ПАМИРЛИК ҮЙ-БҮЛѲ ПЕРЗЕНТТҮҮ БОЛДУ.

 

Памирден келип Нарын шаарында жашап жаткан жаш үй-бүлɵ Фазулхак менен Ширин үстүбүздɵгү жылдын 31-июлунда уулдуу болуп, атын Нарынбек коюшкан.

Бала айына жетпей жарык дүйнɵгɵ келгендиктен эне менен баланын ден соолугу облустук оорукананын ара тɵрɵлгɵн балдар бɵлүмүндɵ саламаттыктын сакчыларынын кɵзɵмɵлүндɵ болуп жаткан.

Бүгүн, 24-сентябрда эне, бала ооруканадан үйүнɵ чыгарылды.

Перзенттүү болгон үй-бүлɵнү куттуктаган Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева облус жетекчиси Аманбай Кайыповдун атынан коляска белек кылса, Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова жаш энени гүл менен тосуп алып, шаардык мэриянын атынан баланын кийим-кече, тɵшɵнчүсүн тапшырды.

Жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрү тарабынан баланын сүйүнчү акчасын, жɵлɵкпул сыяктуу социалдык маселелерин убагында чечип берүү жагы кɵзɵмɵлдɵнүүдɵ.

Баланын таятасы Абдубахит мырза жана чоӊ энеси Шарапат айым небересин ак чачып, кубаныч менен тосуп алып, баланын ɵмүрүн сактап калган саламаттыктын сакчыларына жана жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрүнɵ тереӊ ыраазылык билдиришти.

Добавить комментарий