ОРТО МЕКТЕПТЕРДЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО САЛТАНАТЫ ӨТҮҮДӨ

Нарын шаарындагы баардык орто мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өтүп жатат.Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев жана Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова #7 М. Сыдыков атындагы орто мектебиндеги бүтүрүү кечесине катышып, мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашып, келечекте мекенге кызмат кылган уул-кыздардан болууга чакырышты.Бүтүрүү кечелеринде 2021-2022- окуу жылын жыйынтыктоо менен алдынкы окуучу, алдынкы мугалимдерге жана ар тараптан колдоо көрсөтүп, окуудагы жетишкендиктери үчүн балдарга шарт түзүп, тыгыз байланышта иш алыа барган ата-энелерге ыраазычылык каттар тапшырылды.Нарын шаары боюнча 454 окуучу 11- 665 окуучу 9-класстарды аякташты.

Добавить комментарий