НАРЫН ШААРЫН 2018-2023-ЖЫЛДАР АРАЛЫГЫНДА ѲНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ИШТЕЛИП ЧЫГУУДА.

Президенттин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн  «2018-2023-жылдар аралыгындагы региондорду ɵнүктүрүү концепциясы» иштелип чыккан.  Бүгүнкү күндɵ ушул концепциянын негизинде Нарын шаарын  2018-2023-жылдарда социалдык-экономикалык ɵнүктүрүү программасынын долбоору даярдалууда.

Бүгүн Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов эл аралык уюмдардын ɵкүлдɵрү менен жолугуп, Нарын шаарын ɵнүктүрүүдɵ эл аралык уюмдар менен биргелешип кайсы долбоорлорду ишке ашырууга болоору туурасында пикир алмашты.

Шаарды ɵнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча талкууга Борбордук Азия университетинин Нарын шаарындагы кампусунун башчысы Кубан Сыдыбаев, аталган окуу жайдын Коомчулук байланыштары боюнча окулу Акылбек Чымырбаев, Бириккен улуттар уюмунун Нарын облусу боюнча координатору Бакыт Шерипбаев, Нарын Эркин экономикалык аймагынын генералдык директору Гүлзат Абдрасулова жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн алдындагы Стратегиялык изилдɵɵлɵр боюнча улуттук институттун эксперти Александр Третьяков жана башкалар катышып, ой-пикирлерин ортого салышты.

Борбордук Азия университетинин ɵкүлдɵрү Нарын шаарына бир мектеп куруп беруу жана Ак-Кыя аймагындагы панораманы калыбына келтируу боюнча долбоорлорду тузуу жагы талкууланып жатканын билдиришти.

Ал эми Нарын Эркин экономикалык аймагынын генералдык директору Ат-Башы районуна курулуп жаткан логистикалык борбор менен Нарын шаарын байланыштыруу боюнча сунуш берээрин айтты.

Бириккен улуттар уюмунун Нарын облусундагы координатору программа иштелип чыккандан кийин айрым долбоорлорду каржылоо жагын карап кɵрүшɵɵрүн билдирди.

Шаар мэри Нарын шаарын ɵнүктүрүү программасын иштеп чыгууда ушул пикирлер эске алынаарын айтып, программа иштелип чыккандан кийин Ѳкмɵттɵ презентацияланып, андан соӊ ишке аша баштаарын белгиледи.

Мындан кийин шаардагы мекеме-ишканалардын ɵкүлдɵрүнүн катышуусунда программанын долбоору талкууланып, ар бир мекеме-ишкана ɵздɵрүнүн  сунуштарын айтышты.

Иш чарада Стратегиялык изилдɵɵлɵр боюнча улуттук институттун эксперти Александр Третьяков тарабынан программаны түзүү боюнча кеп-кеӊештер берилди.

 

 

Добавить комментарий