НАРЫН ШААРЫН ѲНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ.

Бүгүн, 31-майда «Нарын шаарынын 2018-2022-жылдар аралыгындагы социалдык-экономикалык ɵнүгүү программасынын» долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлуп, сунуш-пикирлер менен толукталды.

Белгилей кетсек, аталган программа Президенттин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн  «2018-2022-жылдар аралыгындагы региондорду ɵнүктүрүү концепциясынын» негизинде иштелип чыккан.

Ошондой эле быйылкы «Региондорду ɵнүктүрүү» жылынын алкагында Ѳкмɵттүн «Кыргыз Республикасынын Аймактык саясатты ɵнүктүрүү концепциясын 2018-2022-жылдарга карата бекитүү жɵнүндɵ» токтомунун негизинде ɵлкɵ аймагы боюнча 20 шаар ɵнүгүү чекити катары тандалып алынган. Иргелип алынган пилоттук аймактардын катарына облус боюнча Нарын шаары жана Кочкор району кирген.

Бүгүнкү отурумдун максаты «Нарын шаарынын 2018-2022-жылдар аралыгындагы ɵнүгүү программасын» талкуулоо менен бирге шаарга жакын жайгашкан Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондору менен биргелешкен долбоорлорду аныктоо болуп саналды.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Аймак аралык башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиев, Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн алдындагы Стратегиялык изилдɵɵлɵр боюнча улуттук институттун эксперти Александр Третьяков, жергиликтүү Кеӊештин депутаттары, Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунун жана Бириккен улуттар уюму, Борбордук Азия университети, «Нарын» Эркин экономикалык аймагы, АРИС сыяктуу эл аралык уюмдардын ɵкүлдɵрү, Нарын шаарынын коомчулугу катышты. Уюштуруу иштерине БУУнун «Нарын облусун комплекстүү ɵнүктүрүү» долбоору тарабынан материалдык колдоо кɵрсɵтүлдү.

Отурумду ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов иш чаранын максатына кыскача токтолуу менен региондук саясаттын негизги максаты- өзүнө өнүгүү борборлорун жана тийиштүү айылдык аймактарды камтыган, негизги аймактардын өнүгүүсүн бир жерде топтоп, колдоо аркылуу калктын жашоо сапатын жана бакубатчылыгын жогорулатуу үчүн  тездетилген социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу экендигин билдирди.

Ошондой эле Нарын шаары «Кыргыз Республикасынын аймактарды өнүктүрүү концепциясын» ишке ашыруунун алкагында Нарын облусундагы негизги өнүгүү чекити жана жакынкы райондор үчүн таяныч аянты катары тандалып алынып жаткандыгын эске алуу менен Нарын шаардык мэриясы тарабынан шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, ишкердүүлүк чөйрөсүнө тиешелүү шарт түзүү жана социалдык коргоо тармактарын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жаткандыгын,  долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга тиешелүү шаардык мекемелердин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын колдоосу зарыл экендигин белгиледи.

Мындан кийин Нарын шаардык мэриясынын адиси Нурбек Ѳмүрзаков тарабынан Нарын шаарынын ɵнүгүү программасынын негизги этаптары презентацияланды.

Маалымдай кетсек, программа негизги үч этапка бɵлүнгɵн. Алар: Нарын шаарынын экономикалык, социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашыруу; Нарын шаарына жакын жайгашкан Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондору менен биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана мамлекеттик деӊгээлдеги долбоорлорго катышуу этаптары.

Отурумда программага камтылган долбоорлор боюнча кɵпчүлүк тарабынан жакшы ой-пикирлер айтылып, сунуштар киргизилди. Эл аралык уюмдардын ɵкүлдɵрү долбоорлордун айрымдарын колдоп берүү жагын карап кɵрүшɵɵрүн билдиришти.

Эми «Нарын шаарынын 2018-2022-жылдарга ɵнүгүү программасынын» долбоору сунуштарды эске алуу менен дагы толукталып, Экономика министрлигине сунушталат. Министрликтен алымча-кошумча киргизилгенден кийин жергиликтүү Кеӊеш тарабынан бекитилип, ишке кирмекчи.

 

 

 

 

Добавить комментарий