Н.МОЛДОКАДЫРОВ: НАРЫН ШААРЫНДА КЫЗДАР ФУТБОЛУ ӨНҮГҮП КЕЛЕ ЖАТАТ

Н.МОЛДОКАДЫРОВ: НАРЫН ШААРЫНДА КЫЗДАР ФУТБОЛУ ӨНҮГҮП КЕЛЕ ЖАТАТ

«Нарын шаарында соңку жылдары кыздар футболу жакшы өнүгүп келе жатат»-деген оюн шаар башчысы Нурбек Молдокадыров, бүгүн, 4-мартта 7-март бүткүл Азия боюнча кыздар футбол күнүнө карата уюштурулган футболдук фестивалда айтты.

Мындай иш-чараны Кыргыз футболдук союзу, Нарын облусунун футбол ассоциациясы жана Нарын шаарынын балдар өспүрүмдөрүнүн спорттук мектеби уюштурган.

Ага шаарыбыздагы сегиз мектептен тогуз жаштан он төрт жашка чейинки окуучу кыздар катышты.

Жалпы 150 кыз уюштуруучулар тарабынан берилген тапшырмаларды жана футболдук көнүгүүлөрдү аткарышты.

Бул футболдук фестивалга Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, кыздар футбол союзунун менеджери Светлана Кашуба, техникалык бөлүмдүн адиси Улук Айдарбеков, шаардык Кеңештин депутаты Жыргалбек Мамытканов, Нарын медициналык колледжинин директору Төлөгүл Арпачиева, Нарын жылуулукберүүишканасынын башчысы Улан Алиев жана Нарын шаарынын спорт мектебинини директору Эльзар Мусаев катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Эске салсак, өткөрүлгөн иш-чаранын негизги максаты кыздар футболуна кызыккан кыздарды тартуу жана алардын арасынан шыктууларын тандап алуу болгон.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий