Неврология болүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү

Бүгүн, 9-сентябрда, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын неврология бөлүмүнүн жаңы имаратынын кызыл тасмасын кесүү аземи өттү.

Иш чарага КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Ч.Турсунбеков, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-секретары П.Суюмбаева, КРѲ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Р.Адиев, оорукананын дарыгерлери жана медицина кызматкерлери катышышты.

Неврология бөлүмү облус боюнча бир гана Нарын шаарында иштеп келген. Бөлүмдүн эски имараты 50 жылдан ашык убакыт мурун курулуп (1964-ж.), учурда санитардык-гигиеналык нормаларга туура келбей, авариялык абалда турган.

Облустук бириктирилген оорукананын маалыматы боюнча бир жылда 1700дөн ашык оорулуу жатса, анын 180-200 салмактуу инсульт оорулуулары. Неврология бөлүмү эсептелген 50 адамдын ордуна 57-60 чейин оорулууларды кабыл алып, имарат талапка жооп бербегендиктен оорулууларды дарылоодо кыйынчылыктар жаралып келген.

Келип чыккан көйгөй боюнча 2012-жылы КР ЖК чечим кабыл алып, ошол эле жылы 2 этаждуу, жертөлөсү менен имараттын курулуш иштери башталган.

Тендерден утуп чыккан “ЭКАРАС-5” фирмасы тарабынан курулуш иштери жүргүзулдү. Жертөлөсү менен биринчи, экинчи кабаттары бүткөрүлүп, чатыры металлочерепица менен жабылды. Азыркы күндө 62 млн. сомго толугу менен курулуш иштери аяктап, андан тышкары 7 млн 500 миң сомго катуу, жумшак инвентарлар жана медициналык жабдуулар коюлду. Буга чейин болүмдө жок болуп келген кардиомонитор, дефибриллятор, эхо-энцефалограф, транскраниальный доплер берилди.

Белгилей кетсек ачылыш аземинин жүрүшүндө КР ЖК төрагасы Ч.Турсунбеков Жогорку Кеңештин фондунун эсебинен 100 миң сом акча каражатын тапшырды.

Добавить комментарий