суу канал ишканасы  экскаватор 1600,0 миң сом( АРИС, жер.бюд-160,0 миң сом)475,0 миң сом «Портер» автомашина жана ширетүүчү   аппарат 

280, 0 миң сом, (АРИС ,жер.бюд-28,0 миң сом)

 

«Ак-Дил» бала бакчасынын жаңы имаратынын  курулушу башталды 

(сметалык  баасы 7,8 млн сом(2,5 млн сом- Агахан5,3 млн сом -жер.бюджет)

 

Шаардык «Таза-Нарын» ишканасынын астында пескоблок жана брусчатка чыгаруучу  муниципалдык цех курулуп ишке берилдисметалык баасы 1 млн.сом

2016-жылы Нарын шаарынын 2014-2017-жылдары туруктуу өнүгүү «Жол картасына» толуктоолор киргизилип жалпы наркы 7417378,2 миң сомду түзгөн  166 долбоор кирди.

Тармактар боюнча  токтолсок: инфраструктура багытында жалпы наркы 6725392,8 миң сомду түзгөн  76 долбоор кирип, быйылкы жылы 32 долбоор  аткарылып жатат.

Алардын негизгилери:

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын неврология бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилүүнүн  астында турат(сметалык баасы 62,6 млн. сом);  Ак-Бечел суу алуучу жайынын курулушунун 2 этабы улантылып  жалпы узундугу 6754 м водоводдун 2864,4 м бүткөрүлүп, калган бөлүгүн монтаждоо иштери улантылууда(сметалык баасы 70,0 млн. сом,каржыланды респ.бюд 32,9 млн.сом)

 

Борбордук Азия Университетинин курулуш иштери улантылып, бүгүнкү күндө  5 млрд 355 млн сомдук курулуш иштери аткарылып 2016-жылдын күз  айларында  ачылышы  күтүлүүдө(сметалык баасы 85 млн доллар);Шаардын Ленин көчөсүнүн арык  системасына латокторду жаткыруу боюнча  курулуш  иштери бүткөрүлдү 

(сметалык баасы 3,2 млн сом,респуб.бюджет 2,876млн.сом,жер.бюджет 319,0миң сом) ;

 

Ага Хан фондусу аркылуу жаңы интернет паркы курулуп жатат   

(сметалык баасы 42млн сом);

 

Шаардын борбордук Ленин көчөсүнүн  тротуарын брусчаткалоо  иштери бүткөрүлдү(сметалык баасы 3,2 млн сом,респуб.бюджет 2,438млн.сом,жер.бюджет 753,0миң сом) ;Заманбап  муз  аянтчасынын  курулуш иштери  улантылып  жатат(сметалык баасы 84,0 млн сом);Нефтебаза чөлкөмүндө  жаңы кафе-ресторан курулууда ( сметалык баасы 12 млн сом);Шаардын  РТС аймагына  жаңы  бала  бакчанын  курулушу улантылууда 

(сметалык  баасы 7018,0 миң сом)

 

Ж.Шералиев атындагы  музыкалык  мектептин  жаңы  имаратынын  курулуш  иштери   жүргүзүлүүдө 

(сметалык баасы 50,3 млн сом)

 

Кыргыз  Республикасынын «Арзан турак  жай  2015 — 2020» Программасынын  негизинде курулуучу  көп кабатуу  40 квартиралуу   4 үйдүн   жери  аныкталып   6400  чарчы  метр  жер  бөлүнүп  архитектуралык  пландоо  документтери бүткөрүлүп  жататНарын шаарынын  РТС   аймагына    шаардык С.Бекмамбетов атындагы күрөш  спорт  мектебинин жаңы имараты  курулууда(сметалык баасы 37,7 млн.сом)Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин имаратынын  курулушу кайрадан башталды(сметалык баасы 200,0 млн.сом)

 

Шаардык  стадиондун аймагына 2  кичи футбол аянтчасы курулууда(сметалык баасы 5,0 млн сом)Жаңы “Мегакомфорт” соода-базар комплекси курулуп жатат(сметалык баасы 14 млн сом)

Шаардык мекемелер тарабынан 2016-жылдын “Жол картасына”сунушталып киргизилген  долбоолордун  аткарылышын талдаганда төмөндөгүдөй болду :

-Шаардык жашылдандыруу мекемеси 19 долбоор сунуштап ,7 долбоор аткарылууда.Ал эми 12 долбоор каражаттын жоктугунан токтоп турат. Алар,теплица куруу,Акималиев паркынын астынкы бөлүгүн тосуу  жана жасалгалоо,64 аймагынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейин латок коюу жана “Мазар булак”скверин тосуп ,суу чыгаруу ж.б.

-Шаардык муниципалдык “Таза-Нарын”ишканасы 13 долбоор сунуштап,10 долбоор аткарууга алынып,3 долбоорго каражаттын  чечилишм кечеңдөөдө.Алар,МДС-ЖБИ аймагындагы көрүстөндү тосуу,көп кабаттуу турак үйлөрдүн сыртын акилөө, жумушчуларга  мончо жана техникаларга жылуу бокстарды куруу.

  -Шаардык суу канал ишканасы  20 долбоор сунуштап,9 долбоор аткарылып жатат.Ал эми 11 долбоор каражаттын жетишсиздигинен жана ЕБРРдин долбоору кечигип жаткандыктан башталбай турат.Алсак,ыплас сууларды тазалоочу жайдын курулушу ,Ж.Шералиев көчөсүнүн суу түтүкчөлөрүн жаңыртуу,техникалар үчүн жылуу бокс жана гараж куруу жана суу түтүкчөлөрдөгү жарылууларды аныктоочу аппарат алуу.

-Шаардык электр тармактар ишканасы 3 долбоор сунуштап,3 долбоор аткарлууда.

-Шаардык жылуулук ишканасы 6 долбоор сунуштап,3 долбоор аткарууга алынып ,3 долбоор каражаттын жетишсиздигинен токтоп турат.Алар Ленин №№ 4,6,8 көп кабаттуу турак үйлөрдү шаардын жылуулук системасына кошуу,ипподром аймагына таза суу чыгаруу жана  №5,№9  мектептердин отканаларын көмүр отунга өткөрүү.

-Шаардык муниципалдык  менчик департаменти 3 долбоор сунуштап,2 долбоор каражат чечилбегендиктен башталбай турат.Алсак, 5 жаңы аялдама куруу жана  муниципалдык жер тилкелерин каттоодон  өткөрүү  долбоорлору.

Саламаттыкты сактоо боюнча 28 долбоор кабыл алынган. Мунун ичинен 14 долбоор ишке ашырылды. Калган 14 долбоор  каражаттын чечилбей жаткандыгына байланыштуу башталбай турат. Атай кетсек, Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун тез жардам бөлүмүнүн курулушу, №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун курулушу, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жанындагы 2 этаждуу имаратты бүтүрүү жагы, УЗИ доплер, ЭХО, ЭКГ, физ кабинеттин жабдууларын жаңыртуу, медициналык колледжинин спорт залын куруу, колледждин алдындагы тротуарды тиешелүү аралыкка чейин брусчатка төшөө, окуу бөлүмүнүн эшиктерин алмаштыруу, колледжинин имаратынын сырткы алдыңкы бетин жаңыртуу, музыкалык аппаратураларды алуу. Тез жардам автоунаасы «Реанимобильди»  алуу үчүн 2017-жылга акча каражаты чечип берүү боюнча планга коюлган. Флюроаппарат, рентген аппарат, рентген сушылка алуу үчүн 7 млн сом бөлүнүп, жакында тендер жарыяланат .

Билим берүү тармагы боюнча 2014-2017-жылдардын аралыгында  Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде Нарын шаарынын өнүктүрүүнүн  «Жол картасына»  жалпы 25 долбоор кирген.

25 долбоордун ичинен №2 Чкалов мектеп-гимназиясынын 1-корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча 8 млн сомго 2016-жылдын 21-майында тендер жарыяланып,  «Бейшебай» курулуш фирмасы 7 млн 779 миң сомго утуп , бүгүнкү күндө ремонт иштери башталды.

Ошондой эле №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептин капиталдык ремонт иштери башталып, мектептин терезелери толугу менен пластик терезелерге алмашылып, июнь айында  мектептин чатырын алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

№1 Токтогул орто мектебинин эшиктерин толугу менен алмаштыруу,ички дарааткананы,канализацияны ишке киргизүү боюнча долбоор жазылып, стимгрантка кезекте турат. Мындан тышкары №4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинин айланасын тосуу боюнча долбоору,№9 А.Садыков атындагы орто мектебин ремонттон өткөрүү боюнча долбоору,   №2 «Чебурашка»  балдар бакчасынын тегерегин тосуу долбоору , №17 «Ынтымак» балдар бакчасынын тегерегин тосуу, терезелерин алмаштыруу боюнча долбоору стимгрантка өткөрүүгө даярдалган.

№4 Э.Ибраев атындагы орто мектебин, №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебин, №2 «Чебурашка»  балдар бакчасын, №14 Алтын Балалык балдар бакчасы, №15  «Бактылуу Балалык» балдар бакчасын, №17 «Ынтымак» балдар бакчасын толук капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин курулуш, инвестиция тартуу департаментинин «Коопсуз мектеп» долбооруна сунушталып, 2017-2018-жылдар аралыгына кезекке коюлган.                                                  

Мындан тышкары Жол картага кирген №2 Чебурашка балдар бакчасынын музыкалык залын евро ремонттон өткөрүү боюнча долбоор ,  бүгүнкү күндө бала бакчанын залынын терезелери толугу менен пластик терезелерге алмашылып,   ремонт демөөрчүлөрдүн жардамы менен жүрүп жатат.            Ал эми Нарын шаарынын өнүктүрүүнүн  «Жолкартасына» билим берүү боюнча кирген №15 «Бактылуу Балалык»  балдар бакчасынын жашылча жемиш теплицасын куруу боюнча долбоору,  №1 Токтогул орто мектебинин спорт залынын полун реконструкциялоо, орто мектептин подвалын ремонттон өткөрүү, мектептин сырткы дааратканасын ремонттон өткөрүү боюнча долбоорлор  акча каражатынын жетишсиздигинен аткарууга алынбай калган.

Нарын  шаардык маданият бөлүмүнүн  материалык-техникалык базасын чыңдоо, улуттук кийимдерди алуу боюнча  долбоорлор сунушталып жыл башынан бери алгылыктуу иштер жүргүзүлбөгөндүктөн, ишти туура багытта алып бара албагандыктан маданият бөлүмүнүн башчысы Кыргыз Республикасыны маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан  кызматтан четтетилди.

Нарын шаардык Ж.Коңурбаева атындагы китепканасы тарабынан  Нарын шаарын өнүктүрүүнүн  “Жол картасына” китеп фондусун жаңыртуу, жаңы технологиялар жана интернет менен камсыз кылуу жана китепкана филиалдарын капиталдык ремонттон өткөрүү иш-аракеттери киргизилген. Китеп фонддун көбөйтүү жана жаңыртуу боюнча жергиликтүү бюджеттен 50 000 сом каралып, керектүү китептер менен китеп фондусу жаңыртылат. Ал эми  2015-жылдын жай айларында  шаардык китепканада   Германиялык кызматташтык уюму аркылуу китепканага «Баарлашуу борбор» долбоору ишке ашып, долбоордун жалпы наркы 1 млн сом түздү. Долбоорду колдоо максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 330 000 сомго кошумча 2 бөлмө алынып,    алынган бөлмөнү заманбап ремонттоо үчүн 75 000 сом бөлүнүп берилди. Коворинг борбору заманбап технология жана интернет байланышы менен жабдылып,   2015-жылдын сентябрь айынан тарта иш жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын  Ѳкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 2016-жылдын 12-январында бекителген Нарын шаарынын 2016-жылга карата Иш аракеттеринин планын жана Нарын шаарынын өнүктүрүүнүн «Жол-Картасын» аткарууга алуу максатында Нарын шаардык мэриясынын 15-январь 2016-жылдагы №07-б буйругу кабыл алынып, Нарын шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилерине иш аракеттер планында жана «Жол картасында» белгиленген милдеттерди так жана өз мөөнөтүндө аткаруу боюнча иштиктүү чараларды көрүү жана аткарылышы боюнча ай сайын айдын 1-числосуна карата Нарын шаардык мэриясына маалымат берүү жагы тапшырылган .

Буйрукту аткаруу боюнча шаардык мекеме ишканаларда  иш-чаралар  пландары кабыл алынып, бир катар иштер жүргүзүлүп келгени менен, аткарылышы боюнча ай сайын берилүүчү маалыматты айрым мекемелер кечигүү менен жиберүүдө. Шаарыбызды таза кармоо максатында  2016-жылдын апрель  айынан баштап ишембиликтер өткөрүлүп ,көчөлөрдү ,мекеме ишканалардын айланаларын ,парктарды жана скверлерди көрктөндүрүү,жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.Алсак 16500 метрден ашык арыктар, өткөөлдөр тазаланып, шаар ичине  4000 ден ашык тал-теректин, 640 ийне жалбырактуу карагайдын көчөттөрү, көчө жээктерине жана парктарга тигилди.

Мындан сырткары шаардын борбордук аянтына,парктарга,скверлерге ар кандай  гүлдөрдүн 15050 түп көчөттөрү олтургузулду. Шаардын городок аймагына  сквер уюштурулуп, айлана тегерегин  тосуу иштери бүткөрүлдү.Шаардын 8 көчөсүнө 92 заманбап электр фонарлары орнотулуп,400,0 миң сомго 88 жол белгилери жасалып шаардын мерчемдүү жерлерине коюлду.Шаардын 64 жана Жаңы- жол аймагына 806,8 миң сомго эки жаңы цифровой светофорлор коюлуп иштеп жатат. Карга Жайлоо таштанды төгүүчү жайдын айланасын коруп тосуу боюнча 500,0 миң сомго ,тротуарларга брусчатка жаткыруу үчүн 450,0м2 брусчатка даярдалып төшөө иштерине ,ошондой эле шаардын ички көпүрөлөрүн ремонттоого 200,0 миң сомго  жана ички жолдорго балласт төгүү боюнча 2000м3  шагылга тендер жарыяланды.

План  график боюнча  Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан  19 ТПны  ремонттоо  каралып, бүгүнкү күндө  20 ТП (трансформатордук  подстанция)  ремонттон  өткөрүлдү.

Ошондой эле  накталап  оңдоого  2016-жылдын   5 айына  850,0 миң сомго  план  берилип 1603,5  миң сомго  20,9км  АЧ-10кВ ,  26,2км  АЧ- 0.4кВ  электр  линиялары   ремонттолду.

            Учурдагы  оңдоого 2016-жылдын  5 айына  490,0 миң  сомго  план  берилип  871,2  миң сомго иштер   жазалып ,шаардын Запин  чөлкөмүнө 452,3 миң сомдук 400кВА трансформатор орнотулду.Ал эми №248 көмөк чордондогу 160 кВА трансформатор 400 кВАлык жана №006 көмөк чордондогу 630 кВА күчтүк трансформатор 1000 кВА лык трансформаторго алмашылды.Ошондой эле  жергиликтүү  бюджеттен  227,0 миң сом  бөлүнүп А.Жусупов көчөсүнө  ,  Баласагын жаңы конушка  жана  Ак- шоола көчөсүнө зым тиректер   орнотулуп . аба  чубалгылары  тартылып ,электр энергиясы менен жашоочулар толук камсыз болду.

Шаардык мекеме ишканалардын,окуу жайлардын жетекчилери Нарын шаарынын «Жол картасына» долбоорлорду сунуштап жатканда ,аларды аткаруу үчүн керек болгон каражаттын каржылоо булагын терең талдоосу  керек эле.Учурда каражаттын тартыштыгынан сунушталган долбоорлордун 50 пайызга жакыны башталбай турат.

Ошондуктан мекеме ишканалардын жетекчилери өкмөттөн каражат күтүп отурбай ,  эл аралык жана  өкмөттүк эмес уюмдарга долбоолорду жазып  кечиктирилгис аракеттерди көрүүсү зарыл.

Кыргыз Республикасынын  Ѳкмөтүнүн 2016-жылга коюлган Программасындагы милдеттерди аткарууга  жетишүү  боюнча Нарын  шаарынын  “Жол картасына” кирген долбоорлор жана Нарын  шаарынын 2016-жылга карата кабыл алган  иш-аракеттеринин план  милдеттери биздин башкы максатыбыз болуп  саналат .

Добавить комментарий