НАРЫН ШААРЫН СУУ МЕНЕН ЖАБДУУ ЖАНА КАНАЛИЗАЦИЯ ТУТУМДАРЫН РЕАБЛИТАЦИЯЛОО ДОЛБООРУНУН ИЙГИЛИКТҮҮ ИШКЕ АШПАЙ КАЛЫШЫНЫН СЕБЕПТЕРИ, МЫНДАН АРКЫ КАДАМДАР ТАЛКУУЛАНДЫ

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков ЕРӨБ (Европа реконстурукциялоо жана өнүктүрүү банкы) каржылоосунда жүрүп жаткан Нарын шаарынын суу курулмаларын жакшыртуу долбоорундагы кемчиликтерди аныктап чечүү жолдорун талкуулаган жыйын өткөрдү. Жыйынга аталган долбоорду ишке ашырууга катыштыгы бар тараптардын баардыгы; (Нарын суу канал ишканасы, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы, “Минур” ишканасынын жетекчиси Нурлан Исмаилов, Консультанттык кылган “Элкон” ишканасынын өкүлү Нияз Эсенбеков, долбоордун автору ж.б) катышуусунда долбоордо келтирилген каталар жана авариялык жарылуулардын себептерин талкуулашты.Долбоордун каржылоосунда Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүндөгү, Московский чөлкөмүндөгү Кирпич аймагындагы суу түтүктөрү алмаштырылып, Чоң -Алыш көчөсүнө суу чыгарылган. Жаңы суу түтүктөрү сыноо учурунда, суунун басымын көтөрө албай авариялык жарылуулар болуп, калкка таза суу берүү үзгүлтүккө учуруп келет.Жаңы салынган түтүктөрүндө жалпы 32 жолу жарылуу катталып, бүткөн иштер Нарын суу канал ишканасы тарабынан кабыл алуу жүргүзүлгөн эмес жана долбоордун ийгиликсиз ишке ашышы боюнча иш укук коргоо органдарына Нарын шаардык мэриясы тарабынан берилип, учурда тергөөдө.Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков: Ири суммадагы акча каражаты салынып, бирок талаптагыдай ишке ашпай калышына ким күнөлүү экенине кызыгып, бул эки тараптуу келишпестиктен улам Шералиев көчөсүн оңдоо жумуштары кармалып, жашоочулардын нааразычылыгын жараткан маселелерди аягына чыгаруу зарылчылыгын белгилеп, жумушчу жолугушууларды дайындады.Таза суу курулмаларын жаңыртуу долбоорун тендерден утуп алган Минур ишканасынын өкүлдөрү долбоор экспертизадан өтүп, ошого жараша ишке ашырылгандыгын белгилеп, Нарын суу канал ишканасы туура эмес пайдаланууда деген жүйө келтирсе, Нарын суу канал ишканасы Минур ишканасына 18 пунтан турган кемчиликти аташып бүткөн ишти кабыл алууга макул эместигин айтышты.Алдыда аталган маселени чечүү максатында жолугушууларды өткөрүү белгиленип, күнөлүү тарапты аныктоо жана маселени аягына чыгаруу сүйлөшүлдү.

Добавить комментарий