Ооган коогалаӊында курман болгондордун жаркын элесине арналып…

Бүгүн Нарын шаарында Ооган коогалаӊында курман болгон жоокерлердин жаркын элесине арналып волейбол боюнча ачык мелдеш старт алды.

Белгилей кетсек, мындай спорттук иш чара Нарын шаардык спорт жана дене тарбия бɵлүмү менен Ооган согушунун ардагерлеринин коомдук уюму тарабынан жыйырма жылдан бери салт катары уюштурулуп келет.

Нарын шаарындагы №8-Арстанбек Буйлаш уулу жана №5-К. Жакыпов атындагы орто мектептерде ɵткɵрүлүп жаткан волейбол боюнча 3 күндүк ачык мелдешке Нарын облусунун аймактарынан 22 команда катышууда. Командалардын курамын айыл ɵкмɵттɵрүнүн жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери түзɵт.

Иш чаранын ачылыш аземинде Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова,  Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн  Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнүн коопсуздук бɵлүмүнүн башчысы Султан Мамаев, облустук Ооган согушунун ардагерлеринин коомдук уюмунун тɵрагасы Таалай Жээнчороев жана башкалар 10 жылга созулган Ооган согушунун максатсыз болгондугун жана ага биздин жүздɵгɵн мекенчил эр-азаматтарыбыз катышып, кан-жанын, ден соолугун беришкенин айтып, курман болгон жоокерлердин жаркын элеси эч качан унутулбай тургандыгына токтолушту. Ошондой эле Ооган ардагерлери азыр да ɵлкɵбүздүн социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнɵ татыктуу салым кошуп жатышканын сыймыктануу менен белгилеп, аларга жакшы тилектерди жолдошту.

Ооган согушунда курман болгондор жоокерлерге куран окулуп, андан соӊ мелдештин алгачкы оюну старт алды.

Бүгүнкү күндɵ Нарын шаарында Ооган согушунун 41 ардагери бар. 

Нарын шаардык спорт жана дене тарбия бɵлүмүнүн башкы адиси Тɵлɵгɵн Жумаевдин айтымында, мелдештин байге фондуна жергиликтүү бюджеттен 20 миӊ, Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнɵн 10 миӊ сом бɵлүнүп берилген. Ошондой эле катышкан командалар (ар бири миӊ сомдон) 22 миӊ сом үлүш кошкон. Мындан сырткары Нарын облустук Ооган согушунун ардагерлеринин коомдук уюму тарабынан да мыкты оюнчуларга сыйлыктар берилмекчи.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.

 

 

 

 

 

Добавить комментарий