НАРЫН ШААРЫ ЮСАИД УЮМУ МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ

Бүгүн 7-февралда Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ЮСАИДдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын жетекчиси Гэри Линден мырзаны кабыл алды.

Эки тараптуу баарлашууда Нарын шаары менен ЮСАИД уюмунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдɵɵ тууралуу сɵз болду.

Гэри Линден мырза Нарын шаары жакшы таасир калтырганын, бул жерде табияттын кооздугунан сырткары шаардын тазалыгы, жылуу кабыл алуу жана башка кɵзгɵ биринчи урунган факторлор уюшкандыкта иш алып барылып жатканынан кабар берип турганын айтты. Бул шаарда туристтик чоӊ потенциал бар экенин белгилеп, ɵзү да турист катары эс алууга жана жакындарын чакырууга даяр экенин билдирди.

«Шаарда жеткиликтүү иштер бар экен. Балким ЮСАИДдин учурда ишке ашып жаткан «Ийгиликтүү аймак» долбоору муниципалдык кызматты мындан да жакшыртууга жардам бериши мүмкүн»,-деген оюн айтты. Ошондой эле «Конкуренттүү ишкана» долбоору аркылуу Нарындагы жеке ишкерлерге ишкердигин кеӊейтип алуу үчүн гранттык жардам берилээрин маалымдады.

Сɵз кезегинде Эмилбек Алымкулов Гэри Линден мырзага Нарын шаары тууралуу маалымат берип, ЮСАИД уюму менен буга чейин болуп келген кызматташтык мына ары да жемиштүү улана берүүсүнɵ тилектештигин билдирди. Ошону менен бирге туризм тармагын ɵнүктүрүү, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу, логистикалык борбор куруу, таштандыларды иргей турган нерселерди ишке киргизүү, аймактык кеӊселерди техникалык жабдуулар менен камсыздоо сыяктуу маселелер боюнча кызматташуу сунушун ортого салды. Ал эми учурда иштеп жаткан «Ийгиликтүү аймак» долбоору боюнча жакшы пикирин айтып, ыраазылык билдирди.

Жолугушуу ɵз ара түшүнүшүү кырдаалында ɵтүп, кызматташтыкты иштиктүү улантуу жагдайлары каралды.

Добавить комментарий