НАРЫН ШААРЫ МЕНЕН АНКАРА ШААРЫНЫН ЭТИМЕСГУТ РАЙОНУНУН ОРТОСУНДАГЫ ДОСТУК МАМИЛЕ БЕКЕМДЕЛЕТ.

Бүгүн, 22-июлда Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Этимесгут районунан келген расмий топ Нарын шаарында иш сапары менен болду.

Этимесгут районунун мэри Энвер Дэмирель баштап, курамы аталган шаардын вице-мэрлеринен, депутаттарынан, муниципалдык кызматкерлеринен, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ɵкүлдɵрүнɵн турган расмий топту Нарын шаарында алгач Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов кабыл алды.

Андан кийин түркиялык боордошторду «Хан-Теӊри» мейманкана комплексинде Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин кызматкерлери, шаардык Кеӊештин депутаттары, шаардын муниципалдык ишканаларынын ɵкүлдɵрү тосуп алып, эки шаардын муниципалитеттеринин ортосундагы достук жана кызматташуу алакасын ийгиликтүү улантуу боюнча сүйлɵшүүлɵр жүрдү.

Маалымат үчүн айта кетсек, үстүбүздɵгү жылдын 7-февралында Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Этимесгут району менен Нарын шаарынын ортосунда түзүлгɵн кызматташуу келишимине эки шаардын мэрлери: Энвер Дэмирель жана Эмилбек Алымкулов кол коюшкан.

Келишимде эки шаардын ортосундагы достук мамилени бекемдɵɵ менен катар экономикалык, коммерциялык, билим берүү, маданий алакаларды ɵнүктүрүү, шаарлардын чарба жүргүзгɵн субьектилеринин ортосундагы түздɵн-түз экономикалык байланыштарды камсыз кылуучу биргелешкен аракеттерди жүзɵгɵ ашыруу маселелери камтылган.

Түрк боордоштордун бүгүнкү иш сапары ошол келишимдеги маселелерди иш жүзүнɵ ашыруу, боордош эки элдин кызматташтык жана бир туугандык мамилесин бекемдɵɵ максатын кɵздɵдү.

Жолугушууда эки тараптын ɵкүлдɵрү жылуу пикир алышып, эки шаардын ɵзгɵчɵлүктɵрү, шаардык мэриялар менен жергиликтүү кеӊештердин мыкты тажрыйбалары, муниципалдык кызматтын иш ыргагы жана башка маселелер боюнча ой бɵлүшүштү.

Меймандарга Нарын шаарындагы 17 инфратүзүмдүк долбоордун ишке аша электери, тактап айтканда, Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтты реконструкциялоо, шаардын борбордук Ала-Тоо стадионун оӊдоп-түздɵɵ, бала бакча куруу, таштанды салуучу челектер менен камсыздоо, Ж. Акималиев атындагы паркты реконструкциялоо долбоорлору тааныштырылды.

Анкара шаарынын Этимесгут районунун мэри Энвер Дэмирель мырза: «Сиздерде жумуш оор, бирок каалоо болсо иштин 50 пайызы бүткɵнгɵ тете эмеспи. Сиздерден ишке болгон чоӊ кызыгууну кɵрүп жатам. Бул эмгегиӊиздерге кандай салым кошо алаарыбызды буюрса депутаттар менен отуруп, кеӊешип, иштеп чыгабыз. Бирок мен боордоштугубузду, бир туугандыгыбызды күчтɵнтүүгɵ салым кошуучу жакшы бир ишти жүзɵгɵ ашыраарыбызга ишенем»,-деп билдирди.

Жолугушуу эстелик үчүн сүрɵткɵ түшүү, белек беришүү озуйпалары менен коштолду.

Эртеӊ түркиялык меймандар Нарын шаарын кыдырып, обьектилер менен таанышып, Ат-Башы районуна сапарын уламакчы.

Добавить комментарий