Н.МОЛДОКАДЫРОВ: БАТЫШ ЧӨЛКӨМҮ КОЛДООГО МУКТАЖ

Бүгүн, 24-январда Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, биринчи вице-мэр Давид Курманов, вице-мэр Салтанат Эсенаманова жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери Нарын шаарынын Батыш чөлкөмүнүн тургундары менен жолукту.

Жолугушууда адатка айланып калгандай шаар мэри 2019-жылы Нарын шаардык мэриясы тарабынан жасалган иштер тууралуу айтып өтүп, 2020-жылга коюлган пландары менен бөлүштү.

Андан соң 2019-жылы жолугушууда айтылган айрым көйгөйлөр чечилгенин баса белгиледи. Алардын бири, Ак-Коргон аймагына “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен №3-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты курулуп, пайдаланууга берилгени жана аймактагы таза суу маселеси аз да болсо чечилгенинин жетишкендик катары баалады.

Жолугушуунун калган бөлүгү суроо-жооп менен уланды. Тургундар Нурбек Молдокадыровго көптөгөн суроо-талап, сунуштарын айтышты. Алар, мал багуу үчүн жеңилдетилген насыяларды берүүнү көбөйтүү, маршруттук каттамдар тиешелүү жерге чейин келбей жатканы, аймактагы мектептин абалы, бала-бакчанын тартыштыгы, кышкысын Төш-Булакка чейин жолдун тазаланбай калып жатканы, жаңы парк куруп берүү, көпүрөлөрдүн начардыгы, канализация, жолдордогу тактачалардын толук болбой жатканы, кичи футбол аянтчасынын жоктугу сыяктуу орчундуу маселер көтөрүлдү.

Бул айтылган көйгөйлөрдүн көпчүлүгү менен шаар башчысы тааныш экенин айтып, берилген суроолорго тишелүү мекеме жетекчилери жооп берип, айрым маселелерди чечүү үчүн убакыт керек экенин билдирди.

«Негизи, Нарын шаарындагы эң колдоого муктаж ушул Батыш чөлкөмү. Бул аймакка көп көңүл буруп, инвестиция тартып, социалдык-экономикалык көптөгөн маселерди чечишибиз керек»-деди, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий