НАРЫН ШААРЫ III ДҮЙНӨЛҮК КѲЧМѲНДѲР ОЮНДАРЫНА ДАЯР

27-июлда Нарын шаарында III Дүйнөлүк кɵчмɵндɵр оюндарын ɵткɵрүү боюнча бекитилген Жобого ылайык жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн аппаратынын комиссиясына кɵрсɵтүлдү.

Мунун негизинде Нарын шаарындагы “Алма бак” паркына боз үй тигилип, “улуттук салттуу ыр”, “улуттук бий”, “улуттук кийим-кечелер”, “кɵчмɵндɵрдүн турмуштук оюндары”, “ийик ийирүү”, “кыл аркан эшүү”, “жүк жыюу”, “ала кийиз жасоо”, “терме согуу”, “камчы ɵрүү”, “чий согуу”, “зергерчилик”, “талды тез аарчуу”, “кыргыз боз үйүн жасалгалоо”, “күл азык даярдоо”, “элдик кол ɵнɵрчүлүк”, “кɵркɵм сүрɵт ɵнɵрү” номинациялары боюнча чоӊ программадагы маданий иш чара ɵткɵрүлдү.

Иш чарага шаардагы билим берүү, маданият тармагынын кызматкерлери, кол ɵнɵрчүлɵр, памирлик кыргыздар активдүү катышты.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева баштаган комиссия мүчɵлɵрү III Дүйнөлүк кɵчмɵндɵр оюндарына Нарын шаары дээрлик даяр экендигин белгилеп, номинациялар боюнча индивидуалдуу тапшырмаларды беришти.

Добавить комментарий