Нарын шаарынын 6 чакырым 750 м ички жолдору реконструкцияланат

Кечээ, 14-августта Нарын шаарынын ички жолдорунун жүрүп жаткан ремонт иштери менен КР Ѳкмɵт башчысы Т.Сариев Нарын шаарына болгон иш-сапарынын жүрүшүндɵ таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Нарын шаарынын С.Орозбак, С.Андабеков, Шуллер, Молдоев  жана Ленин кɵчɵлɵрү, тактап айтканда 6 чакырым 750 м ички жолдор реконструкцияланат.

Учурда С.Орозбак, С.Андабеков жана Молдоев кɵчɵлɵрүндɵ ремонт иштери кызуу жүрүп жатат.

Ал эми Премьер-министр бүгүн Нарын районунун Дɵбɵлү айыл аймагындагы Алыш айылында салынып жаткан орто мектептин имаратын кɵрүп, Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтин курулушу  жана Нарын жылуулук берүү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Добавить комментарий