НАРЫН ШААРЫ “КӨЧМӨНДӨР КАЙРЫКТАРЫ” МАДАНИЙ ИШ ЧАРАСЫНАН БАЙГЕЛҮҮ КАЙТТЫ

Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Талас облусунда өткөрүлгөн “Көчмөндөр кайрыктары” аталышындагы республикалык деңгээлдеги маданий иш чарага Нарын шаары да жигердүү катышып, “Улуттук саркеч кийимдер” кароо-сынагында 2-орунду камсыз кылып, байгелүү кайтышты.

Сынакта кыргыз элинин 7 жаштан 70 жашка чейинки курактагы адамдар үчүн ылайыкталып табигый, нукура материалдардан тигилген улуттук саркеч кийимдери эл алдына жогорку чеберчилик менен тартууланды.

Улуттук кийимдердин катарын суусар, кундуз, үкү тебетейлер, калпактын түрлөрү, элечек, шөкүлө, кеп такыя, бөртмө жана жүн жоолуктар, илбирс, карышкыр, түлкү, көрпө ичиктер, ак тон, кементай, төө, бархыт, тукаба чепкендер, кийизден жасалган бешмант, шым, чокой, маасы сыяктуу нукура буюмдар түздү.

Ушул иш чарага катышып, Теңир Тоонун намысын коргоп келген жалпы катышуучуларга жана Таласка барып келген топко материалдык, моралдык жактан колдоо көрсөткөн бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз.

Без названия

Добавить комментарий