НАРЫН ШААРЫНЫН 2019-ЖЫЛДАГЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТИ БОЮНЧА КООМДУК УГУУ ѲТКѲРҮЛДҮ.

Бүгүн, 19-ноябрда Нарын шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджети боюнча коомдук угуу ɵткɵрүлүп, шаардык Кеӊештин депутаттары, мекеме-уюмдардын жетекчилери, коомдук уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ɵкүлдɵрү катышты.

Иш чараны ачкан шаар мэри Эмилбек Алымкулов шаардын ɵнүгүшүндɵгү эӊ чоӊ фактор бюджет экендигин, бюджет канчалык бекем болсо ошого жараша кɵп маселелер чечилээрин белгиледи.

Мындан сырткары Ѳкмɵт тарабынан 2018-2022-жылдар үчүн ɵнүгүү концепциясы иштелип чыгып, анын негизинде «ɵнүгүү чекити» катары республиканын аймагындагы 20 шаар тандалып алынганын, алардын бири Нарын шаары экендигин маалымдады.

Ошондой эле 2018-2022-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясына ылайык иштелип чыккан Нарын шаарынын ɵнүгүү программасынын долбоору менен тааныштырды.

Нарын шаарынын 2018-2022-жылдардагы ɵнүгүү программасында жалпы 1 миллиард 819 миллион 500 миӊ сомдук 32 долбоор каралган. Анын ичинде кайра иштетүү боюнча 6, инфратүзүмдү ɵнүктүрүү боюнча 11, жол тармагын ɵнүктүрүү боюнча 4, ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча 2, билим берүү тармагы боюнча 4, саламаттыкты сактоо тармагында 4, логистикалык борбор куруу боюнча 1 долбоор бар.

Шаар мэри Э. Алымкулов презентациясында ар бир долбоор тууралуу кеӊири маалымат берип, программа 2 этап менен: Нарын шаарынын экономикалык, социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорун ишке ашыруу жана Нарын шаарына жакын жайгашкан Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондору менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу жүзɵгɵ ашаарын, программанын долбоору жыл аягына чейин дагы толукталып, такталып, шаардык Кеӊештин сессиясында бекитилгенден кийин, Ѳкмɵткɵ сунушталаарын билдирди.

Иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин башкы адиси Рахат Батыркулова бюджеттик угууну жɵн гана угуп кетип калбай жеке ишкерлер тарабынан жумуш орундарын түзүү, инвестиция тартуу, киреше салыгын кɵтɵрүү боюнча сунуш-пикирлер түшсɵ жакшы болоорун белгиледи.

Мындан кийин Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгынын жетекчиси Жекшенбек Урустемов жана башкармалыктын башка кызматкерлери «Нарын шаарынын 2019-жылдагы бюджетинин долбоору», «Жергиликтүү бюджеттерди түзүү», «Дем берүүчү гранттар» темалары боюнча коомчулукка кеӊири маалымат беришти.

Коомдук угуу суроо-жооп, талкуу менен коштолду.

 

Добавить комментарий