План-тапшырма 103,0 пайызга аткарылды

19-январда, Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгы 2014-жылда аткарган иштери тууралуу жылдык отчетун берди.

Анда 2014-жылга карата бардыгы 128808,6 миӊ сом план-тапшырма берилип, ал 132655,6 миӊ сомго аткарылган же 103,0 пайызды түздү. Мунун ичинен республикалык бюджетке 64483,6 миӊ сом план-тапшырма берилип, 67378,0 миӊ сомго, же 104,5 пайызга аткарылып, жергиликтүү бюджетке 64322,0 миӊ сом план-тапшырма берилип, 65277,6 миӊ сомго, башкача айтканда 101,5 пайызга аткарылганы белгиленип, салыктардын бюджетке түшүүсүнүн ɵсүү темпи 118 пайызды түзгɵнү айтылды.

Мындан сырткары, айыл чарба эмес багытындагы жер салыгынан 1961,1 миӊ сом, короо-жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн 479,6 миӊ сом, ишкердүүлүк кылган жарандардын милдеттүү патенттен 465,0 миӊ сом ɵндүрүлсɵ, ыктыярдуу патент боюнча 6170,0 миӊ сомго план-тапшырма аткарылган.

140106,0 миӊ сом салык карыздары бюджетке ɵндүрүлүп, карыздарын тɵлɵбɵй келген мекеме, ишканалардын жетекчилерине, эсепчилерге 14,0 миӊ сом административдик айып салынды.

Белгилей кетсек, Нарын шаардык салык кызматынын каттоосунда экономикалык ишкердик жүргүзгɵн 944 юридикалык, 4015 физикалык жактар турат. Анын айрымдары салык каттоосунан ɵтпɵгɵнү маалымдалды.

Ошондой эле, «КР Салык кодексине» киргизилген ɵзгɵртүүлɵр жана тоолуктоолор тууралуу маалымат берүү ирээтинде салык тɵлɵɵчүлɵргɵ семинарлар ɵткɵзүлүп, бүгүнкү күнгɵ чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдɵ.

Добавить комментарий