НАРЫН ШААРЫН КИМДЕР ЖЕТЕКТЕГЕН?

Нарын шаарыбыздын 150 жылдык тарыхында аны жетектеген тарыхый инсандардын албетте татыктуу орду бар. Ар кайсы мезгилде шаар башында тургандар ɵз заманынын шарттарына жана талаптарына ылайык иш жүргүзүшүп, шаардын социалдык-экономикалык ɵнүгүшүнɵ, калктын жашоо-турмушунун жакшырышына тийиштүү салымдарын кошушкан. Алардын ким экендиги жана кайсы учурда шаарды жетектегендиги тууралуу маалыматтык материалга орун беребиз.

УМЕРБАЕВ-уезддик шаардык аткаруу комитетинин тɵрагасы (1923-жылдан)
ТЕМИРБЕКОВ-кантондук аткаруу комитетинин тɵрагасы (1927-жыл)
ТОКОЕВ-кантондук аткаруу комитетинин тɵрагасы (1928-жыл)
БОРОШЕВ-кантондук аткаруу комитетинин тɵрагасы (1929-1930-жылдар)
ҮРКҮМБАЕВ. Ы-шаардык кеӊештин тɵрагасы (1929-1930-жылдар)
ИМАНКУЛОВ. Ж-Нарын райаткомунун тɵрагасы (1935-1937-жылдар)
ИСМАДИЯРОВ-Нарын райаткомунун тɵрагасы (1938-жыл)
ЧАРГЫНБАЕВ-Нарын райаткомунун тɵрагасы (1938-жыл)
ИВАНОВ-Нарын райаткомунун тɵрагасы (1939-жыл)
БИКБАЕВ-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1940-жыл)
ЛЕМОХИНА-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1940-1941-жылдар)
КАЛИНИН-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1941-1942-жылдар)
ЧЕЧПАГО-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1942-жыл)
МАКСҮТОВ-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1942-жыл)
ТОКТОСУНОВА Р.-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1942-жыл)
ЭРКИНБАЕВ К.-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1942-1944-жылдар)
КЫРБАШЕВ А.-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1944-1946-жылдар)
ЛОЕВ М.-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1946-1948-жылдар)
ҮСѲНОВ А.-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1948-1953-жылдар)
ТОКТОСУНОВ И. Нарын шаараткомунун биринчи катчысы (1951-1954-жылдар)
ЖАЙЛООБАЕВ К.-Нарын шаараткомунун биринчи катчысы (1954-1955-жылдар)
СУЛАЙМАНОВ-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1954-1957-жылдар)
ВОТРИН П.И.-Нарын шаараткомунун биринчи катчысы (1955-1956-жылдар)
КАДЫРОВ С. Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1957-1961-жылдар)
СУЛТАНАЛИЕВ-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1961-1963-жылдар)
ШАБОЛОТОВ К.-Нарын шаараткомунун биринчи катчысы (1963-1966-жылдар)
КУЛЖЫГАЧЕВ К.-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1963-1965-жылдар).
ШАРШЕНАЛИЕВ Ү.-Нарын шаараткомунун биринчи катчысы (1966-1968-жылдар)
СУЛТАНБАЕВА К.-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1965-1966-жылдар).
ЖАМАНКУЛОВ К.-Нарын шаараткомунун биринчи катчысы (1968-1970-жылдар).
МЫРЗАБЕКОВ К.-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1966-1971-жылдар)
БЕКТЕМИРОВ З.-Нарын шаараткомунун биринчи катчысы (1970-1980-жылдар)
ЗАРИПОВ А.-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1971-1975-жылдар)
ТОКТАЛИЕВ Р.-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1975-1983-жылдар)
АКИМАЛИЕВ Ж.-Нарын шааркомунун биринчи катчысы (1980-1985-жылдар)
СЫЙДАНОВ Ж.-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1983-1986-жылдар)
ОМОРОВА Р.-Нарын шааркомунун биринчи катчысы (1985-1991-жылдар)
КЕРМАКУНОВ А.-Нарын шаараткомунун тɵрагасы (1986-1990-жылдар)
БЕКТУРОВ О.-Нарын шаараткомунун тɵрагасы, Нарын раймамадминистрациясынын башчысы (1991-1996-жылдар)
АКМАТАЛИЕВ А.-Нарын раймамадминистрациясынын башчысы (1996-1997-жылдар)
ДЕРКЕМБАЕВ К.-Нарын раймамадминистрациясынын башчысы (1997-2000-жылдар)
КАСМАЛИЕВ А.-Нарын раймамадминистрациясынын башчысы (2000-2002-жылдар)
КЕНЖЕТАЕВ А.-Нарын раймамадминистрациясынын башчысы (2002-2003-жылдар)
КЕРМАКУНОВ А.-Нарын шаар башкармасынын башчысы (1996-2002-жылдар)
ЖАПАРАЛИЕВ Б.-Нарын шаар башкармасынын башчысы (2002-жыл)
АЙДАРАЛИЕВ А.-Нарын шаар башкармасынын башчысы (2002-2004-жылдар)
БОГАЧИЕВ Б.-Нарын шаарынын мэри (2004-2008-жылдар)
КУЛМАТОВ А.-Нарын шаарынын мэри (2008-2010-жылдар)
ЖЭЭНАЛИЕВ Б.-Нарын шаарынын мэри (2010-2014-жылдар)
АДИЕВ Р.-Нарын шаарынын мэри (2014-2017-жылдар)
АЛЫМКУЛОВ Э.-Нарын шаарынын мэри (2017-жылдан бери).

(Маалымат «Теӊир Тоо» гезитинен, облустук архив башкармалыгынан алынды).

Добавить комментарий