ООГАН СОГУШУНДА КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ.

Бүгүн Нарын шаарындагы Ж. Акималиев атындагы Жеӊиш паркында Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 29 жылдыгына арналган эскерүү митинги ɵткɵрүлдү.

Иш чарада салтка айлангандай Ооган жергесинде курман болгондордун эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, алардын арбагына таазим этилип куран окулду.

Эскерүү митингин ачкан Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров согушта курман болгон Алмаз Шамыкеев, Мурат Ибраев сыяктуу агаларыбыздын жаркын элеси эч качан унутулбай тургандыгын, ал  эми ошол согушта интернационалисттик милдетин ɵтɵп келген ардагерлерибиз учурда коомдун социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнɵ татыктуу салым кошуп, мекенчилдиктин жана каармандыктын үлгүсүн кɵрсɵтүп жатышкандыгын баса белгиледи.

Иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов бул күн бир чети кайгылуу болсо, бир чети кубанычтуу экендигин, себеби Ооган согушуна Нарын облусунан 194 эр-азамат кетип, алардын 14ү күлгүндɵй курагында ɵмүрүнɵн айрылганын,  ал эми кубанычтуусу аман-эсен кайтып келген ардагерлерибиз арабызда жашап, иштеп, облусубузга үлүш кошуп келишкенин айтып, аларга бекем ден соолук, узун ɵмүр. бакубат жашоо каалады.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы С. Черикбаев, Ооган ардегери, генерал М. Бекбоев, Ооган согушунун ардагерлер коомунун тɵрагасы Т. Жээнчороев жана башкалар бул согуштун тарыхта катырган кара тагы, Ооган ардагерлеринин коомдогу орду тууралуу сɵз кылышты.

Эскерүү митингинде Ооган ардагерлерине Ардак грамоталар, Ыраазылык каттар, баалуу сыйлыктар ыйгарылды.

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 44 миӊ сом бɵлүнүп берилип, шаардагы Ооган согушунун 41 ардагерине жана курман болгон бир жоокердин үй-бүлɵсүнɵ материалдык колдоо кɵрсɵтүлдү. Мындан сырткары Ооганстанда курман болгондордун жаркын элесине арналган волейбол боюнча ачык мелдештин байге фондуна 20 миӊ сом берилген.

Белгилей кетсек, тарыхта максатсыз согуш катары эсептелген Ооган согушуна 10 жылдын ичинде СССРдин 500 миӊге чукул жоокерлери, дарыгерлери, геологдору, мугалимдери барып, 15 миӊ адам курман болуп, 49 миӊ адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Кыргызстан боюнча 7141 адам согушка тартылып, 249у кайтпай калган. Ал эми чакан шаарыбыздан эле 100гɵ чукул жоокерлер чакырылып, экɵɵ согуш талаасында, тогуз ардагер мекенине келгенден кийин кɵз жумушкан. Учурда Нарын шаарында 41 ардагер жашап, иштеп келишет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.  

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий