НАРЫН ШААРЫ ЛАТВИЯНЫН ПАРГАУЯ ШААРЫ МЕНЕН ДОСТУК АЛАКАСЫН ТҮЗДҮ.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Латвия мамлекетинин Паргауя шаардык муниципалитетинин тɵрагасы Хардийс Вентс менен достук жана ɵз ара кызматташуу келишимине кол койду.

Келишим социалдык-экономикалык ɵнүгүү жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча ɵз ара тажрыйба алмашуу максатын кɵздɵдү.

Анын негизинде коомдук транспортту, туризмди, соода-сатыкты, коомдук тамак-ашты ɵнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мерчемделди. Эки ɵлкɵнүн муниципалитеттеринин ортосунда Кыргызстан менен Латвиянын улуттук каада-салттарын жайылтуу, маданий мурастарын даӊазалоо, ɵз ара улуттук кол ɵнɵрчүлүк кɵргɵзмɵлɵрүн жана концерттик турларды уюштуруу пландары коюлду.

Бул саамалык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын ɵкүлдɵрүнүн Латвиядагы 1-октябрдан 5-октябрга чейинки 5 күндүк иш сапарынын алкагында жүзɵгɵ ашты.

«Кыргызстанда Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарын ɵнүктүрүү жана сапаттуу башкарууну жылдыруу» долбооруунун алкагында ɵткɵрүлүп жаткан иш сапарды Латвиянын Тышкы иштер министрлиги жана Ѳнүктүрүү саясат институту каржылап, Латвиянын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу ассоциациясы уюштурду.

Латвияга Кыргызстандан барган топтун курамын Жогорку Кеӊештин, Ѳкмɵттүн, Президенттик администрациянын, Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруулар союзунун ɵкүлдɵрү, шаарлардын мэрлери, айыл ɵкмɵт башчылары түздү.

Иш сапардын алкагында Латвиянын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү жана жүргүзүп жаткан реформалары боюнча кеӊири тажрыйба алмашуу болду.

Нарын шаарынан сырткары Ош облусунун Жазы жана Ысык-Кɵл облусунун Кара-Ой айыл аймактары дагы Латвиянын Рауна жана Амата муниципалитеттери менен ɵз ара алака түзүүгɵ жетишти.

Добавить комментарий