НООРУЗ-ҮМҮТ-ТИЛЕКТЕРДИН МАЙРАМЫ.

Нооруз майрамы Нарын шаарында ɵзгɵчɵ майрамдык маанай менен белгиленди.

Аба ырайынын кескин ɵзгɵрүүсүнɵ, ак кардын себелеп жаап турганына карабай шаардын борбордук аянты майрам шаӊына бɵлɵнүп, элдин агымы кɵп болду.

Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш чаранын расмий бɵлүгүн ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов шаардын элин куттуктап, Улустун улуу күнү жалаӊ жакшылыктарды, жаӊы ийгиликтерди, бак-таалай, ырыскы-дɵɵлɵттү алып келүүсүнɵ тилектештигин билдирди.

Андан соӊ Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жаныш Ибраимакун уулу куттуктоо сɵзүн сүйлɵп, эл-жерге тынчтык, ынтымак, аманчылык, токчулук, молчулук каалашты.

Майрам шаӊы М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын, Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинин, Нарын шаардык жана райондук маданият бɵлүмдɵрүнүн, ошондой эле студенттердин, окуучулардын аракети менен даярдалган театралдаштырылган оюн-зоок менен кɵркүнɵ чыкты.

Борбордук аянтта улуттук тамак-аштардын кароо-сынагы ɵткɵрүлүп, «Ала-Тоо» стадионунда улуттук оюндар менен коштолду.

Добавить комментарий