НАРЫН ШААРЫ КѲМҮР МЕНЕН 65 ПАЙЫЗГА КАМСЫЗ БОЛДУ.

Үстүбүздɵгү жылдын күз-кыш мезгилине карата Нарын шаарынын мекеме-ишканаларына жана калкына жалпы 9240 тонна кɵмүр отуну керектеле турган болсо, бүгүнкү күндɵ 65 пайызы камсыздалды.

Тактап айтканда, Жылуулук берүү ишканасы жана социалдык мекеме-ишканалар 100 пайызга камсыз болуп, ал эми калктын 41 пайызы кɵмүр алышкан.

Учурда шаардагы атайын уюштурулган кɵмүр кампаларында жана жеке ишкерлердин үйлɵрүндɵ, автоунааларында 300 тонна кɵмүр сатыкта турат.

Суук түшүп калгандыгына байланыштуу шаар тургундары да сарамжалдуу болуп, эртелеп кɵмүр отунун камдап алуулары зарыл.

Бүгүнкү күндɵ Жаӊы-Жол аймагындагы Б. Аттокуровдун (0701 14 64 64) кампасында 10 тонна, РТС аймагында (эски РТСтын короосунда) И. Турсунбаевдин кампасында (0703 23 88 81) 44 тонна, Городок аймагында (кɵк дүкɵн) А. Усубалиевдин кампасында (0708 05 10 10) 5 тонна, Ак-Коргон аймагында ГП «Кыргыз кɵмүр» (Социалдык фонддун имаратынын жанындагы контейнер) У. Акуновдун кампасында (0700 11 22 54) 12 тонна, РТС аймагында ГП «Кыргыз кɵмүр» («Элдик» дүкɵнүнүн жанындагы контейнер) У. Акуновдун кампасында (0700 11 22 54) 5 тонна кɵмүр сатылууда.

Мындан сырткары РТС аймагында «Айдай» дүкɵнүнүн жанында 10 тонна, Борбордук базарда эски мончонун жанында 110 тонна, Жаӊы-Жол аймагында 15 тонна, РТС аймагынын Биримдик кɵчɵсүнүн 15-үйүндɵ 15 тонна, Сүрɵт-Булак кɵчɵсүндɵгү 36-үйдɵ 35 тонна, Борбор аймагындагы Айгыр-Жал кɵчɵсүнүн 21-үйүндɵ 20 тонна, Городок аймагындагы Газпром АЗСтин артында 19 тонна кɵмүр бар.

Ошондой эле жеке ишкерлер Н. Иманалиев, Р. Байбосунов, Ѳ. Молдокулов, У. Кыштообеков, Ж. Нурманбетова, М. Бирназаров, М. Турдалиев жана башкалар ɵздɵрүнүн автоунаалары менен кыдырып сатышууда.

Бардык соода түйүндɵрүндɵ кɵмүрдүн тоннасы 3500, бир кап кɵмүр 180 сомдон сатылып жатат.

Добавить комментарий