ООГАНСТАНДА КУРМАН БОЛГОН ЖООКЕРЛЕРДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛЫП…

Бүгүн, 8-февралда Нарын шаарында советтик жоокерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына жана интернационалисттик милдетин аткарып жатып баатырларча курман болгон жоокерлердин жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш старт алды.

Мелдеш Ооган ардагерлер кеӊеши жана Нарын шаардык спорт комитети тарабынан уюштурулуп, Нарын облусунун бардык райондорунан айыл ɵкмɵттɵрүнɵн жана мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен түзүлгɵн 19 курама команда катышууда.

Иш чаранын ачылышында Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова, облустук Ооган ардагерлер коомунун тɵрагасы Таалайбек Жээнчороев жана башка мекеме жетекчилери Ооган согушуна тарыхый баа берип, курман болгон жоокерлерди эскеришти. Ошондой эле мелдештин катышуучуларына ийгилик каалашты.

Спорттук мелдеш үч күнгɵ созулуп, жеӊүүчүлɵргɵ кубок, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылмакчы.

Байгелер үчүн жергиликтүү бюджеттен 22 миӊ сом бɵлүнүп, мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн резервдик фондунан 10 миӊ сом берилген.

Добавить комментарий