Нарын шаарынын 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат

 

          2016-жылда Нарын шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн аныктаган негизги тармактарында стабилдүүлүк жана өнүгүү тенденциясы басымдуулукка ээ болду.

Ѳнөр жай

           Экономика, өнөр-жай тармагы боюнча 2017-жылдын 1-январына карата 732 млн. 667 миң сом өнөр жай продукциялары өндүрүлүп, физикалык көлөмүнүн индекси 99,9% түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 36 млн. 594 миң сомго ашыкча продукция өндүрүлгөн (2015-жылы 696 млн. 73 миң сом). Физикалык көлөмүнүн индексинин аткарылбай калышы электр энергияны ташып жеткирүү жана бөлүштүрүү тармагындагы электр энергиясынын пайдалануу көлөмүнүн азаюсу менен  шартталган.

        Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 2 млрд. 190 млн. 649 миң сомду түзүп,  108,9% аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 179 млн. 221 миң сомго өсүш берди. (2015-жылы 2 млрд. 11 млн. 428 миң сом).

         Калкка акы алып кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 629 млн. 191 миң сомго аткарылып, 104,7% түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 44 млн. 659 миң сомго өсүш берген (2015-жылы 584 млн. 532 миң сом).

       2016-жылы шаар боюнча жүк ташуучу транспорттун бардык түрү менен жүк ташуу өткөн жылга караганда 106,4% аткарылып, 302,5 миң тн. түздү. Ал эми, жүргүнчүлөрдү ташуунун өсүш темпи 109,0% түзүп, 3799,6 миң жүргүнчү ташылды.

Салык тармагы

         2016-жылга карата мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү салыктар  жана салык  эмес  жыйымдар боюнча  203909,6 миң сом план тапшырма берилип, 203958,3 миң сом жыйналып 100,0% аткарылды.

     Мунун ичинен республикалык бюджетке 113104,4 миң сом план тапшырма берилип 108137,3 миң сом бюджетке түшүп, же 95,6%, ал эми жергиликтүү бюджетке 90805,2 миң сомго план берилип 95821,0 миң сомго же 105,5% аткарылган.

    Башкача айтканда 2015-жылга салыштырмалуу  жалпысынан  24675,4 миң сомго  ашык салык бюджетке түшүрүлгөн. Мунун ичинен республикалык бюджетке 11251,7 миң сом, жергиликтүү бюджетке 13403,7 миң сом ашык өндүрүлгөн. Жалпы салыктардын бюджетке түшүүсүнүн өсүү темпи 113,8% түздү. Жалпысынан берилген план тапшырмалар салыктын негизги түрлөрүнөн аткарылды. Алсак, киреше салыгы 110,9%, кыймылсыз мүлк салыгы 121,7%, пайда салыгы 91,3%, мүлк салыгынын 4 группасынан 102,5% аткарылган. Ишкердүүлүк кылууга ыктыярдуу патент боюнча 7700,0 миң сом план тапшырма берилип, 8143,9 миң сом өндүрүлүп 105,8% , милдеттүү патент боюнча 782,0 миң сом план тапшырма берилип, 1107,9 миң сом өндүрүлүп же 141,7% аткарылды. Бирдиктүү салык боюнча 969,5 миң сом  өндүрүлүп 164,3% жана короо-жай жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгынан 690,8 миң сом өндүрүлүп, план 246,7% аткарылган. Республикалык бюджет негизинен кошумча нарк салыгынан жана сатуудан алынуучу салыктардан аткарылган эмес.  Республикалык бюджеттин толук аткарылбай калышынын себеби Борбордук Азия Университетинин курулуш иштери аяктагандыгына байланыштуу 4 курулуш мекемеси иштерин токтоткон. Ошондуктан бул субьектерден киреше салыгынан, сатуудан алынуучу салыктан жана КНС салыктарынан мамлекеттик бюджетке чегерүү жүргүзүлгөн жок. Жалпы курулуш мекемелеринен КНС салыгы боюнча өткөн жылга салыштырмалуу 5237,6 миң сом аз түшкөн.

         КНС (кошумча нарк салыгы) салыгы боюнча план 32125,7 миң сом болсо, бюджетке 25701,0 миң сом түшүп, же болбосо 80,0% түздү. КНСтин ЕАЭС боюнча планы 1352,8 миң сом болсо, бюджетке 422,1 миң сом түшүп, 31,2% түздү.

       Сатуудан алынуучу салык боюнча 51754,0 миң сом план берилип, бюджетке 49144,5 миң сом өндүрүлүп, план 95,0% аткарылган. Себеби, КР Салык Кодексинин 319-беренесине киргизилген өзгөртүүнүн негизинде 2016-жылдын июль айынан баштап нак акалай эмес түрдө эсептешүү жүргүзгөн учурда сатуудан алынуучу салыктын ставкасы “0” менен эсептелгендиктен курулуш жүргүзгөн субьектилер бул салыктын түрүнөн бюджетке чегерүү жүргүзүшкөн эмес. Ошонун негизинде 3,400 миң сом аз өндүрүлгөн. Бирок ошол эле учурда МСКнын Нарын шаардык башкармалыгы тарабынан 2015-жылы 179282,9 миң сом өндүрүлсө, 2016-жылы 203958,3 миң сом өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 24675,4 миң сомго көп өндүрүлүп, 114% өсүш берген.

         Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү программасы боюнча «Жол картасына” жалпысы 7 млрд. 356 млн. 264 миң сомдук 168 долбоорду ишке ашыруу пландаштырылып, 2016-жылы бардыгы 79 долбоор ишке ашырылып  5 млрд. 733 млн.654 миң сомдук мамлекеттик жана жеке инвестициялар тартылды.

Алардын негизгилери:

  • Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын неврология бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди, сметалык баасы 58 млн. сом;
  • Шаардын башкы «Ак-Бечел» суу алуучу жайынын курулушунун 2-этабы улантылып республикалык бюджеттен 10 млн. сом бөлүнүп, узундугу 2,5 чакырым жерге 2 катар суу түтүкчөлөр салынды (жалпы узундугу 4 км.);
  • Шаардын борбордук Ленин көчөсүнүн тротуарын брусчаткалоо иштери жасалды (сметалык баасы 3,2 млн. сом, респ.бюджет 2,438 млн. сом, жерг. бюджет 753,0 миң сом);
  • Нарын шаарынын РТС аймагына күрөш спорт  мектебинин жаңы имаратынын  курулушу бүткөрүлүп, ишке берилүүнүн алдында турат, сметалык баасы 30,0 млн. сом;
  • Борбордук Азия Университетинин курулуш иштери улантылып, бүгүнкү күндө 5 млрд.100млн  сомдук курулуш иштери аткарылып пайдаланууга берилди, сметалык баасы 85 млн. доллар;
  • Ага Хан фондусу аркылуу шаардын С.Жакыпов паркы реконструкциялоодон өткөрүлүп, интернет парк курулуп ишке берилди, сметалык баасы 34 млн сом;
  • Ж.Шералиев атындагы  музыкалык  мектептин  жаңы  имаратынын  курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди, сметалык баасы 50,0 млн. сом;
  • Жеке ишкердин демилгеси менен заманбап муз аянтчасынын курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилүүнүн астында турат, сметалык баасы 42,0 млн. сом;
  • Жеке ишкерлердин демилгеси менен «Хан-Тенгри» ресторанынын жаңы имаратынын курулушу бүткөрүлүп ишке берилди, сметалык баасы 25 млн. сом;
  • «Мегакомфорт» соода борбору жеке ишкерлердин демилгеси менен курулуп, ишке берилди, сметалык баасы 20 млн. сом;
  • Шаардын РТС аймагына Ага Хан фондусунун жардамы жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы балдар бакча курулуп, пайдаланууга берилди, сметалык баасы 7018,0 миң сом;
  • Шаардын Ленин көчөсүнүн арык системасына латокторду жаткыруу боюнча  курулуш иштери жасалды, сметалык баасы 3,2 млн. сом (респ. бюджет 2,876 млн.сом, жерг. бюджет 319,0 миң сом);
  • 2 кичи футбол аянтчасы курулуп ишке берилди, сметалык баасы 5,0 млн сом;
  • Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин имаратынын курулушу улантылууда, сметалык баасы 150,0 млн.сом;
  • Кыргыз Республикасынын «Арзан турак жай 2015-2020» Программасынын  негизинде курулуучу 40 батирлүү 4 көп кабатуу үйдүн жери аныкталып, 6400  чарчы  метр  жер  бөлүнүп, архитектуралык пландоо документтери бүткөрүлдү.

           2016-жылы  шаарда жаңы 10 дон ашык кичи ишканалар ишке киргизилип, 52 адам иш  менен  камсыз болушту.

        Муниципалдык менчик боюнча. Бүгүнкү күндө Нарын шаары боюнча 76 обьект жана инфраструктура Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 1998-жылдагы №827 токтому менен муниципалдык менчике берилген. Аларга мектептер, бала бакчалар, спорт мектептери, шаардык мончо,  автомектеп, шаардык суу канал жана жылуулук ишканаларынын имараттары жана 39 инфраструктуралар (жолдор, парктар, скверлер, суу алуучу жайлар, от каналар, ж.б) кирет.

            Азыркы  учурда 27  обьект оперативдик  башкарууга  берилген, алар мектептер бала  бакчалар, спорт мектептери жана 10 мекеме ишканалар. Учурда шаар боюнча 740 жер аянты жана муниципалдык обьектилер ижарага берилген.

         Шаардык муниципалдык менчик департаментине 2016-жылы муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүү боюнча 4500,0 миң сомго план тапшырма берилип, иш  жүзүндө  4545,9 миң сом бюджетке түшүрүлүп, план 101,0% аткарылды. Жер аянтын сатуудан 573,6 миң сом жергиликтүү бюджетке түшүрүлдү.  Бардыгы 2016-жылы бюджетке 5119,6 миң сом чегерилип, өткөн жылга салыштырмалуу 460,9 миң сом көп түшүрүлгөн.

         2016-жыл ичинде 8 жолу курулуш куруу жана жер пайдалануу комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, 85 маселенин 53ү канааттандырылып, 28751 ч.м. жер аянты убактылуу ижарага берилген. Жеке менчик турак жай курууга жер участокторун берүү  боюнча комиссиянын 7 жолу отуруму өткөрүлүп 148 маселе каралып, 64 адамга жер  участогу берилди.

     Ошондой эле 2015-жылы 1 млн. 95 миң сомго 17 жарнамалык такта жасалып коюлду (жерг. бюджеттен 7 такта 495,0 миң сом, 10 такта демөөрчүлөр тарабынан 600,0 миң сом). Орнотулган жарнамалык такталар комиссия тарабынан текшерилип,  кемчиликтерди четтетүү боюнча акт түзүлүп, тапшырмалар берилгени менен бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келүүдө.

         Борбордук базардын айланасын ирээтке келтирүү боюнча шаардык мэриянын алдында  комиссия  түзүлүп, Шуллер жана Орозбак көчөлөрүндө башаламан соода кылуучуларды «Он-Арча» жана «Чолпон» соода комплекстерине киргизүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө. Ошондой эле, борбордук базардын айланасындагы жайма базар кылып соода кылган жарандарга 50 жолу билдирүүлөр берилип, комиссия менен бирдикте башка жакка көчүрүлүп, Шуллер  жана С.Орозбак  көчөлөрүнүн жол жээгине 100 метр темир  тосмолор коюлду. Муниципалдык менчик департаментине унааларды токтотуучу муниципалдык жайларын уюштуруу боюнча тапшырма берилип, аракеттер көрүлүүдө.

         Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык боюнча. Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына 2016-жылы жергиликтүү бюджеттен  жалпы 30236,5 миң сом каржыланып,өткөн жылга салыштырмалуу 6869,6 миң сомго көп каржыланды (2015-жылы 23366,9 миң сом бөлүнгөн)

        Шаардын санитардык тазалыгын сактоону камсыз кылуу багытында таштанды төгүү боюнча 225 точка уюштурулуп, мунун 210 точкасына 295 контейнер коюлуп, ал эми 15 точкасы бетон тосмоолор менен тосулган.Нарын шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн координациялык Кеңеш  менен Ага Хан фондусунун MSDSP KG программасынын биргелешкен ишинин натыйжасында 300,0 миң сомдук  1 долбоор жактырылып анын негизинде “Таза-Нарын” ишканасынын 14 мусор чыгарган автомашинасына GPS  мониторинг коюу жана 35 мусор төгүлүүчү жайларга бетон дорожкаларды салуу иштери бүткөрүлүүдө.

          Жалпы таштанды чыгаруу боюнча 7 маршрут түзүлүп, 2016-жылы 27789 метр куб  турмуш тиричилик таштандылары чыгарылды. Жыл ичинде таштанды үчүн элден жана мекеме ишканалардан 3213,2 миң сом чогултулуп, 112,5 миң сомго элге кызмат көрсөтүлдү. Мекеменин жалпы кызмат көрсөтүүсүнүн кирешеси 160,0 миң сомду түздү. Таштандылар Карга-Жайлоодогу таштанды төгүүчү жайга төгүлүп, жумасына 2-3 жолу трактор менен түртүү иштери  жүргүзүлүп  келди. Айланасы 440,0 миң сомго тосулду.

       Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардын 33 көчөсүнө жалпы 204 түнкү  жарыктар жаңы коюлду. Ал эми борбордук Ленин көчөсүнө 133 заманбап диодовый фонарлар коюлуп, буга жергиликтүү бюджеттен 1400,0 миң сом бөлүнүп берилди.

        Акыркы убактарда шаарда менчик авто унаалардын саны  көбөйгөндүктөн, алардын  кыймылын  жөнгө  салуу  боюнча  Ленин көчөсүнө 806,8 миң сомго 2  цифралык светофор, шаардын 3 мерчемдүү жерине видеокамералар жана 400,0 миң сомго 88 жол белгилери орнотулду. Ошондой эле борбордук Ленин көчөсүнө 64 аймагынан Жаңы-Жолго чейинки жолго термо пласт менен жол чийиндери жүргүзүлдү.

        2016-жыл ичинде шаардын 16 ички көчөлөрүнө 2500 м3 балласт төгүлүп, түздөө  иштери  жасалды. Кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча 30  тонна туз, 240 м3 инерттик материалдар даярдалып, кар жааган мезгилдерде шаардын көчөлөрүнүн кесилиштерине себилип  жатат.

     Ѳткөн жылы  ГОВДан ДСУга чейин жана УВДдан В.Чкалов мектебине чейинки тротуарды брусчаткалоо иштери улантылды. Мекеменин материалдык базасын чыңдоо боюнча ишкананын короосуна склад, жумушчулар үчүн жуунучу жай, техникалар үчүн бокстар курулууда. Шаарыбызды таза кармоо максатында апрель айынан баштап ишембиликтер өткөрүлүп, көчөлөрдү, мекеме, ишканалардын айланаларын, парктарды жана скверлерди көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп 16530 метрден ашык арыктар, өткөөлдөр тазаланып, парктардагы, скверлерге жана көчө жээктерине  5000 ашык тал-теректин, 640 ийне жалбырактуу карагайдын көчөттөрү тигилди. Мындан сырткары шаардын борбордук аянтына, пактарга, скверлерге ар кандай  гүлдөрдүн 15050 түп көчөттөрү отургузулду. Шаардын ипподром аймагына сквер уюштурулуп, айлана тегерегин тосуу иштери жасалды. Ошондой эле Тайлак Баатыр сквери толугу менен тазаланып, сырдалып, чөптөрү тегизделип, түнкү жарык берүүчү лампалары алмашылды.

     Учурда мекеменин питомнигинде бак-дарактардын 14 түрү өстүрүлүп жатат. Ошондуктан мекеменин жетекчилиги бүгүнкү күндө бак-дарактардын көчөттөрүнүн түрлөрүн  көбөйтүү менен шаардын  мекеме-ишканаларын жана жашоочуларын арзан  баадагы  көчөттөр менен  камсыз  кылуу жана негизги көчөлөрдөгү бак дарактарды тегиздөө иштерин бүткөрүү боюнча  аракеттерди көрүүсү зарыл.

         2016-жылдын декабрь айында “Таза Нарын” ишканасынын аймак башчылары жана кварталдык комитеттери шаардык статистика бөлүмү менен бирдикте мал каттоо иштерин жүргүзүштү. Бүгүнкү күндө шаар боюнча ийри мүйзүдүү мал 2772 башты, анын ичинен  уй — 1603, жылкы — 1480, кой-эчки — 24526 башты жана канаттуулар 6596  даананы түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу уйдун саны 308,жылкы 225 жана кой-эчки 2670 башка көбөйгөн.

           Ѳткөн жылы жергиликтүү бюджеттен 170,0 миң сом бөлүнүп 941 баш ит атылса, 2017 жылы 216,7 миң сом бөлүнүп, учурда жолбун иттерди  атуу иштери жүргүзүлүп жатат..

      Шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу  жана ыплас сууларды тазалоо боюнча өткөн жылы бир катар иштер аткарылды. 2017-жылдын 1-январына карата шаардын калкы менен мекеме, ишканаларына 1480,0 миң. м3 таза суу берилип, 920,0 миң.м3  ыплас суу кабыл алынып тазалоодон өткөрулдү.

         Мекеменин балансасында жалпы кубаттуулугу 7,92 миң м3/суткалык төрт суу алуучу жай (негизги Ак-Бечел — 6,0 миң м3/ суткасына, Батыш — 0,90 миң м3/сут, Теке-Секирик — 0,96 миң3/сут, Кирпичный — 0,06 миң3/сут), жалпы узундугу 108,79 км таза суу түтүкчөлөрү (Чыгыш чөлкөмүндо — 8,90 км, Батыш чөлкөмүндө — 7,94 км, Ак-Бечел борбор чөлкөмүндө — 89,03 км, Кирпич завод — 2,92 км). Таза суу алуучу колонкалар 117 даана (Чыгыш — 27, Батыш — 33, Ак-Бечел — 57, Кирпичный — 3), кубаттуулугу 6,0 миң м3/сут ыплас сууларды тазалоочу жай жана узундугу 28,34 чакырым канализациялык түтүкчөлөрү бар.

       Жыл башында бекитилген планга ылайык өткөн жылы төмөндөгүдөй оңдоо иштери жүргүзүлдү. Шаардын ичиндеги суу түтүкчөлөрүнүн көпчүлүгү эски болгондуктан,  жарылуулар жылдан жылга көбөйүп жыл башынан бери 48 жарылуу болуп, кайра калыбына келтирилди.

      Шаардагы канализация системасында жыл башынан бери 150 тыгындар катталып, кайра калыбына келтирилип, планда каралган 250 кудукчанын 170 тазаланып, иреетке келтирилип, 0,8 км канализация түтүкчөлөрү жуулуп тазаланып, 25 канализациялык кудукчалардын оозу темир-бетон капкакчалар менен жабылды. Суу кудукчаларынын 45 даанасынын ичтери тазаланып, 40 кудукча жана колонкалардын тегереги бетондолуп, ичтери тазаланды.

        Ак-Бечел, Теке-Секирик жана Батыш суу алуучу жайларынын тегереги дайыма тазаланып, тосмолору жана хлораторныйдын ичи-тышы жазында акиленип-сырдалып, кабыл алынган иш планга ылайык профилактика иштери жүргүзүлүп  келинди. Ал эми көп кабатуу үйлөр боюнча ар кандай диаметрдеги 7 задвижка, 47 вентил, д25мм 340 метр суу түтүгү алмашылды.

             Азыркы кундо шаардагы   абоненттердин саны 8672 тутун, 26680 киши. Мекеме-ишканалар боюнча абоненттердин жалпы саны 300.

           Мекеменин 2017-жылдын 1-январына карата дебитордук карызы 4992,9 миң сомду, ал эми кредитордук карызы 2264,7 миң сомду түздү.

Анын  ичинен:

— жалпы бюджеттен каржыланган мекеме, ишканалардыкы 661,9 миң. сом.

— хозрасчеттук мекемелердики 361 миң. сом.

 — элдики 3970,0 миң.сом.

             2016-жылга таза суу, канализация кызматынан пайдаланган мекеме, ишканалар жана калк менен түзгөн келишимдерге ылайык план 21835,8 миң сом менен кабыл алынып, 22187,8 миң сом жыйналып, план 101,6% аткарылган. Жогоруда белгиленгендей  шаардык мэриянын алдында түзүлгөн координациялык Кеңеш  менен Ага Хан фондусунун MSDSP KG программасынын биргелешкен ишинин натыйжасында 700 миң сомдук 2  долбоор жактырылып анын негизинде жумушчулар үчүн атайын кийимдер жана газоанализатор сатылып алынды.Ошондой эле республикалык экология фондусу тарабынан   2950,0 миң сомдук Дон-Фенг-190 маркасындагы ассенизатордук автомашина236,0 миң сомго  жана 495,0миң сомдук  ыплас суу тазалоочу жайына насос алынды.

        2016-жылы ЕБРРдин  долбоору боюнча Нарын шаарынын таза  суу жана  канализация  системаларын  реабилитациялоо боюнча  келишимге кол  коюлуп,быйылкы жылы курулуш иштери башталуунун астында турат. Бул долбоордун жалпы суммасы 6,2 млн еврону түзүп,Нарын шаарынын жалпы 109 км болгон таза суу түтүкчөлөрүнүн  30%ке жакыны алмаштырылат, шаардын таза суу чыкпаган аймактарына таза суу түтүктөрү курулат жана Нарын суу канал ишканасы үчүн жаңы имарат курулуп,жаңы техникалар алынат.Биринчи кезекте шаардын Ж.Шералиев көчөсүнүн суу жана канализация  түтүктөрүн алмаштыруу  жагы долбоордун  эксперттерине сунушталды. Ошондуктан ишкананын жетекчилиги  ЕБРРдин эксперттери менен жакындан иш алып баруусу керек.

          Кышка даярдык. Нарын  шаарында 2016-2017-жылдын күз кыш мезгилине даярдыктарды көрүү жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 26.04 2016-жылдагы №215 токтомунун аткарылышын камсыз кылуу максатында Нарын шаардык мэриясынын  23.05.2016-жылдагы №147-б буйругу менен  шаардык штаб түзүлүп, иш аракеттер көрүлүп  келүүдө.

     Кышка даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйындары өткөрүлүп, шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилип аракеттер көрүлүүдө.

         2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилине Нарын шаарынын экономика тармагына жана калкына бардыгы 6758 тн. көмүр отуну керектелет. Мунун ичинен маданият тармагына 80 тн, саламаттык сактоого 18 тн, жылуулук берүү ишканасына  3780 тн. жана элге 2500 тн. Бюджеттик мекемелерге көмүрдү  сатып,  тартып алууга талап  кылынуучу акча каражаты  жергиликтүү жана республикалык бюджеттен толугу менен  чечилип  берилген. Шаардын бюджеттик мекемелерине көмүр отунун тартууга  келишимдер түзүлүп, көмүр отунун тартуу иштери 2016-жылдын 1-октябрында бүткөрүлдү.

           2017-жылдын 16-январына  карата шаар боюнча  жалпы 6378,0 тн көмүр отуну тартылып, план 100,0% аткарылды. Мунун  ичинен  саламаттык сактоого 18 тонна  тартылып 100%, маданият тармагына 80 тн тартылып 100%, ал эми  Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси 3780,0 тонна көмүр  отунун даярдап, 100,0% аткарышты.

          Ал эми  шаардын эли 2500 тн  көмүр  отуну  менен камсыз  болуп, план 100% түзүп, шаар боюнча 3 көмүр отун кампалары уюштурулуп, тоннасы 3000 сомдон 3500 сомго  чейин  сатылууда.

        2016-2017-жылдардын кыш айлары үчүн социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунда турган шаардагы 468 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жалгыз бой жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен көмүр отуну үчүн  жалпы 468,0 миң сом акча каражаты каралып, ар бирине 1000 сомдон почта бөлүмдөрү аркылуу төлөнүп берилди. Ошондой эле, КР Ѳкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен Нарын шаарындагы аз камсыз болгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 231 үй бүлөөгө 118 тн. көмүр отуну шаардык социалдык өнүгүү башкармалылыгы тарабынан таратылып берилди.

      2016-жылдын 29-сентябрында КР Ѳкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө облустун, райондун жана шаардын жетекчилери менен өткөрүлгөн жыйында бардык мекеме жетекчилерге өздөрүнүн кызматкерлерин арзан көмүр отуну менен камсыз кылуу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү жана көмүр кесимдеринен түз көмүр отунун тартып келип берүү боюнча иш аракеттерин көрүү жагы тапшырылган. Бүгүнкү күндө «Таза-Нарын» жана Нарын район аралык  жылуулук камсыздоо ишканалары арзан көмүр отунун тартып келип өз кызматкерлерин көмүр отуну менен камсыз кылышты. Башка мекеме,  ишканалардын  жетекчилери дагы бул багытта  иш алып барууда.

           2017-жылдын 1-январына карата Нарын райондор аралык  жылуулук камсыздоо  өндүрүштүк мекемесине  бардыгы 25 откана карайт ( анын ичинен 22 откана электр  энергиясы, 3 откана көмүр  менен иштейт).

            Бардыгы 88  көп кабаттуу үйдү, 31 менчик үйлөрдү, республикалык бюджеттеги 22 мекемени,  жергиликтүү бюджеттеги  19 мекемени жана  4 башка   керектөөчүлөрдү, башкача айтканда 1873  абонентти  жылуулук менен  камсыз кылып  келет. Булардын ичинен  8 мектеп  анын 7сү  электр менен (1-московский,  5-автономдуу, 1-ипподром ),  1сү көмүр менен жылыйт (№4 Э.Ибраев ), 8  бала бакчанын  4 борбордук отканалар менен, 4 автономдуу откзандар  менен  жылытылат. 2016-2017-жылдын күзгү-кышкы жылытуу мезгилине отканаларды даярдоо боюнча бир катар ремонт иштери жүргүзүлдү.

            Кыргыз  Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 15-майындагы  №15-41-протоколуна ылайык электр от казандарын көмүр от казандарына өткөрүү боюнча 2015-жылдын 16-октябрында DG 2,5МВ  болгон 3 даана Кореялык көмүр отказандары алынып келинген, бирок техникалык себептерден тетиктери жетишсиз болуп монтаждоо иштери от жагуу мезгилине бүтпөй калган. Быйылкы жылга кайрадан Борбордук-ЦРК жана Ипподром көмүр отказандары монтаждалып бүткөрүлдү.  Ишканага  караштуу  отканалардагы  кышка даярдык боюнча жазалып жаткан ремонт  иштери  боюнча  алсак :

  1. Московский отканасы боюнча — №7, №10 мектептердин, Район аралык соттун жана Московский отканаларынын резервде турган электротказандары толук ремонттон өткөрүлүп, ичтери акиленип. сырдалды.
  2. Борбордук — ЦРК отканасы боюнча — Ѳткөн жылы келген Кореялык көмүр отказанынын тетиктери толукталып кайрадан монтаждалып ишке киргизүүгө даяр болуп, ошондой эле 2 млн. 912,2 миң сомго кошумча Россиялык Ижевский КВм-2,5Мвт маркасындагы жаңы көмүр отказаны алынып келинип орнотулду. Ленин№102 жана жаңы кошула турган №93546 аскер бүлүгүнүн отканаларына Тансу фирмасынын КЭО маркасындагы жаңы 160кВт кубаттуулуктагы  2 жаңы электр отказандары орнотулду.
  3. Ипподром отканасы боюнча — өткөн жылы келген Кореялык 2 даана көмүр отказандарынын тетиктери толукталып кайрадан монтаждалып ишке киргизүүгө даяр болду. Ошондой эле откананын ичинде ремонт иштери жасалды. Аны менен бирге №5, №9 мектептеринин, Ыйман бала бакчасынын жана Ленин №190, №121 үйлөрүнүн отканаларынын ремонт иштери бүткөрүлдү.

          Көп жылдардан бери ремонт иштери жасалбай келген №2025 Чек ара аскер бөлүгүнө караштуу Ленин көчөсү №32, 48, 50 көп кабатуу үйлөрдүн ички жылуулук системаларын толугу менен ремонттоо, стояктарын жаңыртып  алмаштыруу иштери бүткөрүлдү.

        Бүгүнкү күнгө карата жалпы ремонт иштерине  ишкана тарабынан 2 млн 452 миң сом жана жаңы алынган от казандар үчүн 3 млн. 680 миң сом чыгымдалган.

         2017-жылдын 1-январына карата ишкананын дебитордук карызы бардыгы —   24 млн. 240 миң сомду түздү. Анын  ичинен:

— республикалык  бюджет  — 2 млн. 585 миң  сом;

— жергиликтүү  бюджет — 8 млн.  127 миң  сом;

— элдики — 12 млн. 236,6 миң. сом;

— башка керектөөчүлөр — 1 млн. 291,4 миң сом.

           Ишкананын  «Чыгышэлектр» ААКна  1.01.2017-ж. карызы 29 млн.  243 миң сомду түздү. Бирок  2016-2017-жылдын күз кыш мезгилине даярдык иштери  жүргүзүлгөнү менен ,  жылуулук түтүктөрү  жарылгандыгына байланыштуу жана борбордук откананын ичинде ар кандай бузулууларынын  кесепетинен жылуулук өз деңгээлинде берилбей келүүдө.Учурда элдерден жана мекемелерден бир нече жолу арыз кайрылуулар келип,эл нааразы болууда. Ошондуктан ишкананын жетекчилиги    тез арада  жылуулуктун толук берилишин камсыз кылуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүп , жыйынтык чыгаруусу керек.

            Энергетика  тармагы. Нарын  шаары боюнча бүгүнкү  күндө 297 ТП  бар, анын  ичинен  185 ТП  Нарын электр  тармактар  ишканасынын  балансасында, ал эми 112 ТП  абоненттердики. План график боюнча Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан  50 ТПны  ремонттоо каралып, бүгүнкү күндө 51 ТП ремонттон өткөрүлүп, план 102,0 % аткарылды.

              Нарын  ЭТРна накталап оңдоого 2016-жылга 2220,0 миң сом план берилип, 3038,4 миң сомго иштер жазалып, план 136,9% аткарылды. Алсак 62,8 км АЧ-10кВ,  58,8 км  АЧ — 0.4кВ электр линиялары ремонттон өткөрүлдү.

          Учурдагы  оңдоого 2016-жылга 1290,0 миң сом план берилип, 1623,9 миң сомго иштер жазалып, план 125,9% аткарылды. Шаардын Запин чөлкөмүнө 452,3 миң сомдук 400кВА трансформатор орнотулду. Ал эми №248 көмөк чордондогу 160 кВА трансформатор 400 кВА жана №006 көмөк чордондогу 630 кВА күчтүк трансформатор 1000 кВА трансформаторго алмашылды. Ошондой  А.Жусупов көчөсүнө  №241 ТП чейин 250 метр  жана 10Кв «Ак-Коргон» тарамында 290метр аба чубалгылары курулуп  бүткөрүлдү.

         2016-жылдын 12 айына 161258,0 миң кВт/саат лимит берилип, 149073,0 миң кВт/ саат электр энергия пайдаланылып, 12185 миң  кВт/саат үнөмдөлгөн, же өткөн жылга салыштырмалуу 3842,0  миң кВт саат  аз пайдаланылды.

          Кабыл  алынган  электр  энергиянын  ичинен  жалпы  коромдор  20112,3 миң кВт саат, башкача айтканда 13,5% түзүп, өткөн жылдын  ушул  мезгилине салыштырмалуу 2,12% азайган.

           Анын  ичинен: 10/04кВ боюнча тех. жоготуу — 17322,1 кВт саат же 11,6%, 35 Кв боюнча тех. жоготуу — 2762,1 кВт саат же 1,85%, коммерциялык  жоготуу — 28,2 кВт саат — 0,02 %, өткөн жылга салыштырмалуу 2,54% азайган.

Нарын ЭТРи боюнча 01.01.2017-жылга карата дебитордук карыз төмөндөгүдөй:

  Жалпы    —                       73012,4 миң  сом

  — Элдики   —                        14320,3 миң  сом

  — Мекеме, ишканалар      58692,1 миң  сом

Анын   ичинен: Республикалык бюджеттеги мекемелер — 4679,79 миң  сом

 — Жергиликтүү бюджеттеги мекемелер — 560,18 миң  сом

 — Коммерциялык структуралар              — 3688,46 миң  сом

 — Башка   структуралар                             — 49745,7  миң  сом 

           Дебитордук  карыздарды өндүрүү  боюнча 1087  рейддик  иштер  жүргүзүлүп, 623 кардарга акт  протокол  түзүлүп,  12181,7 миң сом кайрадан эсепке алынды жана дебитордук карызы  бар 4158 кардардын электр энергиясы өчүрүлдү.

       Курулуш тармагында курулуш ишканаларынын 2016-жыл ичинде аткарган подряддык иштеринин көлөмү 746656,9 миң сомду түзүп, өткөн жылга  салыштырмалуу 108209,7 миң сомго көп аткарылган.

          Нарын шаарынын жарандык коргонуу даярдыгы  боюнча 2016-жылга түзүлгөн планга ылайык иштер жүргүзүлүп , табигый мүнөздөгү коркунуч келип чыккан учурда калкты жана аймакты коргонуу маселелери өз убагында чечилип, жарандык коргонуунун системасын даярдоо бекитилген планга ылайык аткарылды. Нарын шаарынын Чыгыш аймагындагы Мазар-Булак жана Сүрөт-Булак (Чыгыш) коктуларынан келген булактын суулары көп жылдардан бери, кышкы мезгилдерде ушул аймактарда жашаган жашоочуларга жана автожол каттамдарына чоң ыңгайсыздыктарды жаратып келген.Аталган кырдаалды жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳзгөчө кырдаалдар министри К.Бороновдун өзүнүн жеке көзөмөлү менен бул эки коктуга 2015-жылы 6277,9 миң сомго, ал эми 2016-жылга 1680,5 миң сомго жалпы 7958,4 миң сомго толук реконструкция иштери жасалып, өз натыйжасын берип,  учурда муз каптоолор болбогондуктан, ошол аймакта жашаган элдер ыраазы болууда, Мындан сырткары Т.Сулайманов  көчөсүндөгү коктуну ремонттоо боюнча Ага-Хан фондусу аркылуу долбоор жасалып, жактырылып Ага-Хан фондусу тарабынан 225,0 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 113,0 миң сом каралып, жалпы 338,0 миң сомдук жумуштар жасалды, ошондой эле селди алдын-алуу максатында ЖБИ участоктогунда тазалоо иштери жүргүзүлдү жыйынтыгында быйылкы нөшөрлүү жаанда өзгөчө кырдаалдар жаралган жок.

            Нарын дарыясынын жээгинде  суунун деңгээли көтөрүлүп, жээктин эрозиясын жоюу боюнча  2016-жылы жайкы мезгилде Нарын дарыясы катуу киргендиктен мурунку дамбаларды кирген суу алып кеткендиктен жеке ишкер А.Жолдошевго Запин участогундагы жээкти бекемдөө тапшырылып көзөмөлгө алынып, ошондой эле Нарын райондук суу чарба башкармасы тарабынан Теке-Секирик аймагына суу алуучу каналга коркунуч келгендиктен 250 м участокко инерттик материал тартылып, таштар ташталып, бекемдөө жумуштары жүргүзүлдү.Ошондой эле Чечейбаева көчөсүнө жана Запин аймактарында Нарын дарыясынын жээгине 1900 даана мешок инерттик материалдар жаткырылып, бекемдөө иштери жүргүзүлдү.

               Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө 2016-жылы баардыгы 502 арыз даттануулар катталып,  2015-жылга салыштырмалуу 108ге аз болгон (2015-ж. — 610). Жалпы арыз-даттануулардын ичинен 116 арыз боюнча кылмыш иши козголуп, 386 арыз боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартылган. Тергөөнүн өндүрүшүнө 170 кылмыш иши алынып алардын ичинен 124 кылмыштын бети ачылып 92,5% түзгөн, ал эми 2015-жылы 210 кылмыш иши тергелип, 136 кылмыштын бети ачылып 90,7% түздү.

        Катталган кылмыштардын ичинен 62 кылмыш уурулукка байланыштуу болсо, алардын 56сы боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, 49 кылмыштын бети ачылып, 87,5% түзүп, уурулук кылмыштарынын бетинин ачылышы өткөн жылдагыдан 0,9%га жогору болгон, ал эми мал уурулук фактылары боюнча 3 кылмыш иши тергелип, алардын бетинин ачылышы 100% түзгөн.

             Учурдун көйгөйлүү маселеси болуп жаткан диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча КР Президентинин Жарлыктарын, КР Ѳкмөтүнүн токтомдорун аткаруу боюнча Нарын шаардык мэриясы тарабынан бир катар уюштуруу багытындагы буйруктар, иш чаралар даярдалып, аткарылышы көзөмөлгө алынган. Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде “2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын” КОНЦЕПЦИЯсы мекеме-ишканаларда талкуулануу менен аткарууга алынган, өткөн жылы 2 жолу тегерек стол отуруму, 1 жолу жалпы жыйналыш өткөрүлүп диний экстремизмге каршы күрөшүү маселеси талкууланды. 2 мечит мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, 2 мечиттин негизги документтери даярдалды. Ички иштер бөлүмү тарабынан 1 кылмыш фактысы аныкталып, соттун кароосуна жиберилип, мыйзамсыз даават жүргүзгөн 17 адамга административдик чаралар көрүлдү.

          Нарын шаарынын аймагында жол коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыктарынын алдын алуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 64 жана Жаңы-Жол аймактарына 2 цифралык светафор 840 000 сомго алынып келип орнотулду, ошондой эле 400 000 сомго 88 даана жол белгилери алынып тийиштүү жерлерге коюлду.

            Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2016-жылы 26 жол кырсыгы катталып 2015-жылдан 1 кырсыкка, каза болгондордун саны 4кө, жаракат алгандардын саны 5ке, ал эми балдарга байланышкан жол кырсыктары 2ге, жаракат алгандардын саны 4 учурга  азайды.

           Ѳткөн жылы жаш өспүрүмдөр тарабынан 12 кылмыш жасалып, 2015-жылга салыштырмалуу 3 кө азайган жана алардын ичинен 9 кылмыш ууру кылмыштары болуп эсептелет.

Добавить комментарий