НАРЫН ШААРЫН ТАЗАЛОО БОЮНЧА ЖАРЫЯЛАНГАН ҮЧ АЙЛЫКТЫН АЛГАЧКЫ ИШЕМБИЛИГИ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 15-апрелде Нарын шаарында облустун борборун тазалоо, санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, кɵрктɵндүрүү боюнча мэрия тарабынан жарыяланган үч айлыктын алкагында ушул жылдын алгачкы ишембилиги ɵтүүдɵ. Бул тууралуу мэрияны маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Ишембиликке мекеме, ишканалардын кызматкерлери менен шаар тургундары болуп, жалпы  5  миңден ашык адам катышууда.

Бүгүнкү ишембиликтин максаты таштандыларды чыгарып, арыктарды тазалоо, шаар аймагында таштандыларды тазалоону уюштуруу аркылуу шаардыктардын көңүлүн буруп, шаарды таза сактоо маданиятын жогорулатуу болуп эсептелет.

Мындай демилге ар тараптан колдоого алынып, шаар тургундары ɵз короо-жайларын, жашаган жеринин айланасын тазаласа, мекеме-ишканалардын кызматкерлери үч айлыктын алкагында бекитилген тилкелерди тазалоого чыгып, эс алуу бакчаларын, кɵчɵлɵрдү ирээтке келтирүүдɵ.

Шаар мэри Э.Алымкулов өзү чакырык таштап, шаардын таза болушуна кайдыгер карабаган мекеме, ишканаларды, шаар тургундарын ишембиликке активдүү катышып берүүгө үндөдү.

Ишембиликтен чогулган таштандыларды чыгарууга  шаардан 15 автотехника тартылды.

Добавить комментарий