Нарын шаары боюнча 11-класстын 11 бүтүрүүчүсү артыкчылык аттестаттарына ээ болушту

Кечээ 23-июнда, Нарын шаарынын бардык орто мектептеринде 11-класстардын бүтүрүүчүлɵрүнɵ жетилүү аттестаттарын тапшыруу аземи болуп ɵттү.

Аттестат тапшыруу аземи бардык мектептерде саат 10:00 до башталып, ага мэриянын кызматкерлери, ата-энелер, мугалимдер жамааты жана бүтүрүүчүлɵр катышышты.

Маалымат үчүн айтсак, 2013-2014-окуу жылында Нарын шаары боюнча 7090 окуучу билим алып, анын ичинен 9 — классты 618 окуучу аяктап, мунун ичинен артыкчылык күбɵлүккɵ 55 окуучу ээ болду.

Ал эми 11-классты 376 окуучу аяктаса, анын ичинен артыкчылык аттестатка кɵрсɵтүлүп улуттук тестирлɵɵнүн жыйынтыгы менен 36 талапкердин ичинен 11 окуучу кызыл аттестаттардын ээси болушту.

Мына ошол ɵзгɵчɵ үлгүдɵгү аттестат менен аяктаган окуучуларга документтерин тапшыруу иш чарасы, 21-июнда, №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында вице-мэр С.Эсенаманованын катышуусунда ɵттү.

Добавить комментарий